9-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Көпүрө аймагынын Өзбекстан менен такталып бүтө элек бөлүгүндө кайрадан чыр чыгып, ок атышуу орун алды. Маалым болгондой, төрт кыргыз жараны чек араны бойлой жайгашкан суу түтүктөрдү бузууга аракет кылышкан. Ал түтүктөрдөн аккан сууну Өзбекстан тарап да пайдаланган. Өзбек чек арачылары бузуу аракетин токтотууну буюрушуп, ок чыгарышкан. Натыйжада кыргыз жарандарынын биринин бутуна ок тийген. Жаракат алган жаран Өзбекстандын Наманган облусунун шаардык ооруканасына жаткырылып, 11-январда кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Ошол эле 9-январь күнү Ош облусунун Араван районундагы Кум-Бел аймагында 4 белгисиз адам кыргыз жарандарынын 332 кой-эчкисин уурдап, Өзбекстандын аймагына айдап өтүп кетишкен. Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча өкүлү Өзбекстандын Булак-Башы аймагынын чек ара өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада малдын көбү Өзбекстандын Көк-Бел аймагынан табылган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 10-январда өзбек чек арачылары 146 кой-эчкини кыргыз тарапка өткөрүп берди. Азыркы тапта эки өлкөнүн укук коргоо органдары мал уурулукка шектүү жарандарды издеп жатышат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg