ТҮРКИЯ МЕНЕН ВИЗАСЫЗ РЕЖИМДИ ЖОЮУ КЕРЕК ДЕГЕН ЧИНОВНИК ЭЛДИ КЫЖЫРДАНТТЫ

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысынын орун басары Михаил Ким визасыз каттам маселеси боюнча маалымат каражаттарынын бирине жооп берип жатып «кооптуу болуп жаткандыктан Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы визасыз каттамды жок дегенде жарым жылга токтотуу керек» деген ойду айтты. Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамиле чыӊалып турган чакта эгемен Кыргызстандын чиновнигинин минтип айтканы, албетте, коомчулуктун көӊүлүнүн сыртында калган жок. Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Жумабеков министр Алтынбек Максүтовго кайрылып: «Элде ар кандай таасир жараткан билдирүүнү эмнеге айтат? Бизде өкмөт, өкмөт башчы деген барбы?»- деди. Министр Михаил Кимге карата чара көрүлөт деп кутулду.
Эске салсак, Кыргызстан 45 өлкөгө визасыз каттам тартибин киргизген. Жакынкы күндөрдөн бери андай каттамдарды жоюу боюнча Жогорку Кеӊеште сөз болууда. Бирок визасыз режимди жоюуну көздөгөндөр коопсуздук үчүн эмес, виза берүүдөн түшүүчү каражатты кайра калыбына келтирүү үчүн жанталашып жатышат. Бул маселени көтөрүп чыккан эл өкүлү Алмаз Баатырбековдун айтымында, визалык каттамдар күчүндө кезинде консулдук жыйымдардан бюджетке 5 миллион доллар түшүп турган.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
14.12.2015. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эле демилге болчу. Турция ,Сирия тараптан келчу коркунучтарды алдын алуу керек. Ажобуз турктор мн мамилеси жакшы болгон учун,кошоматчыларына бул демилге жакпады окшойт.
14.12.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элге жакты,шефке жакпады.
14.12.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
elge nege jaksyn okene jabyshkandan koro turktor menen mamile kyl oKene koshulup ne paida taptyn krizisten bash chykpai jatatko
14.12.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура суйлоп тууганына жакпады болуптур.
14.12.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура! Азыркы абалды козомолго алып ишке киргизишсе жакшы болмок, мекендештерибиз согушка да катышмак эмес анчалык коп санда...
16.12.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура !!!мен да колдойм бул демилгени !!!Виза жокко чыгарыш керек убактылуу !
19.12.2015. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле колдойм жокко чыгарганды. Бирок Түркия менен Орусия минтип бет карашып турганда.. Бул нерсени колдоо менен Түркиядан мамилебизди үзүлүп алышыбыз ыктымал .Шашылбай коё турганы оңго дейм.бир тараптуу болуу өлкөгө зыян алып келет. Андыктан Кыргызстан азырынча эч бирине комментарий бербегени дурус
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо