ПЕРИСКОП – ДҮЙНӨ МЕНЕН ТҮЗ БАЙЛАНЫШУУ

№686 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж

Фейсбук социалдык тармагы Инстаграм менен WhatsApp программаларын сатып алып, өз популярдуулугун ого бетер арттырган эле. Сыягы, Твиттердин да кожоюндары атаандаштарынан кем калгысы келбегенби, алар да Инстаграмга теӊ келчү, балким, андан ашып өтчү жаӊы Перископ аттуу программаны колдонуучуларга сунушташты.

ПЕРИСКОП ДЕГЕН ЭМНЕ?
Бул суу астында жүрүүчү кеменин ичинен кургактыкка, суу үстүндөгү башка кемелерге көз салчу дүрбү.
Перископ 2014-жылдын февраль айында америкалык Кейвон Бейпкур жана анын бир нече жардамчылары тарабынан иштелип чыккан. 2015-жылдын мартында аны Твиттер социалдык тармагы сатып алган.
Перископ жер жүзүнүн булуӊ-бурчунда болуп жаткан түрдүү окуяларды түз алып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бир карасаӊ Инстаграмдын бир түрүндөй туюлат. Мында деле колдонуучулар жеке жашоосундагы жаӊылыктары, окуялары менен бөлүшөт. Болгону түз байланыш аркылуу. Мисалы, сиз телефонуӊузга Перископту жүктөп, ага катталдыӊыз дейли. Эми сиз кызыктуу инсандардын баракчасына жазыласыз да, алардын Перископтон байланышка чыгышын күтөсүз. Элестетиӊиз, сиз дүйнөнүн бир бурчунда туруп алып эле канадалык ырчы Жастин Бибердин эмне кылып жатканын онлайн режимде көрө аласыз. Ал эле эмес түз байланыш учурунда ага өз сурооӊузду
узатып, жооп алсаӊыз да болот. Эми андагы функциялар менен тааныштырабыз.

КАНТИП КОЛДОНОБУЗ?
Бул программа Андроид, iOS платформасындагы жана Apple үлгүсүндөгү телефондорго ылайыкташтырылган. Жүктөгөндү баарыбыз эле билсек керек. Эми сиз үчүн Перископко саякатка чыгабыз. Алгач сиз бул сүрөттөгүдөй баракчаны көрөсүз. Бул азырынча Перископко каттала электигиӊизди билдирет.

Перископ:

  • 2015-жылдын 26-мартында колдонууга берилди. 4 ай ичинде ага 10 миллион колдонуучу катталып, дүйнөдөгү эӊ тез популярдуу болгон социалдык тармак аталууда.
  • Бул программаны компьютерге да орнотуп алса болот.
  • Жарык көргөн алгачкы айларда колдонуучулар көбүнчө муздаткычтарында эмне бар экенин көрсөтө беришчү.
  • Эгер сиз кайсы бир түз байланышты көрүүгө жетишпей калсаӊыз, аны 24 сааттын ичинде кайталап көрүүгө болот. Себеби ар бир видеонун өмүрүнүн узактыгы 1 сутка гана. «Эмне үчүн видео аз гана убакыт сакталат?» деген суроого Перископту жаратуучулар «колдонуучулар жаӊы видеолорду тез-тез жүктөшсүн деген максатты көздөгөнбүз» деген жоопту узатышкан.
  • Орусиялык колдонуучулардын арасында Эрик Давидыч аттуу блоггер өзүнүн мыйзамсыз унаа жарыштары жүрүп жаткан жерден уюштурган түз байланыштары, аялдар тууралуу айткан акылга сыйбас кептери, деги эле качан болбосун жаӊжалдан башы чыкпаган жүрүш-турушу менен Перископто популярдуу. Анын баракчасына 348 миӊден ашуун колдонуучу жазылып, видеолоруна басылган «жакты» белгисинин саны 9 миллиондон ашкан. Бул социалдык тармакта мындай атактуулук менен Орусиянын эч бир жылдызы мактана албайт.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(24)
28.12.2015. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Укмуш кобойуп ушуга окшогондор whatsap,viber,wechat,line,kakaotalk,instagram эми мунусу
31.12.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекерчимин деп биз да чыгаралыбы ?
Жалаң кыргыздарга болот,
28.12.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тузук...
28.12.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң жакшы ойдонулган нерсе, колонгоншо кызыктуу дагы)
29.12.2015. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн эле сонун ватсап менен азыр имо жакшы,имодо калимкидей видео менен суйлошо бересин
29.12.2015. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
фигня
29.12.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми кызыктуу деле эмес экен)))
29.12.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир куну Санжар Мыкыев Перископто отуруптур да...мен да суроо бергим келип кошулуп калсам айтат да эми бул перископ деген бетин жарым жартылай коргозуп алып эле скууучно,уктай албай жатааааам деп жаткан кыздар учун эмес экен... перископ деген кызыктуу жерлерди коргоз... кызыктуу нерселерди маек куруп бериш учун экен...атайын ушуну айтып коеюн деп эле келдим перископко деп точкага жеткире айтты да... молодец санжар деп кала бердим))а то мирбек атабековдун аялы отурат жаны турдум чай ичтим деп...
29.12.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орусча тантырашып...Анжелика кыздары менен апасынын юбилейине кетип баратат машинада... мы едим к тайнешке тайташке деп
31.12.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
:) күлдүм го окуп алып.
29.12.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кереги бар эми, ар ким оз жашоосун озу эле билсе жакшы болмок, башкаларга жарыя кылбай
31.12.2015. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бирөөлөр виртуалдык жашоодо аябай бай жашайт. Алардын жашоосуна суктанат көргөндөр. А чын жашоодо болсо , бир байпакка акчасы жок.
29.12.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да киргим келип жатат мен Инстаграмда коп олтурам.
29.12.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да киргим келип жатат ушул соц.сетке
30.12.2015. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azar деген программага окшош бекен ээ
30.12.2015. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азар скачать эткиле
31.12.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зынк
31.12.2015. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келип келип Жастин Бибер менен байланышабызбы ? Ал кыздардын ич кийимин кийип дүйнөлүк видео порталда жүрөт. 1 млр. $ сунуш алды деп жүрөт бачабас болуп видеого тартылууга.
02.01.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен мага жакты... Болгону 6 саат трансляцияда болгондон кийин. Тормозить эте берет экен...Анан трансляцияны кокус жоготуп алсаң аны табыш өтө азап экен..негизинен жакты
03.01.2016. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун 2-январдан 3-январга караган туну саат 00:00дон 03:30га чейин Анжелика Миргулялар менен суйлошуп олтурдук Миргуляга ты че такая дерзкая деп жазсам Анжелика эже биз дерзкая экенбизби дейт гоо
03.01.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин однокласснигиме жетпейт дааа
08.04.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо