ТАҢКЫ ПАЙДАЛУУ 10 АДАТ

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж

Дени сак, сергек жашоону кимдер гана каалабайт? Бирок ал үчүн аракет кылгандар аз. «Сөзсүз ушул дүйшөмбүдөн тартып диетага отурам, спорт менен алектенем, жок дегенде таӊ эрте чуркап арыктоону баштайм» дегендер канча? А бирок убактысы келгенде күнүмдүк турмуштун түйшүгүнө алаксып, пландалган бойдон кала берет. Урматтуу окурман, дүйшөмбүнү күтпөй эле бүгүнтөн баштап пайдалуу адаттарга өзүбүздү көндүрө баштайлы. Ал үчүн ушул макала жардамчы болсун.|

1) Эрте ойгонуӊуз! Дүйнөлүк статистикага көз чаптырсак, эрте ойгонгон адамдын дене түзүлүшү идеалдууга жакын жана мүнөзү жайдары болот. Бул сизге шык берсин.

2) Төшөктөн туруп эле терезеӊизди ачып, үйгө күндүн нурун киргизиӊиз. Бул сиздин уйкусурабай дароо жанданышыӊызга жардам берет.

3) Ачкарын бир стакан суу ичиӊиз. Сууну кечинде даярдап коюуну унутпаӊыз. Жакшысы, кайнатылган сууну муздатып ичсеӊиз, сизди сергитип, организмдеги зат алмашууга өбөлгө болот. Кошумча таӊкы көнүгүүлөрдү дагы ачкарын жасоого өтүӊүз.

4) Сөзсүз тамактаныӊыз. Кофе бул тамак эмес! Ойгонгон соӊ эки сааттын аралыгында бир нерсе жешиӊиз керек. Тамак жасоого убакыт коротпой таӊдын камын кечинде көрүп, каалаган нерсеӊизди бышырып коюӊуз. Канчалык шашылып жатсаӊыз да 10 мүнөт тынч отуруп тамак жегенге көнүӊүз.
Эгер эч жакка барбасаӊыз, өзүңүздү иретке келтирип, таза, тыкан кийинип алып дасторконго отуруӊуз. Антпесе таӊ эрте өзүӊүздү жүдөмүш сезгениӊиз акырындан депрессияга жол таап берет.

5) Курамында белогу бар даамдарды тандоо керек. Мисалы, жумуртка, балык же йогурт.

6) Таӊкы медитация. Бул учурда өзүӊүз менен өзүӊүз сүйлөшпөй, жаман нерселерди ойлонбоӊуз.Таза аба менен дем алып, тоодо эс алып жүргөнүӊүздү элестетип, башыӊыздан өткөн жагымдуу көз ирмемдерди эстеӊиз. Медитация учурундагы позитивдүү ойлор ашыкча салмактан арылууга да жардамчы экени эсиӊизде болсун.

7) Ашыкча салмактан арылууга көк чай жардамга келет. Ал организмдеги зат алмашууну тездетип, жыйынтыгында майлардын эришине себепкер болот.

8) Телефонуӊузга «мен сергек жашоону тандайм, зыяндуу адаттарга алданбайм» деген сыяктуу эскертүүчү коӊгуроону коюп коюӊуз. Бул айланадагы азгырыктарга алдырбоого жакшы өбөлгө болот.

9) 10 мүнөт тамашалуу видео көрүӊүз же анекдот окуӊуз. Өзүӊүздү кармабай каалаганча каткырып, эс алып алыӊыз.

10) Жогорудагы кеӊештерди аткарам десеӊиз, анда эрте уктоо керек. Себеби кеч жатып, эрте ойгоном деп уйкуӊуз канбай, өзүӊүзгө пайданын ордуна зыян тийгизип алышыӊыз ыктымал.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(39)
18.01.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chon rahmat!tuura
18.01.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Не до тамашалуу видео тан атпай балдарымдын ыйлаган видеолору)))))
18.01.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+62
Туура айтасыз, эрте менен балдар бакчага барбайбыз деп "концерт" коюшат, жолдошун бол тез мага чай даярда,жумушка кеч калтаааам,бол эле боооол деп опера ырдап турса,кузгудон озунду караганы эмес, атынды таппай каласын. Эрте жатканы мумкун эмес, балдарды уктаткыча эле 23,уй жыйнап,эрте мененкиге бир нерсе даярдаш учун тунку он эки,балдар менен,жолдошундун эртенки кийимин даярдагыча тунку бир,озунду карап уктагыча тунку 2-3,ошо менен козду бир жумуп ачсан уже саат 8. Анан танкы тополон башталат
18.01.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bereke10,ха ха ха реалный нерселерди жазыпсынго а
19.01.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Bereke10,ушунун озу бакыт эмеспи ...
мына сизге эрте мененки конугуу
20.01.2016. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10,плюс басам деп минус басып алдым, сиздин айткандарынызга толугу менен кошулам.
21.01.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bereke10,толтура шылтоо
23.01.2016. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10,эн туура мен да кошулам.
18.01.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суроттогу кыз Айданабы? Аваз Акимов мн ырдаган кыз.
18.01.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан атпай "йогурт" зыяндуу!
18.01.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айдана татынакай болуп калган го. Жакшы кеңештер экен.
18.01.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:-)))) бул так мен жонундо жазылыптыр:-))))))
18.01.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
balzak,мактангандан оло кач дешет.
18.01.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кенеш экен рахмат суппер
18.01.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Министрдин баласыда мындай озуно кам корбосо керек.Муну окусан булуттарда жургондой болосунго.
19.01.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенештер! Арасынан анча мынчасын аткарат экенмин.
19.01.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-2 эрежелер эле туура келет экен мага. Биз москвадабызда эрте мн эрте туруп бети колуну жуубасан элдер бирин артынан бири туруп баштайт душка очерет тийбейт. созсуз эрте турабыз анан бир стакан сууну ичип ишке жонойбуз.
22.01.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chika-chika88,инстаграммдан мактанышат эле мактанышат королучу кол иштери кандай экен
19.01.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
шоу бизнестеги ырчы,актер жубайларын же суйлошкон кыздарын чакырып конкурс уюштурбайсынарбы? тамак аш боюнча же болсобо башка
19.01.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кышында терезени кантип ачасын? Эртен менен караңгы го. Жумушка караңгыда кетебиз.
19.01.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрте менен туруп бир стакан лимон суу ичип даарат алып чыксан соонун сергип уйку келбей калат.
20.01.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тунуго кызым бешиктен 2-3 жолу ойгонот, уйкум качып кетет. бул конугуулор мен учун эмес экен
20.01.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр саат тунку 2:35балам али уктай элек эртен созсуз 10до турам бул эрежелер балдары чоноюп калгандар,бадасы жокторго студенттерге туура келчудой жакшы кенештер экен!
20.01.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм жакшы кенештер экен
20.01.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм...кыскасы багымдатка турган бойдон уктабасанар ошондо эн сонун воооопще бардыка жетишесинер...
21.01.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke 10 сонун жазыптырсын,мен дагы кошулам.Менин жашоомду жазып койгонбу деп да ойлонуп кеттим.:-)
21.01.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
иши жоктор не кылат жата беребизда, туну бир маалга чейин тв коруп
21.01.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулуу кыз екен, фигурасына соз жок жаактыы)))
21.01.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеннештер аткарсак бизге пайда
21.01.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дайыма тамактан алдын 1стакан суу ичем тамакты саат 6 дан кийин тамак жебейм ушул адатка уйронуп калдым
22.01.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии бул танкы 10 пайдалууну жасоого бойдоктор эле аракет кылбаса... мага окшогондордо таптакыр убакыт жок. Эрте менен баланын ойгонушу менен ойгоносун. Кечинде бала уктагандан кийин бир топ майда-барат иштерди жасайсын. Уйкуга киришкичен тун болот. Даже туш корууго жетишпей каласын. Анан эле балан ойгонот. Ал ойгонгондо уйкун канса, канбаса турушун керек. Чын эле, ойлоп корсом, коптон бери туш корбойт экенмин...
22.01.2016. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушулардын ичинен бироон эле аткарат экенмин-бир стакан суу,всё.
22.01.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кенеш мага эле жазылгандай балдарым чонойгон фигурага карап калгамын. Жакшы кенеш экен дагы кутобуз
23.01.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rozka,))))))))))))))))
Балдарыыы(баласы да эмес).Значить их несколько.А после нескольких родов какая фигура может быть я не знаю)))
23.01.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарым тынч отурганы ошо мага танкы маанай ,туну менен жок дегенде 4!5жолу ойгоносун балдарды караганы бул эрежелерди мен сактай албайт экенмин.
24.01.2016. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен,сиздерге чон рахмат.
24.01.2016. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен менен туруп Намаз окугула, дуа кылгыла. Кечке чейин настроение 5+
12.03.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир кыргызстанда жашаган жарандардын айлык акысы ушундай адатка конууго жетет болду бекен
18.03.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1aida 1je 2 jolu ele dem alam ubakyt jok erte mn kozumdu achyp jumup jatyp jumushka kettem 1 stakan suunu ichkenge zoorgo jetishem
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо