АРМЕНИЯ ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУГА БЕТ АЛДЫ

№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж

ЕАЭС өлкөлөрү боюнча Кыргызстанга шериктеш Армения Баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, референдум өткөрдү. 7-декабрда өлкөдө президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүү демилгеси көпчүлүктүн колдоосун топтоду. Референдумдун өтүшүнө, Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө армян оппозициясы каршы чыкты. Алар мындай жол менен президент Серж Саргсян 2018-жылы мөөнөтү бүтө турган президенттик бийлигин премьер катарында уланткысы келип жатат деп сындоодо. Эске салсак, Ереванда 1-декабрдан тарта президенттин кызматтан кетүүсүн, жаӊы шайлоолордун уюштурулушун талап кылган митинг уланып жатат.
Армениянын жаӊы Баш мыйзамына ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыскарып, анын башкаруу мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга узарат. Бийликте негизги укуктарга премьер-министр жана парламент ээ болот. Ошондой эле президентти парламент шайлайт.
Кыргызстан 2010-жылы парламенттик-президенттик башкарууга өткөн. Быйыл парламенттин 6-чакырылышы ишин баштаарда депутаттарга кайрылган Алмазбек Атамбаев да президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, өкмөт башчынын бийлигин күчөтүүнү сунуштаган. Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы бүтөт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
15.12.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амалын курсун, бийликке тойбогон адам экенсин да ПРЕЗИДЕНТ мырза десе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо