КРЕМЛЬ АК ҮЙДҮН ҮМҮТҮН АКТАЙБЫ?

№688 8-январь-14-январь, 2015-ж

Өкмөт Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы энергетикалык долбоорлорго байланыштуу макулдашууларды денонсациялоого киришти. Ошол эле тапта «Первый канал» жана «Россия планета» орусиялык телеканалдарына Кыргызстан өзгөчө макам бермекчи. Бул иштер аптанын өзгөчө талкуу жараткан окуялары болду.

ОРУСИЯ СӨЗҮНДӨ ТУРБАДЫ. ГЭСтерди ЭМИ КИМ КУРАТ?

Премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСине барган иш сапарында Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын каскадынын курулушу тууралуу Орусия менен болгон макулдашуулардын денонсациясын тездетүү керектигин айтты. Бул макулдашууларга 2012-жылы Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин катышуусунда кол коюлган. Орусиянын энергетикалык ири долбоорлорду каржыламакчы болгону кандайдыр бир деӊгээлде Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүн тездеткен. Бирок 3 жылдан бери бул иштер бир кадамга да алдыга жылбаганы кыргыз бийлигинин кардиналдуу чечим кабыл алышына түрткөнүн президент Алмазбек Атамбаев жыл соӊундагы маалымат жыйынында айткан болчу. «Азыркы кырдаалда Орусиянын экономикасы көтөрүлбөй, нефтинин баасы ылдыйлап жатат. Бул макулдашуулар объективдүү себептерден улам Орусия тараптан аткарылбай калышы мүмкүн. Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун ишке ашыра албайт. Андыктан бизге бул макулдашуулардан чыгып, долбоорлорго башка инвесторлорду издөөгө туура келет. Эки долбоорду токтотууга акыбыз жок, аларды аягына чыгарышыбыз керек»,- деген мамлекет башчы.
Азырынча аталган долбоорлорду ишке ашырууга араб инвесторлору тартылары тууралуу сөздөр жүрүп жатат.

ОРУСИЯЛЫК ТЕЛЕКАНАЛДАРГА ӨЗГӨЧӨ МАКАМ БЕРҮҮГӨ ЖАРАНДЫК КООМ КАРШЫ
Орусиялык «Первый канал. Всемирная сеть» жана «Россия планета» телеканалдарына Кыргызстанда өзгөчө макам берүү демилгеси коомдук талкууга чыгарылды. Эреже боюнча, долбоор коомдук талкууда 30 күн болушу керек. Аталган долбоор колдоо таба турган болсо, Кыргызстандын мыйзамындагы чет элдик маалымат каражаттары боюнча чектөөлөр орусиялык аталган эки телеканалга карата колдонулбайт. Мындан тышкары орус тилин жана орус контентин колдонуу боюнча коюлган чек сакталбайт. Ошону менен катар аталган эки телеканалды өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын аймагында атайын шарттар түзүлөт деп жазылат. Бул долбоорду Орусия тарап сунуштап, коомдук талкууга биздин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги алып чыгып отурат.
Өлкөдө мамлекеттик телеканалдарга караганда орусиялык телеканалдардын көрөрмандары ансыз да көптүк кылат. Массалык маалымдоо каражаттары ириде үгүттөөнүн куралы. Өзгөчө макамга ээ болуу менен Орусия телеканалдары аркылуу өз саясатын жайылтары түшүнүктүү. Мамлекеттик кызыкчылыктарын туу туткан өлкөлөр өз медиа тармагына башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн мыйзамдын чегинде чектөөгө аракет кылат. Бүгүнкү күндө канатташ жайгашкан Казакстан чет жердик телеканалдарына чектөө коюуну ойлонууда.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(19)
11.01.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
туура озубуздун каналдарды санарипке откозсун!
11.01.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ГЭС терди тездетип курбасак болбой калды.
11.01.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Орус каналдарына озгочо макам берууго каршымын
11.01.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Россия ар дайым озунун гана кызыкчылыгынын астында иш алып барат кайсы жерде болбосун.
11.01.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар бир өлкө, өз кызыкчылыгы үчүн иш алып барат да. Бул мыйзам ченемдүү кбюөрүнүш. Бир өлкө чын дилинен башка өлкөгө күйгөнүн кайдан көрдүңөр эле. Карыз ала берсе, жей берсе бир эркекче сүйлөй албай калат өлкө башчы. Тили кысык адамдай болуп. Өлкө нейтралдуу саясат жүргүзүүсү керек. Бирөөгө көз каранды болбой!
11.01.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушу атка минээрлерди башына атып салса
11.01.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
"Объективдүү себептерден улам Орусия тараптан аткарылбай калышы мүмкүун" дебей кол койдунбу аткар дебейсинби,колундан келбесе ордуну бошотуп бер да колунан келгендерге
12.01.2016. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Orusiyanin kanaldarina makam beriluusuno karshibiz!
Ozubuzdun kanaldardi kop kop korup,ozubuzdun tele radio kompaniyalari onuksun.
12.01.2016. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Россия Кыргызстан Алгааааааааааааааа!!!
кытайдын жунгого назар телеканалын жок кылыш керек
бовосо кундо кытайдын жакшы жашоосун корсотуп кыргыздардын психакасын озуно буртат
Россия №1
12.01.2016. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
туура араб инвесторлорун тарткыла ошолордун акчасы коп Назарбаев Астананы ошентип эле гулдотуп салды орустар эптей албай калды го
13.01.2016. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстандын биринчи улуттук каналдан эле калбайлык
13.01.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Менда каршымын озубуздун каналдарды онуктуру керек
14.01.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озубуздун каналдарды онуктуруу керек,себеби элибизге башка уллуттан коро озубуздун маданиятты кобуроок синишин каалайт элем.
14.01.2016. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Озубуздун каналдарда эч кызыктуу беруу жок,качан койсон телевизорду МАЕК деп эки стулду коюп олтуруп алып мыжындап уйку келерлик создорду суйлой беришет.Жанылыкты болсо кайталоо кыла берет.Росс тв ларда свежий дуйнолук жанылыктар,жакшы кызыктуу беруулор бар.
15.01.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bolotbai3,кызыктуу эмес болсода оз тилибизде!кызыксан барабан орнотуп алып коро берсе болоторусия каналдарын!
14.01.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Орус менен дос болсон, айбалтанды ала жур, деп тээ илгери эле бекеринен айтылган эмес. Кичине араактан бери эле болуш керек го дейм. Коомдук талкуу деп кылчактабай эле оздору, мамлекеттик денгээлде чечип койсо болот эле да. Кечирип койгула, биздин мамлекетибиздин критерийлерине туура келбейт, биз суверендуубуз, деп тарс тарс эле коркпой жооп берип.
15.01.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баягы эле баягы келесоо бийлик бизде тооооооообо!Андан коро туштукто озбек телеканалдарына чектоо киргизбейби!кыргыз каналдары тартбаган жерлерде керелден кечке озбек каналын коргонго манбурбуз,тилибизда бурулуп,ан сезим да озгоруп баратат туугандар тарапка.Озбек,орус каналдарын жапсын Кыргызстанда!!Тундук орус пейил,туштук озбек пейил болуп баратат.Кандай эле ушуга гилейген баштары,акылдары жетбейт!!!!!!!!!!!!
15.01.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизге орус пропагандасы кереги жок!!!!
17.01.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макам деген эмне?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо