ЖАӉЫ ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАРЫК МААЛ-МААЛЫ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛӨБҮ?

№687 1-январь-7-январь, 2015-ж

Токтогул ГЭСинде 28-декабрда болгон аварияга байланыштуу өлкө боюнча убактылуу электр өчүрүүлөр болду.
«Авариядан улам 3 генератор убактылуу иштен чыккан. Кабелдик линияларды текшерүүгө алганда 3-кабелдин бир фазасында май агып калганы байкалган. Мындан улам республика боюнча саат 09:00дөн баштап 235 мегаватт өлчөмүндө чектөө киргизилди. 29-декабрда саат 12:00дөн тарта бардык чектөөлөр жоюлду. Учурда авариянын кесепеттери боюнча консультация алуу үчүн Орусиядан жана Кытайдан адистер чакырылып, иштер жүрүп жатат»,- деди экономика министринин орун басары Айбек Калиев. Буга катар ал 2016-жылдын 2-январынан тарта электр энергиясына болгон чектөөлөр өлкө боюнча кайра киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.
Анын айтымында, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу авариянын кесепетинен 600 мегаваттка төмөндөдү. «Кубаттуулук 2 эсе азайды. Мындан улам киргизилген чектөөлөр болду. 29-декабрда чектөөлөр Жаӊы жыл майрамына байланыштуу убактылуу токтотулду. 2-январдан баштап биз чектөөлөр боюнча маселени карайбыз. Акыркы 40 жылдан бери бизде кабелдер аварияга учураган эмес болчу. Учурда күнү-түнү адистер бул маселе боюнча экспертиза өткөрүп жатышат»,- деди Калиев.
Мындан тышкары ал Токтогул ГЭСинде 40 жылдан бери иштеп жаткан кабелдик линиялар азыр дүйнө жүзүндө эч жерде чыгарылбай калганын баса белгиледи. «Кечээ болгон авариянын кесепетинен кабелдердин биринде май катуу аккан. Ал май дагы Японияда гана чыгарылат»,- деп кошумчалады чиновник.
Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСинде буга чейин да авария болду. 23-декабрда саат 8 чамасында Токтогул суу-электр станциясында трансформатор жарылган.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
04.01.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эскилиги жеткен да алдын алыш керек болучу суук тушо электе
04.01.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шылтоо,светти кантип очуруп туруштун айласын табышты да
04.01.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku,майли да,кыргыздар кобоёбуз,мурунку свет очуруулордун натыйжасы 6-миллион болдук,эми 7-млнго жетебиз Ин Ша Аллах...
06.01.2016. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989, Кандай карангы адамдар ушинтип ойлошот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо