
Мамлекет өлкөдөгү унаа номурларын жасоо ишин жеке ишканадан өзүнө алып, жаӊы үлгүдөгү номурларды чыгармакчы болуп жатат. Мамкаттоо кызматынын башчысы
Тайырбек Сарпашевдин айтымында, жаӊы үлгүдөгү номурларда KG же болбосо өкмөттүкү экенин айырмалап туруучу белгилер болбойт. Ал азыркы тагылып жүргөн номурлар унаа башка бирөөгө сатылып кетпесе жарактуу болорун айтат. Ал эми унааны жаӊы сатып алгандар жаӊы номур тагууга милдеттүү. Мындай жаӊычылдыктын оӊ жактары азыртадан эле айтыла баштады. Биринчиден, унаа номурун жасоодон түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке түшөт. Ошондой эле жогорку кызматтагы адамдыкы экенин айырмалоочу белгилери бар номурлардын жөнөкөй номурлардан анчейин айырмалана бербеши жолдо бардык айдоочулар бирдей болушуна шарт түзүлөт деп күтүшкөндөр бар. Албетте, МАИдеги коррупция ушуну менен эле жоюлуп кетпейт. Анткени жолдогу теӊдик кызматтык күбөлүктү көрсөткөнгө чейин гана. Ал эми кемчилик катары жогорку кызматтагылардын кызматтык номурунун башкалардан көп айырмаланбагандыгы анын жумуштук унаасынын кайда жүргөнүн коомчулуктун көзөмөлдөй албай калары көрсөтүлүүдө.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg