АБАЙЛА: БОТУЛИЗМ!

№687 1-январь-7-январь, 2015-ж

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматына таянсак, 2015-жылдын 22-декабрына чейин 67 адам ботулизм менен жабыркап, алардын алтоосу каза тапкан. Ботулизмге кабылгандардын баары үй шартында жасалган консервацияны жегендер болуп чыккан. Киши өмүрүнө коркунуч жараткан бул кандай оору? Жакындан таанышып, дарттын алдын алалы.

БОТУЛИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Ботулизм
– ботулизм таякчасы бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып катуу кармаган оору. Өз убагында медициналык жардамга кайрылбаса, оорулууну шал болууга жана өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу илдет. Ботулизм таякчасы топуракта жашап, андан сууга, мөмө-жемиштерге, тамак-аш азыктарына, тоюттарга түшүп, алар менен киши жана жаныбарлардын ичегисине кирет. Ал жерде көбөйөт да, заӊ менен кайра чыгат.
Киши ботулизм таякчалары же токсиндери менен булганган тамак-ашты жегенден, көбүнчө сүрсүгөн эт, туздалган балык, үй шартында гигиеналык талаптар сакталбай жасалган консерваланган жашылчалардан ууланат. Уу ичегиге тез сиӊет. Андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системин жабыркатат. Ботулизм таякчасы сырткы чөйрөнүн шартына туруктуу келет. Кайнатууда өлбөйт, кычкылтексиз чөйрөдө гана өсүп, көбөйөт жана уу бөлүп чыгарат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 10 күнгө чейин.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

Ботулизмдин белгилери 5-10 мүнөттөн же бир нече сааттан кийин билинет. Оорулуу алсызданып, башы ооруйт. Башынын оорусу катуулап, баса албай калышы да мүмкүн. Дене табы көтөрүлөт, чыйрыгат, көӊүлү айныйт.
Оозу жана эрини кургайт, суусайт.
Ичи өтөт же катат, уйкусу качат.
Көрүүсү начарлайт, тумандайт, каректер чоӊоёт. Нерселер көзгө кош көрүнөт.
Үнү өзгөрүп каргылданат. Тили булдуруктап, айрымдар сүйлөй албай да калуусу мүмкүн. Дем алуусу жана жутунуусу кыйындайт.

УУЛАНУУ УЧУРУНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Оорунун алгачкы белгилеринде оорулуу өзүн жакшы сезип турса да сөзсүз «Тез жардам» чакыруу керек. Ал келгичекти оорулууну төшөккө жаткырыӊыз. Анткени туруп басып жүргөн кишинин оорусу бат күчөйт.
Марганцовканын мала аралашмасын оорулууга ичирүү менен ашказанды жууп-тазалоо керек. Улам ичип кайра кусуудан ашказан тазаланат. Кускан сайын 3-4 стакан суу ичирүү кажет. Тазалангандан кийин актив көмүрүн майдалап ичүү зарыл. Анын ордуна айран ичсе да болот. Эгер оорулуу эстен танса, өзүнө келмейинче кустурууга болбойт. Көмкөрөсүнөн же капталынан жаткырып, башын ылдый кылуу керек.
Бул оору бир нече сааттан кийин гана күчүнө киргендиктен байкабай спирт ичимдиктерин ичип алгандар кездешет. Спирт ичимдиктери уулуу заттарды эки эсеге күчтөндүрөрүн эске алыӊыз.
Ашказанга түшкөн уулуу заттар башка ооруну да күчөтүп, мээге терс таасирин тийгизет. Анын алдын алуу үчүн оорулуунун башына муздак нерсе басыӊыз.
Бат-баттан дене табын текшерип туруӊуз. Уулануу учурунда көбүнчө температура ылдый түшүп кетет. Бул учурда оорулууну ороп жылуу кармоо керек.
Ууланганда оорулуунун табити жоголот. Жакшысы, 1 күн жалаӊ гана суу ичип ачка болгон пайдалуу. Кийин гана тоок, уй этинен кайнатма шорпо ичсе болот.

КОЖОЙКЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!

Консервациялоо үчүн жаӊы үзүлгөн, чириги жок жашылчаларды тандаӊыз. Банкаларды 15-20 мүнөттөн кем эмес убакыт буулоо шарт.
Микроорганизмдер кычкылтек жок жерде бат өөрчүүрүн эске алып, банканы оозуна чейин толтурбай, капкакка чейин 3-4 сантиметр боштук калтыруу туура.
Ботулизм таякчалары кычкылды көп жактырбайт. Андыктан салаттарыӊызга уксус кошууну унутпаӊыз. Бирок ал микробду өлтүрөт деп толук ишенүүгө болбойт.
Салаттарды 100 градус температурада 25-30 мүнөт кайнатуу, буулоо туура.
Консерваларды сактоодо температура +6 градустан ашпоосу шарт.
Банкаларды ачканда сөзсүз жыттап көрүӊүз. Бир эле банкадан жегендердин бири ооруса, бири оорубай калышы да мүмкүн. Себеби уу банканын бир эле бөлүгүндө жайгашышы да ыктымал.
Эгер салаттын түсү өзгөрүп, капкагы көөп чыкса, аны колдонбой эле койгонуӊуз оӊ.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
04.01.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым сактасын.!
05.01.2016. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ойлонуп калдымго банкаларды не кылсам э, айрыкча баклажан ото коркунучтуу дешеби? рахмат супер эскертменерге.
05.01.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Муну окугандан кийин менин да банкаларым турат тизилип
10.01.2016. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva, жылда эле жеп жургонсунор да , эч нерсе болбой эле.
05.01.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен быйылкы консерваларымы жебейм деп чечтим. Озумдон кетип эле баарына баклажан кошо берген экем.
06.01.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Батулизм таякчалары кандай шартта олот? Ушуну да кенениреек жазсанар жакшы болмок
08.01.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургур!
09.01.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жугуштуу оору эмеспи?
10.01.2016. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коп жылдан бери консерва жасап эле жеп келе жатабыз, эч кандай оору болгон эмес. Быйыл эле чыга келди. Именно консервадан болгонун толуктап изилдебей эле айта беришет. Мумкун башка нерседен болуп жаткандыр, кышында 80% консерва жейт, эмнеге былтыр же откон жылдары ооруган эмес эч ким.
11.01.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул нерсенин сыры мынды деп ойлойм. Былтыркы жылга салыштырмалуу, быйыл керектелүүчү товардын сапатын төмөндөдүп Кытай туугандар элди уулап, өлтүрүнү баштаган го чиркин. Билдирбей келип жүрүп-жүрүп эшектин этин кыргыздар менен тең бөлүшүп эми жок кылуунун аракетин көрө баштагаан чыгаар достор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо