
2-декабрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коргоо министрлигинде бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схеманы аныктап чыкканын билдирди. Бул иштерден улам аталган министрликтин мурунку жетекчилери
Таалайбек Өмүралиев менен
Абибилла Кудайбердиевге «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу», «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же орунсуз жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Эртеси күнү эле 3-декабрда УКМК ошол эле коррупциялык схеманын негизинде жаӊы башка фактылар аныкталып, эсеби боюнча эки экс-министрге үчүнчү кылмыш иши козголгонун маалым кылды. Тергөөдө коррупциялык схеманын негизинде бюджеттен 200 миллион сомдон ашуун каражат мыйзамсыз которулганы ачыкталган.
Эске салсак, буга чейин 12-октябрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Абибилла Кудайбердиевге, 28-ноябрда Аскердик прокуратура Таалайбек Өмүралиевге карата кылмыш иши козголгонун билдирген болчу. Таалайбек Өмүралиев Коргоо министрлигин 2011-2014-жылдары, Абибилла Кудайбердиев 2014-2015-жылдары башкарып турган.
Эльвира Караева
politika@super.kg