№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылында 7-декабрда тажик жана кыргыз жарандарынын ортосунда жаӊжал тутанып басылды. Бул акыркысы эмес экени айдан ачык.
ЧЫР ЭМНЕДЕН ЧЫКТЫ?
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн билдиришкенине караганда, тажик жаранынын унаасына таш ыргытылган. Мындан улам тажик жарандары чогулуп, Көк-Таш айылындагы мектептин терезелерин таш менен талкалап салышкан. Жаӊжал күч органдарынын жардамы менен басылды. Учурда айылда абал туруктуу. Жаӊжалда эки тараптан теӊ эч ким жабыркаган жок. Буга чейин, тактап айтканда, 3-августта ушул эле Көк-Таш айылына жакын жерде кыргыз-тажик жарандары бири-бирин таш бараӊга алышкан. Уруштун келип чыгышына тажик жарандарынын мүрзөгө барчу жолду бууп салышканы себеп болгон эле. Андан соӊ кыргыздар Тажикстандын Чорку айылына барчу сууну бөгөп салышкан. 4-август күнү дагы эки тараптан эл чогулуп, бири-бирин дагы таш бараӊга алышкан. Окуядан улам кыргыз тараптан жалпы 7 адам жабыркаган болчу.
ТУРГУНДАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Биз Көк-Таш айылынын тургуну Разия Өсөрова менен байланыштык. Ал: «Кыргыздар тажик жаранынын унаасына таш ыргытты деген чындыкка туура келбейт. Так далил жок. Унаанын кичине эле «подфарниги» сыныптыр. Жеке менин оюмда, тажик тарап атайлап провокация жасап ушундай иштерге барып жатат. Бул биринчиси эмес. Кылдан кыйкым издешүүдө. Балким, алар ушундай жол менен көк-таштыктарды көчүрүп жибергилери келип жатат. Себеби суунун башы бизбиз. Ош-Лейлек жолунун боюндагы айылбыз»,- деп билдирди.
Дегеле чек ара маселеси Көк-Таш айылынын тургундарынын көкөйүнө көк таштай тийип бүткөнү бышык. Биз менен баарлашкан Разия Өсөрова: «Августтагы чырда тажиктер мага автомат такашкан, ошондон катуу стресс алган экенмин. Дарыланып жатам»,- дейт. Белгилүү болгондой, чек арадагы Көк-Таш айылы тажик айылына абдан жакын. Жарандардын үйлөрү көчөнүн эки бетинде шахмат түрүндө жайгашып, кээ бир жерде тажик жарандары Кыргызстанга, кыргыздар тажик тараптын аймагына кирип калган учурлар бар. Андыктан маселени үйлөрдү, жер тилкелерин башма-баш алмаштыруу менен чечсе болору айтылып, бирок олуттуу жылыш боло элек.ПРЕЗИДЕНТ КООПСУЗДУКТУ КҮЧӨТҮҮ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ
9-декабрь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен жолугушуу өткөрүп, анда өлкөдөгү коопсуздук боюнча азыркы кырдаал тууралуу сүйлөштү. Абдил Сегизбаев улуттук коопсуздукту, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын маалымдады.
Ажо менен УКМК башчысы өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында террористтик жана экстремисттик, ошондой эле алар менен байланышта болгон уюмдардын ишмердигин аныктоо жана тыюу салуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.