-
«КАРАКОЛ» ТОО-ЛЫЖА БАЗАСЫ КМШ мамлекеттериндеги мыкты 5 кышкы курорттун катарын толуктады. Бул рейтингди travel.ru туристтик кызматы жана Forbes.ru журналы биргеликте аныктаган.
-
Каржы министрлиги 228 миӊ сомго 2 ПЛАНШЕТ жана 284 миӊ сомго 10 кресло сатып алуу аракетин токтотту. Мындай маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
-
Нарын шаары боюнча 105 адам КУРГАК УЧУК илдети менен расмий каттоодо болсо, анын ичинен 21и быйыл жаӊы аныкталгандар.
-
НИКЕНИ КАТТОО аземин Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө өткөрүүнүн баасы 1732 сом деп бекитилди.
-
Өзгөн районунда ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ орнотулбайт. Ага коротулуучу каражат жер титирөөдөн жабыркагандарга жумшалмакчы.
-
«Манас» аэропортунда Түркиядан учуп келген МЫЙЗАМДАГЫ УУРУ, Сакал каймана аты бар Улан Токтосунов кармалып, СИЗОго камакка алынды.
-
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 1990-жылы өлкөдө 73 795 АБОРТ катталса, 2000-жылы 21 675, 2014-жылы 24 456 аборт жасалган.
-
Кыргызстандан СИРИЯГА согушка катышуу үчүн 72 өспүрүм кеткен.
-
Кыргызстандык УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН 6 өкүлү Бириккен Араб Эмираттарында акча алмаштыруучу жайды тоноп, 190 миӊ доллар алып кетишкен деп шектелип кармалышты.
-
Буга чейин үзгүлтүккө учураган Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек АВИАКАТТАМЫ 28-декабрдан тарта жаӊыланат.
-

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеште Транспорт жана коммуникация министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери компьютер менен иштөөдөгү зыяндуулук үчүн айлыгына
КОШУМЧА АКЫ алып жатканын сынга алды.
-
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулардын КЫШКЫ КАНИКУЛУ 25 күн болот.
-
23 –декабрда Түркия президенти РЕЖЕП ТАЙИП ЭРДОГАНДЫН уулу Билал Эрдоган Бишкекте 2016-жылдын сентябрында өтүүчү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын презентациясына келип катышты. Билал Эрдоган Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынын президенти.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg