АБАЙЛА! ГАДЖЕТТЕР ООРУ ЧАКЫРАТ

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж

Учурда чоӊдорду эле эмес, жаш балдарды да гаджетсиз элестетүү кыйын. Балдардын электрондук техникаларга, гаджеттерге тартылуусун психологдор «ичкиликке жана баӊгизатка берилүүгө барабар» дешет. Мындай илдеттен баланы кантип алыстатууга болот? Психологдордун кеӊешине кулак салалы.

ГАДЖЕТТЕРДИН ОӉ ЖАНА ТЕРС ЖАКТАРЫ

 Аӊ-сезиминин, дүйнө таанымынын өсүүсүнө жардамы тиет. Анткени техниканын өнүккөн заманында балдар үчүн атайын оюндар иштелип чыккан. Алар аркылуу таанып-билүү, көрүп эстеп калуу, тапкычтык жөндөмү өсөт.
Ар кандай үйрөтүүчү программалар аркылуу сүрөт тартканды, санаганды, жазганды үйрөнүшөт.
Өз алдынчалыкка, керектүү нерсесин өзү издеп таап окууга үйрөнөт. Мисалы, спорттук көнүгүүлөрдү көрүп өзү жасайт. Жактырган музыкасын угат, мультфильм көрөт.
Ар кандай оюндарды ойноп убактысын көӊүлдүү өткөрөт.
Бала алыска кетпей, белгилүү бир жерде отурат. Кайда жүрдү экен деп издеп убара тартпайсыз.

 Эӊ эле коркунучтуусу – бул электромагниттик нурлануу. Гаджеттерди көпкө колдонууда электромагниттик нурлануу өз зыянын тийгизбей койбойт. Европа кеӊешинин парламенттик ассамблеясынын отчётунда мындай нурлануу мээнин шишигин, рак оорусун жаратары жазылган.
Экран алдында көпкө отурган бала көздүн кургап кетүү синдромуна кабылышы толук мүмкүн. Кечке бир нерсени тиктеп тирмийип отуруудан көздүн кареги кургай баштайт да, кычышууну жаратат. Көзүн кир колу менен ушалаган бала конъюнктивит (көз оорусу) оорусуна кабылары турган кеп. Бала экранга өтө жакын отургандыктан көздүн булчуӊдарына күч келип, кийин алыс аралыктан көрүү сезиминен айрылат.
Гаджеттерде көпкө отуруу иммунитетти төмөндөтөт. Ошондой эле кыймыл-аракет дээрлик аз болгондуктан дене түзүлүштүн өсүшүнө өз кедергисин тийгизбей койбойт. Мисалы, омуртка кыйшык өсүшү мүмкүн. Көпкө отуруу өзгөчө жаш балдар үчүн кооптуу. Анткени алардын сөөктөрү өсүү стадиясында болот.
Мээ менен колдун координациясы жоголот. Мисалы, кийин топту түз ыргыта албай калышы мүмкүн.
Кечке башты ылдый салып отуруудан экинчи ээк пайда болуп, бети салаӊдайт.
Баш ооруну жаратат. Анткени кечке башты салаӊдатып үӊүлүп отурууда желкенин булчуӊдарына күч келет. Мындан улам кан айлануу процесси жайлап, мээге кычкылтектин жетиши жайлайт.
Планшет, смартфондордо кечке оюн ойногон балада жандуу пикир алышуу жок болгондуктан сөз байлыгы өспөйт.

КАНЧА УБАКЫТ ЖЕТИШТҮҮ?

• 4-5 жаш – 15 мүнөт
• 6 жаш – 20 мүнөт
• 7-9 жаш – 30 мүнөт
• 10-12 жаш – 40 мүнөт
• 13-14 жаш – 50 мүнөттөн
(Күнүнө 3-4 жолу)
Эгер бул көрсөтүлгөн убакыттан көпкө отурууга туура келсе, анда ортосунда 10 мүнөт тыныгуу жасоо керек. Чоӊ киши да 1 сааттан ашык отурбашы шарт.

КАНТИП АЛЫСТАТУУ КЕРЕК?
Үлгү болуӊуз!
Бала тарбияны ата-энеден, улуулардан алат. Андыктан биринчи кезекте өзүӊүз балага үлгү болуӊуз. Балаӊызга айтчу, үйрөтчү кеп-кеӊештериӊизди, эрежелерди анализдеп чыгып, аларды өзүӊүз да сактаганга аракет жасаӊыз.


Урушпаӊыз!
Компьютер, планшет, смартфон сыяктуу нерселерди колдонуу убактысына сөзсүз чектөө коюӊуз. «Сага колдонууга болбойт!» деп колунан дароо жулуп алганыӊыз, биротоло тыюу салганыӊыз туура эмес. Мындай кадам балада агрессивдүүлүктү, кемсинтүүнү жаратат. Андан көрө акырын түшүндүрүү иштерин баштаӊыз.


Дос болуӊуз!
Видео оюндарды чогуу ойноӊуз. Ойноп жаткан учурда «сен шамдагай, тапкыч турбайсыӊбы...» деп кубаттап туруӊуз. Бала реалдуу жашоодо да ошондой болууга аракеттенет. Пикир алышуу менен ортодогу мамиле чыӊалат.


Көз салыӊыз!
Балаӊыз кандай жанрдагы оюн ойноодо, кандай музыка угуп жатат баарына көз салып, текшерип туруӊуз.


Эске алыӊыз!
Монитор менен көздүн ортосундагы аралык 60-70 сантиметр болушун эске алыӊыз. Ойноп жаткан учурда гаджеттер электр тогуна сайылбашын эске түйүӊүз. Мындан сырткары бөлмөгө жарык жакшы тийиши зарыл. Жарык экранга жана баланын көзүнө түз тийбеши шарт.


Талкуулаӊыз!
Балаӊыз кайсы бир иш-чарадан же майрамдан келгенде «кандай өттү?» деп сурарыӊыз турган кеп. Ошондой эле ар бир сеанстан кийин кандай оюн же программа экенин сурап, чогуу талкуулаӊыздар. Бул баланын өз оюн билдирүүгө үйрөтөт.


Алаксытыӊыз!
Алаксытуу үчүн аны кызыктыра турган пайдалуу нерселерди ойлоп табыӊыз. Чогуу топ ойноӊуз, сүрөт тартып, пластилинден жаныбарлардын сөлөкөтүн жасаӊыз, таза абада сейилдеп келиӊиз.


Кеӊеш алыӊыз!

Эгер сиздин аракетиӊизден майнап чыкпаса, кеч боло электе психотерапевт, психологдорго кайрылыӊыз. Гаджеттерге өтө берилүүнүн арты жакшылыкка алып барбашы турган кеп. Анткени адистер гаджетоманияны ичкиликке жана баӊгизатына берилүүгө барабар деп эскертип келишет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(21)
07.12.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы маалымат экен
07.12.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Rahmaat!
07.12.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ооба супер инфо силерге чоон рахмат менин кызым 1жаш 10айлык планшеттен башы которулбойт маша и медведь корот.
07.12.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кеңештерди акырындан колдоно баштадык. Буюрса ишке ашууда
07.12.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Super maalymattar!!! Avtor molodez!!!
07.12.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты кенештер. Коп берип тургулачы ушундай маанилуу жана пайдалуу кенештерден. Рахмаат
08.12.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кенеш менин балам такыр ансыз турбайт эки жарым жашта билбейм эмне кылам
08.12.2015. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер рахмат. Мен коптон берки суроомо жооп алдым, анткени менин кызым сегиз айлыгында планшет корчу. Азыр эки жашта. Планшеттин программаларын оздоштуруп алган. менин жардамымсыз эле озу каалаган мультиктерди койуп алат. Сиздердин маалыматка таянып планшеттен алыстатууга аракет кылам..
08.12.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
келечектин балдары зомби болуп кала турган болду го
09.12.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
балдарыга уйротпоо ойнотпоо учун озунуздор кирпич телефондон которунуздор. ))
09.12.2015. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жонокой телефон которсо жакшы болмок. мисалы кирпич болсо балдар ойнобойтко аны
09.12.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызым 3жашта ноутбукту ощу иштетип, интернете кирип мультфильмдерден озу табат бузулуп калды болду эртен кор десе телефонумду алат дагы по жактан да таап алат алаксытып оюнчуктарлы сатып берсек да такыр унутпайт эмне кылышты билбейбиз интернетом очуруш керек окшойт бирок антсен дисктерди которую келет
09.12.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ кечирип коюнуздар коп ката кетиргендигим учун колумда кичинекей балам бар
09.12.2015. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
озу алты жаштан кийин эле телефон карматкан жакшы
09.12.2015. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Монитор менен көздүн aрaлыгынaн бaшкaсын бүт бaaрын дaйым aткaрaм,түзүк эле aкылдуу экенмин :-P
09.12.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен бул нерселерди иниме колдончумун.Уйдо вай фай компту очуруп койсон, кимибиздин телефонубуз туш келсе ала калып интернетке кирипле озуно керектуусун коро калчу.Бала бакчадан келди компко жабышат.Тамак ичпейт алаксып.Коп ооруп калуучу болду.Эшике чыгып балдар менен ойно десен дагы конбой калган.Акыры ойлонуп алаксытуунун турдуу жолдорун издеп баштагам.Пластилин,гуаш,мозаика,монополия,шашки,тогуз коргоол,татаал кураштырылуучу детальдары бар оюнчуктар мага жардамга келген.Кундо ар кыл оюн ойнойбуз зеригип кетпесин деп.Ашканага киргенимде дагы мага жардамдаш деп блинчик жасасам жумуртка , кумшекерин иниме коштурчумун.Жыйынтыгы 2 айда билинген.Азыр иним мектепке барат интернет колдонуусу чектелген 30 мунот гана убакыт берилет.Озу дагы кичинекей болгонуна карабай жоопкерчиликти сезет.
10.12.2015. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayildik_kiz,molodez!!!
09.12.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн сонун маалымат экен. Менин балам телефон менен кошо туулгандай эле колдонот. Рахмат кенешинерге!
09.12.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы маалымат.рахмат.зыян экенин билебиз .Ьирок озум атасы баш болуп бул ноутбуктан кутула албайбыз.Туура кумар болуп калат экен.
10.12.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул нерсе менен чон адамдар деле ооруп журотко
11.12.2015. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени ойлондуруп койду... Мен да Өтө көп олтурам интернетте.. Демек 10 мүнөт тыныгуу жасаш керек экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо