
Президент
Алмазбек Атамбаев 21-декабрда Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышты. Сессияда өлкө башчы Орусия президенти
Владимир Путин, Казакстан президенти
Нурсултан Назарбаев, Армениянын президенти
Серж Саргсян, Тажикстандын мамлекет башчысы
Эмомали Рахмон жана Беларустун президенти
Александр Лукашенко менен биргеликте аймактык коопсуздук, стабилдүүлүк, эл аралык терроризмге каршы туруу маселелерин талкуулашты. Орусиянын президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, тараптар байма-бай жолугушуп, түрдүү маселелерди талкуулап жатышканын белгиледи. Ушул эле күнү Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушту.
«Биз достордон болгондуктан байланыштарыбызды мындан ары тереӊдетүү үчүн аракет жумшоого даярбыз. Тез-тез жолугушуп турабыз, анын ичинде интеграциялык кызматташуунун алкагында дагы бул жагдай көбүрөөк пикир алмашууга түрткү берет»,- деди Путин. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазы экендигин билдирди. Президент Жаӊы жыл алдында дайыма жакшылыктан үмүт кыларын айтты.
«Келерки жылы Орусия элинин да, биздин элибиздин да иши илгерилей беришине Жараткан жол ачсын»,- деди өлкө башчысы.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg