-

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Туризм департаментинин мурунку директору
МАКСАТ ЧАКИЕВДИН иши каралды. Сот аны күчөтүлгөн режимде 6 жылга эркинен ажыратты. Ал 2015-жылдын 28-майында ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миӊ сом пара берип жаткан жеринен кармалган.
-
Өкмөт башчы Темир Сариевдин айтымында, ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯ 15-январдан тарта бериле баштайт. Биринчи кезекте медиктер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер алышат.
-
Кыргызстанда сыртта иштеп жүргөн МИГРАНТТАРДЫН 56 462 баласы чоӊ ата, чоӊ энелеринин колунда багылып жатат.
-
3-январда Ош-Бишкек жолуна жакын ойнотулган УЛАК ТАРТЫШ 10 чакырымга чукул созулган унаа тыгынын пайда кылган. Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаевге бул улак тартыш үчүн эскертүү берилди.
-
Кыргызстанда АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН 95 650 үй-бүлө бар. Мындай үй-бүлөлөрдүн эӊ көбү Жалал-Абадда катталып, 34 411 адамга жетет.
-
2015-жылы Кыргызстанда 143 адам АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАН ажыратылган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.
-
РУСЛАНБЕК ЖУМАНАЗАРОВ спорт жана жаштар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
-
Жогорку Кеӊештин депутаттары «ПАРЛАМЕНТТИК ТАКСИ» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында жарандарды аптасына бир жолу бекер ташыйт.
-
БУУнун миссиясындагы кыргыз контингентинин командири, полковник МЫРЗА АБАСКАНОВ офицерлер арасында өткөн сынакты жеӊип чыгып, Суданда БУУнун ротация башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
-
12-январдан баштап «ЭКИ СААТ ИЧИНДЕ ПАСПОРТ» жаӊы кызматы ишке кирди. Анын баасы ID-card үчүн 6500 сом, жалпы жарандык паспортко 6 миӊ сом.
-
Бишкек шаарында 5 миӊдей ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛУУ каттоого алынган. Анда биринчи орунда эмчек рагынан жабыркагандар турат.
-
2015-жылы ОШ-БИШКЕК ЖОЛУНДА жол кырсыктарынан 100 киши кайтыш болгон.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg