
2016 -жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда оӊ рулдуу унааларды коммерциялык негизде, башкача айтканда, эл ташып иштөөгө пайдаланууга тыюу салынган. Бирок аталган мыйзам бузулган учурда кандай айып салынары белгисиз болчу. 13-январь күнү Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар оӊ рулдуу унаалар такси катарында пайдаланылса, анда акчалай айып салынышы керектигин биринчи окууда колдошту. Айрым депутаттар оӊ рулдуу унааны такси катары пайдаланууга тыюу салууну 2018-жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Мыйзамды демилгелеп жаткан эл өкүлү
Алтынбек Жунус уулу: «
Оӊ рулдуу унааларды коммерциялык негизде пайдаланууга тыюу салуу мөөнөтүн 2018-жылга чейин узартуу боюнча мыйзам биздин элдин социалдык абалын эске алуу менен сунушталып жатат»,- деди. Жогорку Кеӊештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы
Иса Өмүркулов да 6-январдагы комитет жыйынында:
«Азыр оӊ рулдуу унаа айдагандардын көбү үй-бүлөсүн унаасы менен багып, насыяларын төлөп жатышат. Акча таап жаткан унаасын иштетүүгө тыюу салганыбыз туура эмес болуп калат»,- деген эле.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg