Нурсеит Апсаматов, «Аталар керээзи» тасмасында Тимурдун ролун жараткан: «ИЗАБЕЛДИ КИНОДО ЭМЕС, ЖАШООДО ДА СҮЙҮП КАЛГАМ»

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

«Аталар керээзи» тасмасын көргөн көрүүчүнүн эсинде кичинекей Тимур кантип калбасын? Анын тасмада Изабелге гүл берип, башкалардан кызганып сүйгөнү жылмаюу тартуулайт. Балакай азыр зыӊкыйган жигит болуп, борбордогу окуу жайлардын биринде окуйт. Ал аталган тасмага кандайча тартылып калгандыгы тууралуу айтып берди.

Толук аты жөнү – Нурсеит Апсаматов
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 2-апрель
Туулган жери – Аксы районунун Кербен шаары
Билими – КЭУнун финансы-кредит факультетинин студенти
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Нурсеит, «Аталар керээзи» тасмасына кандайча тартылып калдыӊ эле?
– Мен ал учурда Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районундагы №2-мектепте 2-класста окучумун. Кино тартып жаткан топ мектепке келип биздин класстагы балдарды күлдүрүп, ырдатып көрүштү. Мага «ыйла» дегенинен калп болсо да ыйламыш болуп койдум. Эртеси күнү «Кыргызфильмге келгиле» дешти. Барсак, сынакка мен курактуу 250 бала келиптир. Ал жерден дагы режиссёрлордун берген тапшырмасын аткарып бердим. Эки күндөн кийин апама телефон чалып, мени тартышарын айтышкан.
– 8 жашта болсоӊ, режиссёрду бир топ эле кыйнасаӊ керек?
– Жаӊы тартылып баштаганда камерадан аябай сүрдөгөм. Көзүм жумулуп кетсе, чоӊураак ачылса дагы кайра тартышып бир кадрга 17-18 дубль менен түшкөм. Тасмадагы баш каарман Изабелдин (Наташа Ренье) балтаны тартып кулап түшкөн жеринде күлө албай койгом. Тартуучу топтогулар күлкүлүү окуяларды айтышат, же менин күлгөнүм окшошпойт. Акыры актёрлордун бирөө жатып алып таманымдан кытыгылап күлдүрүп, камерага белимден өйдө тартышкан.
Дагы бир жолу Нурбек байке (Нурбек Эген) орусчалап «боком встань» десе, бокту кара деп түшүнүп тооккананын жанындагы кыкты карап тура бериптирмин. Мындай кылыктарым менен тасма тарткан топту көп жолу күлдүрдүм.
– Ыйлаган эпизоддорду кантип тартышкан? Көзүӊө пияз сүйкөшүппү?
– Тасма тартылып бүткөнчө апам мени карап жүрдү. Көлгө түшкөндү аябай жакшы көрчүмүн да. Менин ыйлашыма апамдын, режиссёрдун «көлгө түшпөйсүӊ, сени калтырып коёбуз» деген сөздөрү себеп болчу. Бул сөздөрдү уккандан кийин көзүмдөн жаш агып, тартылып бүткөндөн кийин дагы токтоно албай 2 сааттай өксүп отурчумун. Бир ирет адаттагыдай токтоно албай ыйлап отурсам, Болот Тентимишов «ыйлаба» деп бир кесим коон бергени эсимде. Мен актёрлордун ичинен Бопуш байкеге (Марат Жанталиев) аябай жакын болчумун. Ал тамашалуу сөздөрдү айтып күлдүрүп, такыр зериктирчү эмес. Дайыма ичинде 100 грамм угут бардай жүрчү (күлүп).
– Тимурдун дарыканага келип «аптекарь, там человек умирает» деп айткан сөзү көпчүлүктүн эсинде калган. Ушул эпизодго да токтолсоӊ...
– Анда орус тилин жакшы билчү эмесмин. Бул сөздү жатташ үчүн канча күн убара болгом. Дарыканага кирип презерватив сурап, Изабелге берген жерим бар го. Мен анда ал нерсе эмне экенин билчү эмесмин. Азыр ошол жерин көргөндө аябай уялам.
– Кино элге көрсөтүлгөндөн кийин мектепте, көчөдө сени Тимур деп таанып калыштыбы?
– Мектепте, коомдук унаага түшкөндө, көчөдөн көргөндөр «Тимурсуӊбу?» деп сурай беришчү. Бирок автограф берип, кыздардын сүйүктүүсүнө айланган деле жокмун (күлүп).
– Азыр фильмди көргөндө эмнелер эсиӊе түшөт?
–Франциялык актриса Наташа Ренье, анын кызы, атактуу актёрлор менен бир пансионатта үч ай жашаган күндөр эске түшөт. Изабелди кинодо гана сүйүп, кызганбастан, балалык баёо сезим менен чыныгы жашоодо да жактырып калгам. Ошол окуяларды эстеп жылмайып калам.
– Канча гонорар алгансыӊ?
– 1000 доллар алгам. Ата-энем велосипед сатып берип, калганын үй-бүлөбүздүн керегине жумшашкан.
– Кийин тасмага тартыл деген сунуш түшкөн жокпу?
– Бир-эки тасманын сынагына барсам, «бизге ошол кездеги Тимур керек болчу, азыр чоӊоюп калыптырсыӊ» деп албай коюшкан.
– Демек, азыр деле тасмага тартылгыӊ келет турбайбы?
– Эгер сунуш түшсө, чын дилимден барып тартылмакмын.

«Тасманын режиссёру Нурбек Эген тартуу иши башталарда баарын жакшы сөз менен түшүндүрчү».

«Изабелге тойдо гүл берген эпизод түнкү саат 3тө тартылган».

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(30)
30.11.2015. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фильм не о чем.
30.11.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Нурбек Эген жалан презерватив, пустой дом тартып эргуу алат окшойт
30.11.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
muun-kyrgyz,жайладын го))).
02.12.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aikol87,ваха ха ха олтуросун го
30.11.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
muun-kyrgyz, сиз биринчи фильмди кордунуз беле? Аталар керээзи маанилуу сонун фильм, тушунгон киши ге
09.12.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arzu.kg,чын айтасың, жакында Чынгыз Айтматовдун "Жамийласы" боюнча тартылган кинону талкууга албадыбы Супердин окуучулары. Ошолордун ичинен Жамийланы "бузулган аял" дегендер да чыкпадыбы. Биздин элибизден чыгарманын маанисин түшүнбөй, болбогон нерсени илип алып, ошщону сындай бергендер чыкканы өкүндүрөт. Орустар айткандай "каждый судит по мере своей испорченности" дегени чын окшойт
30.11.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
muun-kyrgyz,жардынго
06.12.2015. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muun-kyrgyz,)))))))))
30.11.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikol87 а сен жыргап алдын го анын созуно
30.11.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elin,жыргабай ыйлаш керек беле
30.11.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буткон ишке сынчы коп. Негизи азыркы проблемаларды козгогон жакшы кинолор.
30.11.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоон бала болгон го,ийгилик.
30.11.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыркы тартылып жаткан кинолорго караганда Нурбек Эген тарткан кинолор бир топ ойдо турат деп эсептейм, чыныгы турмуштан алынган маанилуу кинолорду тартат
06.12.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EAmirbek,Бирок мааниси жок
30.11.2015. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
lapochka go...)
30.11.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1000$ алса кучтуу эле акча алган экен да
01.12.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино коргон сайын коргун келет
01.12.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал убакта $ арзан болчу да
01.12.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тажабай кором да бул кинону.жакшы аткарышкан актерлор.
03.12.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурсеит чоон бала болуп калыптыр го
03.12.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагып калдын..в оках сидишь?
03.12.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр деле кеч эмес "Аталар Керези 2 деп тартса болот. Нурсеит да чонойуп калыптыр.
03.12.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда бир эле норм кино ушул.
03.12.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Режиссер мыкты. Тарткан филмдери деле жашоодон алынып жатпайбы. Азамат.
03.12.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы убакта жердештеримди коп корчу болдум)))
Азамат, кызыктуу маек болуптур :)
03.12.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы тартылган
04.12.2015. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туп мааниси тайыз,чала сабат фильм.
04.12.2015. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы эле кино го мага жаккан
04.12.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр тартылып жаткан чала кыргызча,жарымы орусча, кайсар кыздарды корсоткон мааниси жок тасмаларга карганда "Аталар керээзи" мин эсе маанилуу,кызыктуу жана сапаты жагынан да ашат.Накта профессионал актерлор тартылган. Ал эми "Пустой дом" тасмасы бул чыныгы азыркы жашоонун койгойу корсотулгон. Нурбек Эген негизи мыкты режиссер. Азыркы жаны фильмдердин кобундо эле артисттерди тандоо жагы "ноль". Тажырыйбасы жок ырчылардын рольдо ойногонун коруп кыжырын кайнайт."Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун"
04.12.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10,создорунузго кошулам арабызда пустой дом болуп жургондор канча.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо