УЧАСЫӉБЫ? 15 ДОЛЛАР ТӨЛӨЙСҮӉ! ЖЕ МАКСИМ БАКИЕВДИН 60 ТЫЙЫН САЛЫГЫНЫН ЖАӉЫЧА ТҮРҮ

№685 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж

«Манас» аэропорту 2016-жылдын 1-январынан тарта жүргүнчүлөрдөн 15 доллардан аэропорттук жыйым алып баштайт деген маалымат коомчулукту бир силкинтти. Азыркы эсеп менен алганда бул 1140 сомдун тегерегиндеги сумма. Доллардын күн санап көтөрүлүп баратканын эске алсак, анда бул сумма да өзүнчө бир авиабилеттин баасына жетиши мүмкүн. Жарандарына орточо 13 миӊ сом эмгек акы төлөгөн өлкөнүн мындай жаӊыча «салыгы» оӊой акча эмес.


«АЭРОПОРТТУК ЖЫЙЫМ МУРДА ЭЛЕ БАР БОЛЧУ»
Жөн жерден элдин жонунан кайыш тилгиси келип турган «Манас» аэропорту менен байланыштык. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Алия Курбанова: «Аэропорттук жыйым жаӊы баштала турган көрүнүш эмес. 2001-жылы президенттин буйругу менен аэропорттук жыйымдар күчүнө кирген. Башкача айтканда, ошол жылдан тарта эле аэропорттун жүргүнчүлөрүнөн 10 доллардан алынып келген. Ал сумма билеттин баасынын суммасында мурдатан эле болгон. Аэропорттук жыйым ички каттам менен жүргөн жүргүнчүлөрдөн алынбайт. Чет өлкөгө уча тургандардан алынат. Коомчулукта ички каттамдардан да алынат деген ойдон улам түшүнбөстүктөр болууда»,- деп билдирди. Эмнеликтен дагы 5 долларга кымбаттаганын сураганыбызда: «Жыйымдар аэропорттун инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат жана мекеменин карызын жабууга колдонулат»,- деди.

60 ТЫЙЫНДЫ ЭСКЕ САЛГАН 15 ДОЛЛАР
Интернеттеги социалдык тармактарда аэропорттук жыйымды 15 долларга көтөрүү жаӊылыгын Бакиевдердин уюлдук байланышка 60 тыйындан кошкон салыгына окшоштургандар көбөйүүдө. Эсиӊиздерде болсо, 2010-жылдын 1-февралынан тарта ар бир чалуу үчүн 60 тыйындан алына баштаган. Мындай «салыкты» Кыргызстандын уюлдук байланышты колдонгон ар бир жараны эмне үчүн, кимдин же кайсы мекеменин жыртыгын бүтөө үчүн төлөп жатканын ал кезде мамлекеттик мекемелер тийиштүү түшүндүрө албай шайы оогон. Ал эми байланыш операторлору каржылык маселелерден улам ушундай жолго барууга аргасыз экендиктерин айтышкан. Коомчулукка жардамга оппозиция келген. Алар 60 тыйын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин чөнтөгүнө кетип жатканын айтып чыгышкан.

ЧЕТ ЖЕРДЕН УЧУП КЕЛСЕ ДА АКЫ АЛЫНЫШЫ МҮМКҮН
16-декабрь күнү транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев Жогорку Кеӊештин жыйынында чет жакка учуп кетип жаткандардан гана эмес, учуп келгендерден да аэропорттук жыйым алуу каралып жатканын билдирди. Депутат Сайдулла Нышанов: «Өкмөттүн аэропорт аркылуу Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө учуп кетип жаткан ар бир жүргүнчүдөн 15 доллардан акы алуу сунушун колдойм. Чет өлкөдөн кыргыз жерине учуп келип жаткан чет элдик жарандардан да акы алууну киргизип койсо болот. Себеби биз башка мамлекеттерге учуп барганда аэропорттон акы алышат»,- деди.

БАШКА ЖАКТА ДА УЧКАНЫӉ ҮЧҮН АКЧА ТӨЛӨЙСҮӉ
Ошол эле аэропорттун маалымат кызматынын билдиришинче, эл аралык каттамдар боюнча күнүнө «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан чет өлкөлөргө 26нын тегерегинде каттам жасалат. Болжолдуу түрдө 2800 адам күн сайын чет өлкөлөргө учуп кетет. Эгер алардан 10 доллардан алынды деп эсептесек, күнүнө 28 миӊ доллар, айына 840 миӊ доллар, жылына 10 миллион 80 миӊ доллардын тегерегинде аэропорттун капчыгына түшүп турат экен.
Манас аэропортунун басма сөз кызматкери: «Аэропорттук жыйымдарды алуу Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө орун алган. Айрым өлкөлөрдө 50 долларга чейин алынат»,- деп кошумчалады. Маселен ошол эле АКШ, Британия, Германия сындуу алдыӊкы өлкөлөрдө да мындай көрүнүш бар. Аэропорттук жыйым ал жактарда да инфраструктура, кызматкерлердин айлыгы өӊдүү маселелерди чечүү үчүн жумшалат.
Бирок АКШнын аэропортторундагы тейлөө менен биздин «Манас» аэропортунун сервисин дегеле салыштырып болбойт. 2001-жылдан тарта учкандардан жылына
миллиондогон аэропорттук жыйым алынып келатканы менен, «Манастын» олуттуу өзгөрүп кеткени байкалбайт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(118)
22.12.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутаттар тияк быякка учканда эле 1500$дан төлөп койсо ошол акча чыгат элди кыйнабай.
22.12.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен пикетти жаман корчу элем эми жазында минтип жинге тие берсенер озум кошо чыгам.Кытайга виза режимин алып салууга да каршымын.Азыркы депутаттардын таптакыр бети калын го.Озулорунун чонтогуно иштеп
Бийлик кээтерде элдин светине азылат болбогула.!!!!!!!!!Эсинер барда этегинерди жапкыла !!!местонорго коюп коебуз биз kz,uzb. Эмеспиз !!!унутуп калдынарбы мурдагылар эмне болгонун??
22.12.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
15 доллар аз эмеспи? Дагы кичине кошпойсуңарбы.. ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ... Балээ болду го
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-22 16:29:56
22.12.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Abdyrashit.Satylganov, мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
22.12.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дарыя болбой ташкан, колмок болдук.
Дал-далы кеткен жыртык. койнок болдук.
Озоктон орт чыгарган арамзалар.
Опкого бычак сайып олмок болдук!
Ары жок арамзалар заманында
Аттин-ай куурап кыргыз олмок болдук!
(Мигрант жигиттин монологу)
Kg.lady түзөттү 2015-12-22 17:15:04
22.12.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
АША кетиши керек..ордуна катту адам керек Бакиевке окшогон ошондо онолобуз..болбосо эч ушул бийлике келгенден бери арзандаган нерсе болбоду бут эле нерсе кымбаттап басканына'да акча толой баштадык
22.12.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
анан бир депутат же министр чет олкого барып кайта учуп киргенде алардан дагы налог алат бекен
22.12.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
burma92,Алар кызматтык учактар менен учат болушу керек
22.12.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Булардын шиши аябай толду. Кудай сактасын го,"сагызган сактыгынан эмес,суктугунан олот" дегендей болушат бир куну.
22.12.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ххххххх , буга чейин 10$ билетке кошулуп алынып келген болсо, эми билетти 1000 сомго арзан алып калабызбы ?
Карыздарды жапканга жумшалат деп айтканын, ххххххх ушул учурга чейин карызды эмне менен жаап келди. Деги эле эмне үчүн Манас аэропортунун карызын эл төлөш керек ?
22.12.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутат да факт менен сүйлөбөй, ушак айткандай айтты. Кайсы мамлекетте канча $ алынат экенин так жазсын. Мен Алматадан, Москвадан учкам, бирок мындай салыкты төлөгөн эмесмин.
23.12.2015. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
качан мамлекет жарды болуп,Эли бай болгондо Мамлекет элди тоной баштайт. Ошондой эле кыйын экен эл башында турган адамдар мамлекетти элдин эсебинен эмес башка жолдор менен байытканга аракет кылса жакшы болмок. Ушундай инсандар биздин бийлигибизге келет болду бекен? Карап туруп биз алдыга онугууго бет албай эле феодалдык коомго кетип бара жатабызбы деген ойго кабыласын.
23.12.2015. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликте отурган ХХХ бизди акш мн германияга тенебегиле,бизде жумуш жок айлык акы аз,акш германиядагыдай зарплата толоп бергиле берели 15 эмес 20-30 доллардан
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-23 09:46:43
23.12.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аскина, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 3 күн БАН!
23.12.2015. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Темир сариевди ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-23 09:44:56
23.12.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
suiutbekov1989, этика нормаларына, мыйзамга туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 2 күн БАН!
23.12.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
suiutbekov1989, эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
23.12.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элден кантип акча өндүрүштүн бир амалын ойлоп чыгышыптыр. Азаматсыңар, ушунуңардан эч тайбагыла. Аз калыптыр ишиңерден айдалганы, ушинтип элдин кыжырына тийип аласыңар өзүңөр. Кыргыздан албай, башка чет өлкөнүн жарандарынан алгыла да.
23.12.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол акчага Москвадан учуп барып кайра учуп келетго?! Ии эми эмне кылабыз :(( Мелис Мырзакматов призидент болуп калса экен чын журогумдон абдан каалап жатам...
23.12.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элибиздин канынан да жылына 1 литрден алып турсанар!!!!карыздан тезирээк кутулуп калат элек, ошол акчаны кыргыз эли жеген да!!!!, эми байкуш Атамбаев менен Сариев толоп жатышат кыйналып! !!!!!
24.12.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакында бекер дем алып жатасынар,абага да тологуло дешет го эми
24.12.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман свет кымбаттады базарга баары кымбат дооларга ттешеси бары жогу деле. эмне деген заман болотат депутатар мыйзам чыгаргыч атка минерлер эмне кылып жатасынар чотонорду эмес элдин деле капчыгын ойлогулачы кыйнчылыктан чыгуунун айласын тапкыла. эл ишенип шайлады ойлонгула
24.12.2015. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болок мамлекеттер да ушундай салык алат элден деп коюшат. Алардын айлыктары башкача. Ал жонундо негедир эске алышпайт. "Башка" мамлекеттер Россияга санксия кылып жатат деп санксия да киргизип корбойсунорбу?
24.12.2015. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уялбайбы Манас аеропорттун карызын толойбуз дегенден алар жеген акчаны эмне учун карапайым эл толош керек
24.12.2015. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен коптон бери Москвага келип кетип журом аеропортто салык 10 доллар толо деген нерсе болгон эмес
24.12.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын элинен ушул акчаны албай эле коюшса болмок , Ушунча Тадикстан Озбекстандыктар келип биздин Аэропорттон учуп жатышпайбы ошолордон салык алыш керек и туристерден ошол эле жетет)
24.12.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
60 менен 15 долларды салыштыруу туура эмес.
15 долларды тушундуруп эле берип жатышпайбы. Тишил жакка бул жакка(аэропорттун жакшылыгы учун) деп эле.
60 тыйын деген бул сотовый байланыштын ар бир чалуусуна нагло салынган салык болчу. Толугу менен Бакиевдин баласына кете турган акча болчу. Ак менен караны чаташтырбагыла.
25.12.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SHAHDAR,ал 15 доллардан сырткары пайда корушот да, ошол пайдага жасаса болот, анын отчету жок, бир нерсе болсо башка мамлекеттен акча сурашат.
24.12.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар элди жеп бутмой болдуго, онукон олко болгондо эчтеке эмес эле.
24.12.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кече шайлооло акчаларын чачып ташташти да,эми чогултуш керек шулле
26.12.2015. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев светти,мобилдик оплатаны кымбаттады деп элге жаман корсотуп куудунар эле, а озунор болсо андан хуже кылып жатасынар, бироого ор казсан озун тушосун деген соз бар, эл дагы бир толкуса качып бараткан самолетунду атып тушурот го чиркин. Ошондо айланайындар дегенинерди коробуз)))
26.12.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы кайсы жактан акча чыгаралы деп эле ойлонуп журушот болуш керек. Эл эмнеге унчукпай жатышат. Сооруп бутушот жакында. Же алган айлык , пенсия , соц пакеттер жакшы болбосо. Ушунун айына Кыргызстанда жашагысы келбегендер коп чыгат . 5 жыл болду жумуштар менен Турция , Таиланд , Вьетнам , Москва учуп журом , эч кандай салык берген эмесмин. 2 сом 16 тыйынга дагы макул болуп отурабыз. Бакиевдин заманынан дагы начар болуп баратат.
26.12.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка олколордон карызга акча алып жешет , уй салышат , бизнес ачышат , балдарын чет олкодо окутушат . Анан карапайым элден алып , толойбуз деп . Калп ! 15 $ дагы ар кимиси жейт
28.12.2015. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай бул эми эмне деген жанылык ыя?Мен туура эмес чечим деп ойлойм байкуш мигранттар тобосу менен жер чукуп иштешсин анан оз мекенине барыш учун акча толоп кирсин бул эмне деген жашоо?Бул жагы эшек иштейт ат жейттен болуп кетиптирго ее туугандар.Башка мамлекеттер да акча алышат дейт биринчи биздикилер ошондой условия и айлык акы толошсун анда жогоруда жазылгандай 15$ эмес 20-30$ толоп бермекбиз.Мен мисалы откон жылы отпуска алган кезде Москвадан Астанага учтум эч кандай налог алган жок.
14.01.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай боло берсе жаз менен буюрса кайра пикет кылабыз
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо