БИР БҮРКҮМ

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж

  •   2016-жылдын январынан тарта мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине батир үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө сом менен ИПОТЕКАЛЫК насыя берүүнү баштайт. Насыяга берилчү батирдин 1 чарчы метринин баасы 37 500 сомдон ашпашы керек.
  •   2015-жылдын 11 айында 46 537 түгөй баш кошуп, нике күбөлүгүн алышса, жыл башынан бери 7881 түгөй АЖЫРАШКАНЫ белгилүү болду.
  •   Бычакталып ооруканага түшкөн дин аалымы КАДЫР МАЛИКОВДУН дарылануусуна президент Алмазбек Атамбаев 50 миӊ сом бөлдү.
  •   Москва шаарынын Даниловск районундагы Люсиновская жана Большая Серпуховская көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан гүлбакка улуу жазуучу ЧЫӊГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымы ыйгарылды.
  •   Акыркы 11 айдын ичинде 31 628 кыргыз жараны АТЫ-ЖӨНҮН ар кандай себептер менен өзгөрткөн. Алардын теӊ жарымы Ош, Жалал-Абад облустарынын тургундары.
  •   2016-жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 260 КҮНӨСКАНА ачыларын премьер Темир Сариев айтты.
  •   Алай районунун акими болуп иштеп келген ТААЛАЙБЕК САРЫБАШЕВ 10-декабрда Ош облусунун башчысы болуп дайындалды. Бул кызматты мурда аркалап келген спикер Асылбек Жээнбековдун бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков кызматынан бошотулду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
14.12.2015. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноскана эмне?
15.12.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temirov76, саламатсызбы!
Күнөскана - теплица:
http://www.super.kg/article/show/31095
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо