ХИМИЯЛЫК ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТТАРДЫН ЗЫЯНЫ

№688 8-январь-14-январь, 2016-ж

Идиш, кийим-кече жана эмеректерди жууп-тазалоочу химиялык каражаттарды аларда «экологиялык жактан таза» деген белги бар же жогун карабайбыз деле. Андай белгиси жоктордон кандай зыян келерин билип алууга чакырабыз.

АГАРТУУЧУ КАРАЖАТТАР
Курамында натрийдин гипохлорити бар. Ал нашатырь спирти менен аралашканда ден соолукка зыяндуу хлораминдүү газды бөлүп чыгарат. Аталган газ астманы чакырат.

КИР ЖУУЧУ ПОРОШОКТОР
Курамына формальдегид жана хлор кошулат. Булар зат алмашууну басаӊдатып, аллергияны жана дем алуу жолдорунун оорусун чакыруусу мүмкүн.

ШЕЙШЕП, СҮЛГҮ, ХАЛАТ ЖАНА ИЧ КИЙИМДЕР ҮЧҮН КОНДИЦИОНЕР
Курамындагы жыпар жыт берүүчү заттар аллергиясы бар адамдардын оорусун козгойт.

БАКТЕРИЦИДДҮҮ ЗАТТАР
Курамында фенол, крезолдор бар. Булар ич өтүүнү, баш ооруну жаратып, бөйрөк, боордун иштөөсүнүн бузулушуна жеткирүүсү ыктымал.

ПОЛ ЖАНА ЭМЕРЕК ҮЧҮН ПОЛИРОЛДОР
Узакка жана көп колдонууда курамындагы нитробензол теринин өӊүн бозортуп, дем алууну кыйындатып, кустурат. Ал тургай рактын жаралуусу, ичтеги баланын майып төрөлүүсү ыктымал.

САНТЕХНИКАНЫ ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТТАР
Курамындагы туз кычкылы же натрийдин күкүрт кычкылы терини химиялык күйүккө чалдыктыруусу, көзгө тийсе көрүүнү жарым-жартылай жоготушу ыктымал.

МЕТАЛЛДАН ЖАСАЛГАН ЗАТТАРДЫ (анын ичинде машинаны) ТАЗАЛООЧУ ПОЛИРОЛДОР
Курамында нефтиден алынган дистилляттар болот. Аз убакытка колдонуудан да көрүү убактылуу начарлоосу мүмкүн. Ошондой эле териге терс таасирин тийгизип, нерв системи менен бөйрөктүн иштешин бузушу ыктымал.

АЙНЕКТИ ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТТАР
Узакка колдонууда курамындагы нашатырь спирти көздү ачыштырып-кычыштырып, дем алуу жолдорун дүүлүктүрүп жөтөлтүп, баштын оорусун жаратат.

ЭСКЕ АЛ!

1. Химиялык каражаттарды колдонууга аргасыз болсоӊуз маска тагынып, резина кол кап кийиӊиз! Кыска убакыт ичинде гана колдонуӊуз! Көзгө тийүүсүнөн сактаныӊыз!
2. Идиштерди, кирди жууган соӊ андагы химиялык кошулмалар толук кеткиче 4-5 сыйра чайкаӊыз.
3. Аллергиясы, астмасы жана тери оорусу барларга, жаш балдарга химиялык каражаттарды колдонууга болбойт!

ТАБИГЫЙ КАРАЖАТТЫ ӨЗҮӉҮЗ ЖАСАП АЛЫӉЫЗ!
Тазалооочу жана кир жуучу агрессивдүү химиялык каражаттарды табигыйларына алмаштырсаӊыз туура. Аларды өз алдынча жасап алсаӊыз болот.

  • Тазалоочу паста. Содага сууну куюп (3:1 өлчөмдө) аралаштыруу менен паста даярдайсыз. Муну менен кафель, раковина, электр плитасы сыяктууларды тазаласаӊыз болот.
  • Айнекти жуучу спрей. 25 грамм уксуска 2 стакан суу жана бир нече тамчы суюк самын кошуп, терезенин айнегин, бети айнектелген журнал столун сүртсөӊүз болот. Болгону күн ысыкта колдонбоӊуз, булгангандай издер калып калат.
  • Идишти горчица упасы менен жууӊуз.
  • Темир датын лимон ширеси менен кетириӊиз.
  • Чайнектеги кеберди кетирүү үчүн сууга уксусту кошуп кайнатыӊыз.
  • Абаны сергитүү үчүн эфир майын колдонуӊуз.
  • Универсалдуу тазалоочу каражат. 25 грамм уксуска 4 стакан суу, 2 аш кашык сода кошуп, сода эригиче аралаштырасыз. Бул менен душ кабинасын, полду, ал тургай ашкананы тазаласаӊыз болот.

ЗЫЯНСЫЗ КАРАЖАТТАРДЫ КОЛДОНУӉУЗ!
Экологиялык жактан зыянсыз товарлар «Экотоварлар» деген аталышка ээ жана ден соолукка, айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт. Андыктан химиялык каражаттардын экомаркировкасы барын алуу керек. Сапатынын мыктылыгынан эл аралык деӊгээлде таанылгандар төмөнкүлөр:

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
11.01.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аku,
Саламатсызбы! Маалымат толукталды, рахмат!
11.01.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Идиш жуучу эң сонун жана коопсуз, экологиялык таза каражат деп оттун күлү менен кумду айтса болот го. Биз мурда азыркыдай каражаттар дээрлик жокко эсе кезде күл жана кум менен жуучубуз, жаркырап эле калчу...
13.01.2016. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мэри,туура айтасыз.азыр деле кул менен,кум менен жууйбуз.соонун эле агартат.кумалюкс,кулалюкс деп коет атам тамашалап
11.01.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен 3 кун мурун сантехн тазалоочу каражаттын жытынан аллергия болдум бир олуп тирилдим мурда кийин аллергия деген созго тамаша катары маани берчумун, укол алып таблетка ичип эми озумо келдим. Абайлагыла
14.01.2016. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура айттыныздар мен ушул кунго чейин кум,кул мн эле жууйм сода колдоном,кээде туз менен да жууп коем жапжаныдай эле болуп калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо