Кыш түшкөндөн тарта суукта көп жүргөндө жана сасык тумоону өтүштүрүп жибергенде гайморитке кабылуу коркунучу жогорулайт. Дене табын жогорулатып, ириӊ чимкиртип кыйнаган оорунун себептери, айыктыруу жолдору тууралуу Бишкектеги Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүнүн адиси Нуржан Шабданбаева баяндайт.

ГАЙМОР КӨӉДӨЙЧӨЛӨРҮ ЭМНЕДЕН СЕЗГЕНЕТ?
Суук тийүүдөн
Жогорку дем алуу жолдору мурундун чел кабыкчасын жана мурун жанындагы гаймор көӊдөйлөрүн жууп-тазалап туруучу былжырды иштеп чыгарат. Былжыр мурун аркылуу сыртка чыгып турат. Суукка урунганда мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет да, былжыр сыртка чыкпай гаймор көӊдөйчөсүнө топтолот. Топтолгон массада бактериялар же вирустар көбөйөт да, сезгенүүнү жаратып, акырындап ириӊдейт.
Тиш оорудан
Үстүнкү азуу тиштердин түптөрү (тамырлары) гаймор көӊдөйчөлөрүнө жакын жайгашкан. Тиштин түптөрү ооруга чалдыкканда микробдор көӊдөйлөргө өтүп сезгентет. Андыктан азуу тиштерди жулууда стоматологдор абайлоолору зарыл.
Сасык тумоо, кызамык, риниттен
Аталган оорулар өтүшүп кетсе инфекциялар гаймор көӊдөйчөлөрүнө чейин өтүп, аларды сезгентип гайморитти жаратат. Андыктан дартты өтүштүрбөй убагында дарыланып айыгуу зарыл.
Белгилери
-
Маӊдайда, мурун тегерегиндеги оорутуу

-
Ооруган көӊдөй тараптагы шишик
-
Мурун бүтүп, дем алуунун кыйындашы

-
Мурун менен сүйлөө
-
Чимкириктин илээшкек жашыл же сары түстө болуусу
-
Көздөн жаш агуу

-
Чимкириктин ириӊ аралаш чыгышы (жыты сасык)
-
Жыт билбей баштоо
-
Көздүн жарыктан уялуусу
-
Дене табынын көтөрүлүшү
-
Чыйрыгуу, калтыроо
ГАЙМОРИТТИН ТҮРЛӨРҮ
-
Курч кармаган түрү
-
Өнөкөткө айланган түрү
-
Аллергиялык түрү
ДИАГНОСТИКА
-
Гаймор көӊдөйчөлөрүн рентгенге тартуу
-
Көӊдөйчөлөрдү тешүү менен (пункция) мурун суюктугун сордуруп, текшерүүдөн өткөзүү
-
Компьютердик томография (эгер керектелсе)
ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ
-
Гаймор көӊдөйүнүн тушун медициналык ийне менен тешип (пункция), ириӊдүү былжырды сордуруп алып, ордуна антибиотиктерди куюп жууп-тазалоо
-
Антибиотик дарысын кан тамырга (же булчуӊга) саюу
-
Ооруну басаӊдатуучу каражаттарды берүү
-
Кан тамырларды кеӊейтүүчү, шишикти таратуучу дары-дармектер
-
Антигистаминдик дарылар (аллергиялык гайморитте)
-
Операция (дары-дармектер жардам бербесе)
ДАРЫЛАБАСА ЭМНЕ БОЛОТ?
Көӊдөйчөдөгү ириӊдүү масса сыртка чыгууга жол издейт.
- Эгер ириӊ көз көӊдөйүнө туш келсе, анда ал жер сезгенип флегмона оорусу жаралат.
- Ириӊдүү сезгенүү баш мээнин кабыгына тараса, менингит жаралышы мүмкүн.
- Мээнин кан тамырында кандын уюп калышына (тромб) жеткирип, өлүмгө алып келүүсү ыктымал.
- Гайморит пневмониянын, өнөкөт бронхиттин, бронхиалдык астманын өөрчүп кетишин шарттайт.
- Тамак безин сезгендирсе, ангина жаралат.
МУРУНДУ ЖУУЧУ КАРАЖАТТАР
- Дарылануу кезинде мурунду жууп-тазалоо да зарыл.
- Фурацилин. Дарынын 1 таблеткасын упадай талкалап, 1 литр жылуу сууга салып эритүү керек. Аны 4-5 жолкуга бөлүп чайкайсыз.
- Диоксидин (1%). 1 суткада 70 миллиметрди 2-3 маал бөлүп колдонсо жетиштүү.
- Дарыканаларда сатылуучу деӊиз тузунан даярдалган даяр эритме (аквамарис, салин же долфин) менен 2-3 маал жуу.
Аталган каражаттарды улам алмаштырып колдонсо да болот. Аллергия жаратар же жаратпасын билүү үчүн алгач кичине гана колдонуу менен текшерип көрүӊүз!
ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН
- Кочкор тузу менен 2 маал чайкоо (200 грамм жылуу сууга 1 чай кашык туздун үчтөн бир бөлүгүн салып). Кочкор тузун алдын ала 2-3 сыйра жууп алуу зарыл.
- Дары чөптөр менен 3-4 маал чайкоо (ромашка, ит уйгак, календула). 1 чай кашык кургатылган чөптү 300 грамм ысык сууга салып, 1 кайнатып алып сүзүп, анан жылуу кезинде колдонуу сунушталат.
Эскертүү: Аталгандарды кезектештирип 1-2 апта колдонсо жакшы.
ЭСКЕ АЛ!
- Гайморитте мурунга ысык (грелка, туз, ысытылган мата жана башка) басууга болбойт. Бул ириӊдин башка органдарга таркалуусуна жол ачат.
- Мурунду бир жолу тештирип тазалаткандан кийин (пункция) деле тазалатууга туура келе берет деген түшүнүк туура эмес. Бул адамдын өзүн карап күткөнгө жараша болот.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg