ДЕПУТАТТАР АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫН ЖОЮШКАН ЖОК. ЭЙФОРИЯ БҮТТҮ, БЕТ КАПТАР СЫЙРЫЛЫП ТҮШӨ БАШТАДЫ

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

ДЕПУТАТТАР ТОЙОТА КАМРИНИ ТОГОТПОЙ КАЛЫШТЫ
Шайлоо маалындагы эйфория кетип, турмуштун катаал реалийлерине туш болдук. Кечээ, 25-ноябрда, Жогорку Кеӊеш депутаттык корпус үчүн эӊ маанилүү маселени карады. Депутаттардын артыкчылыктарын жоюу же калтыруу маселесин. Шайлоо алдында эл менен жолугушууларда «депутаттык артыкчылыктарды жоёбуз» деп бардыгы айтышкан. Айрымдары, мисалы, Бабанов менен Ташиев баштаган «Республика-Ата Журт» бул убаданы ураан катары пайдаланган эле. Атүгүл мандат алып ишке киришкен эле күндөрү КСДП, «Ата Мекен», «Республика-Ата Журт» фракциялары депутаттык артыкчылыктардан баш тарта тургандыгын расмий жарыялашкан. Убадалар адаттагыдай эле трибуналарга чөгүп кала берди. Чыныгы реалдуулукка эми келип, бет пардалар сыйрылып күбүлүп түшө баштады. Депутаттар баары түгөл кызматтык унаадан гана баш тартыша алат экен. Калган артыкчылыктардан, айдоочу, күйүүчү май, батир, эки жардамчыдан баш тартууга эрктери жетпеди. Лексус 570, Тойота Ленд Крузерлерде жүрүп көнүп калышкан азаматтарды 2007-жылы чыгарылган кызматтык жупуну Тойота Камрилер канааттандырбады көрүнөт.
Жардамчысыз иштөө маселесине келгенде гана Бабановдун командасы бирдей добуш бере алышты. Бирок 28 добуш жалпы картинаны өзгөртө алган жок.
«Мамлекет бизди кызматтык батир менен камсыз кылсын» деп талап кылгандар 76га жетти. Кызыгы, булардын катарында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, «Өнүгүүнүн» лидери Бакыт Төрөбаев, «Кыргызстандын» лидери Канат Исаев, Бишкектин мурунку башчысы Иса Өмүркулов, спикер Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министрлер Игорь Чудинов, Кубанычбек Жумалиев бар.
Эски Тойота Камрилерден баш тартууга макул болгон депутаттар KG сериясындагы мамлекеттик номурлардан баш тарта алышкан жок. Депутаттык корпус жалпы эл менен
бирдей жол кыймылы боюнча эрежелерди сактоого даяр эмес экен.

«БИЗДИ КАРАЛАГАНДАР ТУУРА КЫЛЫШАТ»
 Төрага Асылбек Жээнбековдун пикири боюнча, элге убада берилсе бериле берсин, бюджетти оптималдаштыруу да зарыл, бирок депутаттарды артыкчылыктардан арылтууга болбойт. «Элдин алдында убада бердик эле деп сүйлөй берүүгө болбойт. Элге берген убада менен Жогорку Кеӊештин ишинин эффективдүүлүгүн сактап калуунун айырмасы чоӊ. Депутат мыйзам чыгарып эле отурбайт, эл өкүлү катары иштейт, мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат. Чыгымдардын баарын кыскартып салсак, депутаттык ишибизди толук аткара албай калабыз, бул бүтүндөй системге зыянын тийгизет»,- деди спикер. Жөнөкөй кеп менен айтканда, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен күйүүчү май берилбей калса, депутат начар иштей баштайт экен. Айылда мектепте мугалим болуп иштеген адам дагы депутат сыяктуу эле маанилүү ишти аркалай турганы, бирок ал мамлекеттен батир, унаасына күйүүчү май талап кылбай эле айына 6000-12 000 сом айлык акыга иштеп жатканын бул күнү жыйындар залында эске алган киши болбоду.
«Бир болдун» лидери Алтынбек Сулайманов «ушундай аракеттерибиз үчүн бизди журналисттер сындап, каралап жатышат. Туура кылышат. Бизге ырас болот» деди.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(28)
30.11.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Элдин алдында убада бердик эле деп сүйлөй берүүгө болбойт. Элге берген убада менен Жогорку Кеӊештин ишинин эффективдүүлүгүн сактап калуунун айырмасы чоӊ"---Ушул созду Жээнбеков агитация учурунда,элдин алдында айтсаныз болмок.Бет деген отоооо калын экен.
01.12.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
yrchy_jigit,Бет деген жок эле экен,уят дегенди билбеген сезбеген бетон болуп калган го...
30.11.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тим эле тайота камрини тоготпой Лексус 570те жургусу келет экенда буларды. Ошон учун мамлекетин казынасы 570 обемдой болоп чыгып баратат. Охх 570 болсо
besh-sary түзөттү 2015-11-30 10:07:37
30.11.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жогорку Кеӊештин ишинин эффективдүүлүгүн сактап калуу учун анда ар биринерге бирден вертолет,торт жан сакчы,беш машина,ар биринерге ондон кресло бериш керек.Чын,а-то курсактагы салмакты любой кресло которо албайт...100%!!!
30.11.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
андай болчу болсо, депутаттардын санын кыскартыш керек, кескин түрдө, токтоосуз
30.11.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жепжутарлар, мынча бетиңер жок! Силерди айтканга сөз деле калбады эшекминерлер. Жегениңер тешип чыксын. Баарыңарды ак үйгө киргизип, креслоңорго жабыштырып туруп жардырып жибериш керек. Сүйүктүү креслоңорду кучактаган боюнча кете бересиңер!!!
30.11.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тимеле тайота камрини тоготпой бир күн зар болсоңор экен ошого да
30.11.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баарынын элге берген убаданар эсинерден чыга баштаганго. Озунор айтмакчы балдарынардын каргышы урса экен. Элдин каргышынан корксонор боло.
30.11.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тайота камрини анда мага бергилечи аттай иштеп берейин
30.11.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шайлоо болгонго чейин не болдунар эле урушуп СДПК ны шайлайм Ата Мекенди шайлайм деп мына эми шайлаган депуттатарынар
30.11.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мен айткам ошон учун баарына каршымын деп добуш берели деп
30.11.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага нива берсе болот эле иштеп берем
30.11.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ozunor shailagansynar, emi naalybai ele koigula.
30.11.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу кыргыздар: Коом кандай болсо бийлик ошондой болот. Акчага сатылган жакшы созго заматта алданган Беш жыл жеп ичип алдап бир кун жакшы суйлосо ишенип кетесинер ЭЛ КАРАНГЫ.
30.11.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне эле ызылдап атасынар??? Убагында бул депутаттар ар биринерден добуштарды сатып алган. Озунор макул болуп саткансынар. Акчанарды алгансынар. Эми дагы эмне керек ???
Ошол добушунарды сатып жатканда ойлонуш керек болчу. Бир нерсеге жетиш учун башка нерсени курмандыкка салыш керек. Эгер онугуу бизге керек болсо, анда ошол 2,000-3,000 сомдун козун карабастан, ар бирибиз тике туруп, кайрат менен болунбостон аракет кылсак, созсуз алдыга жылуу болот.
30.11.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
babanov suuupppeeeerrrrr!
30.11.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Республика-Ата Журт айткан убадасына турду!Азаматтар!Ушул жолдон тайбагыла!
30.11.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен СДПК га добуш бергем.ХХХ! Бабанов- эркек!!!Азамат экен.Жок дегенде бирөө орундатты айтканын.28 депутатка- Даңк!!!Жанар Акаев кукла боло баштаган окшойт,уят!Мандатыңды бер да,Азаттыгыңа кет эми.Ушу биздин саясат качан ХХХ ХХХ арылат?
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-01 12:43:16
01.12.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ggvatua, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
30.11.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов эрркек!!!СДПК дан дын дун дин?
01.12.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай болоорун билгем,ошон учун шайлоо деген ге барбаганыма коп жыл Болду!!!жаштар баратабыз эми кыйратабыз дешип атат эле,акча коздорун жаптыбы,азаттык та отуруп алып тим эле сындагандарычы мурун.Дееги кимди шайлайсынар эми...адам калдыбы созго турган..
01.12.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанар Акаевге уят, Эмнеге эдин болгондо да карапайым элдин тумон туйшугун угуп билип журуп, элди ойлобогон партия менен бийлик учун анын камчысын чаап, жаманын жаап журот, Эгерде элди ойлосо таза партиялар менен барса да болот эле , азыркыда отпосо кийинкиде отмок, чыныгы элдик болуш учун сабыр кылып арам коррупцияга аралашпагандар менен барыш керек эле, Жанардын оз позициясынан тайып каларына козум жетип турат
01.12.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов ЭРКЕК!
01.12.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба...
01.12.2015. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлашы шайлап алып эми артынан мынча наалыйсынар,башында ойлонуш керек болчу,же булардын мындай убадаларын биринчи жолу уктунар беле?
02.12.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге бир жакадан баш бир женден кол чыгарып Кыргызстан учун Кыргызстанды онуктуруу учун оз салымын кошуп иштеп беришпейт эмнеге муну ойлонушпайт.эркекпи созундо туруш керек да буларга юбка эле жарашат озу.элди да кыйнап жиберишти бул акмактар.булар бар экен Кыргызстан эч качан онукпойт.
02.12.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Креслолоруна отураары менен убадаларын унутканын. булардын бети кызарып да койбойт экен
03.12.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар эми мамлекеттин эсебинен токол алышыбыз керек дебесе эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо