Шахра Талипова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «КЫЗЫМДЫН СҮРӨТҮ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП АЛАКСЫЙМ»

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

«Сенсиӊ менин торгоюм, суук көздөн коргоюн» деп жаркылдап ырдап, «и-ий, эрке бала, алгач амандашып алалы» деп «Сармерден» көрсөтүүсүнөн жылмайып чыга калчу шайыр жеӊени жоготконубузга бир жыл болду. Гүлзат Батырканова былтыр 2-январда үй-бүлөсү, достору менен Бишкектен Каракол шаарына лыжа тебүү үчүн бара жатканда жол кырсыгына кабылып, 42 жашында көз жумду. Ырчынын артында 17 жаштагы кызы Айдана, 16 жаштагы уулу Данияр калды. Мукамдуу ырлары, шайыр мүнөзү менен элдин эсинде калган ырчыны жакындары мүрзөсүнө барып гүл коюп, эскерип отурушту.

Шахра Талипова, апасы: «АЗЫР ЖАШООМ ДА, ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМ ДА ГҮЛЗАТ БОЛУП КАЛДЫ»
– Убакыт учкан куш экен, Гүлзатымдан айрылганыма бир жыл болуп калыптыр. Жаркылдак кызымдын орду жоктугу оркоюп эле билинип калды. «Апа, кандайсыӊар?» деп бат-бат чалып турчу эле. Азыр Гүлзатымдын номерин кызы көтөрүп жүрөт, сүрөттөрү, мага жазгандары сакталуу. Неберем мага чалганда «Гүлзатым» деп чыгат, бир башкача болуп жүрөгүм опкоолжуп кетет. Кызымдын жапжаш туруп кетип калганына өкүнөм, эстесем жүрөгүм сыгылып, бул ааламга батпай кетем. Небере кызым да азыр чоӊоюп, «апамдын кийимдери мага чак болуп калыптыр» деп калат. Күйөө балам балдары менен үйүн оӊдоп-түзөп, татынакай эле жашап жатышат. Баары жайында, бир гана Гүлзатым жок.
Кызымдын кайненеси Шаарпануу кудагыйым жамакчы, билимдүү аял эле. Гүлзатты жанындай жакшы көрчү. Ал да келининин артынан 5 айдан кийин өтүп кетти.
Кызым түшүмө көп кирет. Бир жолкусунда Төө-Ашуу жакта тоннелде жүрөбүз, бир маалда эле жасанып, супсулуу болуп келип «апа, эмне болду, баарыӊардын кабагыӊар бүркөө?» деп жаркырап пайда болду. Баарыбызды бир сыйра карап, «мен азыр келем, апа, кайгырбагыла» деп күлмүӊдөп кирип кетти. Күтүп отуруп ойгонуп кетсем түшүм экен. Гүлзаттын басканы, сүйлөгөнү, ырдаганы (ыйлап) башкача эле... Бөлмөмө кызымдын бардык сүрөттөрүн илип алгам. Сүрөттөрү менен сүйлөшүп, видеолорун көрүп өзүмдү бир азга болсо да алаксытам. Азыр менин жашоом, чыгармачылыгым бир эле Гүлзат болуп калды. Куран окуганды үйрөнүп алдым, сагынганда эле куран окуйм.
Жакында туулган күнүндө эскерүү кечесин Жалал-Абадда өткөрдүк, жылдыгын туулуп-өскөн Токтогул районундагы элдик театрда белгиледик. Аким, губернатор башында турду, бул жактан ырчылар барышты. Эскеришип, куран окуп элдин баары көзүнө жаш алды. Кызымды кичинекей деп жүрө берген экем, көрсө, чыгармачылыкта из калтырып, элдин кызына айланып калган тура.

Кыял Батырканова, сиӊдиси: «ЖЕЗДЕМ ӨЗҮН ТАШТАП ЖИБЕРДИ»
– Мен Гүлзат эжемден 8 жашка кичүүмүн. Жакында Токтогулга барганда балалыгыбыздагы сүрөттөрдү карасам, баарында эле эжем мени жонуна көтөрүп турат. Өзүм да Бишкекте эжемдин колунда чоӊойдум. Эртеӊ менен сабакка жылуу кийинтип жөнөтчү. Эшикке чыккандан кийин чечип салып кетип калат элем. Чачымдын узундугун аябай жактырып, аркама тыкыйтып түйүп берчү. Эжеме айтпай чачымды кыркып салганда аябай ачууланып, катуу урушкан эле. Байкуш эжем шайыр мүнөз, бетке айтып, бирөөнү ушактаганды билбеген жан эле.
Гүлзат эжемден айрылгандан кийин жашоо токтоп калгандай сезилди. Жездем да зыӊкыйып өзүнө карап жүрчү эле, эжем өткөндөн кийин өзүн таштап жиберди.
Эжемдин «менде акча жок» деген күнү болгон эмес, дайыма камдуу жүрчү. Акыркы кезде «балдарымдын керегине жаратам деп акча чогултуп койдум» деп чоӊ суммадагы эле акчаны айткан болчу. Ал акчасын банкка салганбы, кимге берген же кайда катканы дайынсыз. Издеп жездем да таппай койду.

Данияр Бейшенов, уулу: «АПАМДЫ САГЫНГАНДА КИЙИМДЕРИН ЖЫТТАП АЛАМ»
– Апам биздин үйдүн күнү болчу. Дайыма ага эркелеп жанынан чыкчу эмесмин. Азыр апамды сагынганда эшикти жаап, эч кимге көрүнбөй ыйлап алам. Кечке сүрөтүн өпкүлөйм, анан сөзсүз куран окуйм.
Караколго баратканда жол кырсыгынан апам көз жумуп, комузу да сынып кетти. Үзүлөрдө көзүн ачып, бизди карап жатты, ал башкача сулуу болуп калган эле...
Апамды жерге берип келген түнү боз үйгө илген сүрөтүн атам текчеге коюп койгон болчу. Түнү уктап жатсак ошол сүрөт жерге кулап түштү. Атам туруп барып сүрөттү кучактап апамдан кечирим сурап ыйлап отурду. «Ата, эмне болду?» десем, «апаӊ келди» дейт. Чын эле келген окшойт, мышыгыбыз бир жерди карап токтоп калыптыр. Көпкө уктай албай кыйналып жүрдүк. Азыр деле бат-бат келип тургансыйт, анткени мышыгыбыз кээде кыймылдабай бир жерди карап токтоп калат.
Айдана эжем менен атам тамак жасашат. Бирок апамдыкына эч окшошпойт. «Курсагыӊар ачпасын» деп концертке кетерде көп тамак жасап коюп кетчү. Баары эле менин апама көз тийип кетти деп айтышат. Сагынганда кийимдерин жыттап-жыттап алам. Чоӊ таенем жасаган төшөктөрдү «Айдана турмушка чыкса себине кошом» деп сактачу. Буюрса, эжем турмушка чыкса алып барабыз деп жүрөм.

Мурат Бейшенов, жолдошу: «ГҮЛЗАТТЫН АКЫРКЫ СӨЗҮ ЭСИМДЕН КЕТПЕЙТ»
– 1990-жылдары Коргоо министрлигинин алдында түзүлгөн оркестрге Гүлзат ырчы болуп келип калды. Жаркылдап тамашакөй болчу, мен жактырып калып бир жыл артынан жүгүрдүм. Биринчи жубайым орус улутунан болчу, андан бир кызым бар. Тагдыр экен, аны менен ажырашып кеткем.
Гүлзатты көндүрөм деп кайненеме Токтогулга чейин баргам. Ошентип, кайненемдин жардамы менен Гүлзатыма жеткем. Жарыктык ачык мүнөз, бетке айткан жан эле. Жетекчилерге деле коркпой сүйлөп салчу. Калп айтпасам, филармониянын бир эмес, эки директоруна бетке айтып уруша кеткен.
Тамакты аябай даамдуу жасайт эле. Аныкындай палоо менен дымдаманы эч жерден жей элекмин. Уулубуз менен кызыбыз чоӊоюп калышты, аларды окутуп, үйлөп, турмушка бериш керек. Гүлзатым жанымда турса жакшы болбойт беле...
Байкушум «Сармерден» көрсөтүүсүнө чыгарда макалдарды жаттап түнү менен даярданчу. Азыр мен «Сармерденди» жүрөгүм түтүп көрө албайм.
Былтыр жаӊы жыл күнү 4 саат бою өмүрү чалбаган тааныштарына чалып куттуктап чыкты. Бирдиги түгөнүп, балама 1000 сомго бирдик салдырды. Таарыныша кеткендерге чалып кечирим сураптыр. Улам ашканага келип «азыр, ээ, тамакты карап тургула» деп бетимден өөп кетет. Ошентип, кечки саат 11де үндүгүбүз бышып дасторконго отурдук. Жаӊы жыл тосуп, эртеси «Караколго лыжа тепкени барып келели» десем, «мен тепкенди билбесем эмнеге бармак элем» деп баргысы келген жок. Анан мен «койчу, үй-бүлөбүз менен чогуу барып келели» деп жөнөгөн элек. Астыбыздан чыккан машина жол эрежесин бузуп, биз андан качабыз деп жолдун четине чыгып унаабыз эки жолу аӊтарылып кетти. Гүлзаттын колумду кармап, «балдарды жакшы кара, мен сага ишенем» деп айткан акыркы сөзү жүрөгүмдү канатып ийди...

Гүлзат Батырканова элдин эсинде "шайыр жеӊе" бойдон кала берет.

Ырчынын тирүү кезиндеги бактылуу көз ирмемдери. Кызы, уулу жана жолдошу менен.

"Асылым сендей нур кызды, эми кайдан табамын?" деп Шахра эже ыйлап ырчынын эстелигин сылап отурду.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Гүлзатым аз жашаса да, эл үчүн кызмат кылып кеткенине сыймыктанам" дейт Шахра Талипова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(39)
Медиа-портал
09.01.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Суйлосо созунон балы тамган,"Сармердендин" коркун ачкан, эжекебиз кете берди кош айтышып жаткан жериниз жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
09.01.2016. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сармерденди корбогонумо 1жыл болуптур, жаны жылдагысын кордум Гулзат эжебиз жок, Торгойумду бир бала ырдады эстеп кайра жаман болдум. Элдик инсан, мага окшогон фанаттарыныз миндеп саналат.
SUPER.KG видео
09.01.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
И байкуш кайненеси да кайтыш болуп кетиптир да.аябай арман кылып суйлоду эле.жаткан жерлери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
09.01.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Журогум ооруп чыкты . чынында сахнанвн Ажары эле .
SUPER.KG видео
10.01.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карап отуруп козумдун жашы токтободу.Жаркылдап, жайнап жургон эжекебиз жаткан жериниз жайлуу болсун.Энелер ыйлабасын, энелер балам деп сыздабасын.
Медиа-портал
10.01.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Энеге баланын жамандыгын бербесин сагындым деп деп зыркырап турат эжебиз арга жок
SUPER.KG видео
10.01.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Журокко жете турган аябай мыкты репортаж даярдапсын, ыйлап жатып кордум. Максат ишине игилик азаматсын.
11.01.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашоо ушундай сыноолорду ичине камтыган нерсе экен.Балдарынын журогундогу оксукту эч нерсе менен жеткире албайсын.Жаткан жери жайлуу болуп ,Аллахым оз рахматына алган болсун!!!
11.01.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Козумдон жаш агып кетти, арман кун жакшы адамдар эмне мынча аз жашайт. деги ошол жакшы адамдардын бар экендиги менен жашоо бутун, дуйно тегиз эмес беле. Жаны жаннаттан болсун.
11.01.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Толук окуп,видиосун коргонго дарманым жетпеди,суротторун,темаларын,жолдошун эле иньтервиюсун аран окуп буулуп,козумдон жашым агып чыкты
11.01.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гулзат эжени козундо жашы жок эскере албайсын.Шайыр жене сармердендин корку,кандай гана керемет жан элениз...Жаркылдап кулгонунуз биздин эсибизде туболуко сакталып калат.Аллахым озу жар болуп,жаннаттан жай берсин...((
11.01.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Козумо жаш келип кетти .Жаткан жери жайлуу болсун ,жакшы адамдар эрте кетет деген соз туурада,жаркылдап эле турчу эле...
11.01.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
журогум ооруп кетти окуп алып, жаткан жериниз жайлуу болсун.
11.01.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ыйлап алдым оккуп алып
11.01.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журогум ооруп кетти аттин ай армандуу дуйно жаткан жериниз жайлуу болсун эже
11.01.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх кандай гана таланттуу эже эле
12.01.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да Сармерденди корбогонумо бир жылдай болду эле,кечээки жаны жылдык беруусун да толук коро албадым.Жаркылдаган кун жуздуу эжекебиз,Жаткан жериниз жайлуу болсун!Аран окудум коз жашым колдоп...
12.01.2016. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш эне Гуку сени сагындым десе журогум ооруду. Кудайым сабыр берсин куноолорун кечирип Аллахым бейиштен жай берсин Иншаллах
12.01.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журогум туйлап ооруп кетти окуп чыккыча.Бир кем дуйно деген ушундай экен да.Жаткан жерин жайлуу,топурагын торко болсун Гулзат.
12.01.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kozgo jash aldymgo
jatkan jeri jailu bolsun kalgan omurun baldaryna bersin!
12.01.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлап алдым(((арты кайырлуу болсун
12.01.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаткан жерин жайлуу топурагын торко болсун!!!
13.01.2016. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлабаган адамды да ыйлататго. Жаткан жериниз жайлуу болсун эжеке!
13.01.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торколуу болсун,жакындарына сабырдуулук, кайрат кылыныздар.видеону коруп алып ыйладым.
13.01.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай окунучтуу жаткан кайрат кылыныздар, торгойумду Гулзат эже абдан соонун ырдачу канча адам ырдап жатат бирок канча аракет кылышпасын сиздей журокко жеткире ырдай алыпайт экен, окунучтуу... эми калган жашын сиздерге берсин жараткан.
14.01.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун
14.01.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаткан жери жайлуу болсун журогум ооруп аябай ыйладым жакшы эже эле жаркылдаган гулзат эжени менда сагындым
16.01.2016. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах кабыр азабынан, тозок отунан сактап, бейиштен орун берсин. Жакшы адам эле ичим ачышып кетти, бирок Аллах бардыгына кадыр.
16.01.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
SUPER.KG видео
13.09.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаркылдаган эже эле, Кудай жайын жанаттан берсин, бир кыз айтты эле "Гулзат эже каза болгондо апам экообуз 3 кун ыйладык" деп. Демек, жалпы журткка алынып калган экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо