Атамбаев: «2100-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МӨӉГҮЛӨРҮ ЖЕР КАРТАСЫНАН ТАПТАКЫР ЖОГОЛУП КЕТИШИ ЫКТЫМАЛ»

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж

Президент Алмазбек Атамбаев 30-ноябрь-1-декабрь күндөрү Францияда иш сапары менен болуп, климаттын өзгөрүшү боюнча БУУ өткөргөн конференцияга катышты.
Мамлекет башчы өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга да терс таасирин тийгизип жатканына токтолду: «Климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери биздин өлкөбүздү дагы кыйгап өткөн жок. Борбор Азияда таза суунун калыптанышынын аймагы болуп эсептелген мөӊгүлөрдүн тез эрип баратканы өзгөчө тынчсыздандырууда. Божомолдор боюнча, 2025-жылы Кыргызстандагы мөӊгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40 пайызга кыскарышы ыктымал. Анын натыйжасында Борбордук Азиянын дарыяларында суу 25-30 пайызга азайышы мүмкүн. 2100-жылы Кыргызстандын мөӊгүлөрү Жер картасынан таптакыр жоголуп кетиши ыктымал. Ошондуктан биздин өлкөбүз климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларына киргизүү боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатат».
Президент гидроэнергетиканы өнүктүрүү туруктуу өнүгүүнүн жана дүйнөдө экологиялык жактан зыяндуу өнөр жай чыгындыларын олуттуу кыскартуунун маанилүү багыты болуп саналарына ишенерин айтты.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
09.12.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башканы кыйратып Эми ошол калды эле
14.12.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ssinz7, сайт кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо