КУБАТ ОТОРБАЕВ МЫЙЗАМСЫЗ АКЫЙКАТЧЫ БОЛДУБУ?

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

Акыйкатчыны шайлоо дээрлик 6 айдан ашык убакытка созулду. 2015-жылдын 25-июнунда Бакыт Аманбаев омбудсмендик креслодон жылмышып, кызматынан кол жууган. Жаӊы акыйкатчыны шайлоого ал кездеги парламентарийлер шашылышкан эмес. Алар алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыктар менен алек болуп жүрүшкөн. Ошентип жаӊы акыйкатчыны 6-чакырылыштын депутаттары 10-декабрда гана шайламак болушту. Эл өкүлдөрү ал күнү тээ түн бир оокумга чейин отурушса да омбудсменди шайлай албай шайлары ооду. Бардык атаандаштарын артта калтырган «Республика-Ата-Журт» фракциясынын талапкери Атыр Абдрахматованы колдогон добуштар жетишсиз болуп чыкты.
Бош турган орунга кайрадан ат салышкан талапкерлер чыгышты. 35 талапкер ат салышууга арыз беришип, арасынан иргелип отуруп КСДП фракциясы Кубат Оторбаевди, «Республика-Ата Журт» Рита Карасартованы, «Кыргызстан» Нуркамил Мадалиев жана Кубат Оторбаевди, «Бир бол» экс-депутат Абдыжапар Бекматовду, «Өнүгүү-Прогресс» Алишер Мамасалиев, Камил Абдрашитовду, «Ата Мекен» Мавлян Аскарбеков жана Толкунбек Исаковду сунушташты. Негизги күрөш Рита Карасартова, Алишер Мамасалиев жана Кубат Оторбаевдин ортосунда болду. Жыйынтыгында 30-декабрь күнү Кубат Оторбаев эӊ көп добуш алуу менен жаӊы акыйкатчы болду. Интернет айдыӊында жүргөн видеого көӊүл бурсак, бир катар депутаттар байкоочу болуп турган башка депутаттарга бюллетендерин, кимди шайлагандарын көрсөтүп өтүштү. Тактап айтканда, жашыруун шайлоо эрежеси сакталбады. Акыйкатчылыкка талапкерлерден арыз 16-декабрга чейин кабыл алынмак. Ал эми Кубат Оторбаев 24-декабрда арыз берген. Бул тууралуу Рита Карасартованын жарандарга багытталган билдирүүсүндө айтылат. Ал жогорудагы жүйөлөрдөн улам добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылганы маалым болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
11.01.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сот БИЙЛИКТИН колунда, Рита Карасартова эмне кыла амак эле
11.01.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунчалыкда уятсыз болосунарбы. Бул авторитардык режимдин бир туру. СДПК кайсы жол менен болсода алып атат. Элдин коп добушун алган Республика фракциясын коалийиялык копчулукко кошпой койду, вице спикерликти бериш керек болчу бербей койду, оюна келгенди кылып атат. Жооп берчу кун келет силерге да.
12.01.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рита Карасартованын кандидатурасы эле отсо жакшы болмок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо