Василий Куценко: «КУХНЯНЫН» СЦЕНАРИЙИН ЖАЗУУГА РЕСТОРАНДА ИШТЕГЕНИМ ЖАРДАМ БЕРГЕН»

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж

Орусиялык СТС каналынын «Кухня» ситкомун кызыгып көргөндөр арбын. 6 сезон болуп тартылган бул комедиянын башатында биздин мекендештер турарын билчү белеӊиз? Эгер билбесеӊиз, сиз үчүн кызык маалымат. Василий Куценко «Кухня» эле эмес, дагы бир катар комедиялык сериалдарга сценарий жазган мекендештерибиздин бири. Ал чыгармачылык карьерасын Бишкектен, КВНден баштаган...

Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 28-март
Туулган жери – Кыргызстан, Талас шаары
Билими – КОСУ, программист
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы
Сценарийлери – «Даёшь, молодёжь», «Кухня», «Как я стал русским» ситкомдору

– Саламатсызбы, Василий? Популярдуу орусиялык бир катар сериалдар биздин мекендештердин эмгеги экенине сыймыктанабыз. Мекениӊизди, балалык кезди эстегенде кандай көз ирмемдер тартылат?
– Рахмат, саламатсыздарбы? Мен Талас шаарында төрөлүп, Фрунзеде өстүм. Баатыр Манастын мекенинде төрөлгөнүмө сыймыктанам. Балалыгыма көз чаптырсам, томпок, жоош бала болгон экем. Жоош болгондуктан апам мени «кошуналарга коркпой таштап кете берчүмүн» дейт.
Азыркыдай сценарист болбосом, анда менден жакшы бизнесмен чыкса керек. Себеби 6 жашымдан эле соода-сатыкка кызыгып, акча таап баштагам. Чоӊ энемдин короосундагы өрүктөрдү чакага терип алып, аялдамаларга алып чыгып сатат элем. «Бир банка өрүк сатып алгыла, 3 рублдан, мага да, силерге да жакшы» деп кыйкырчумун. 1-класста «Ош базардын» жанынан «супер-бизнес» ачтым. Кудуктан чайнекке суу алып, бир кружкасын 1 рублдан сатчумун. Андан соӊ гезит сатып акча таап жүрдүм. Иши кылса жөн жүрчү эмесмин. Азыр ошол кездерди жылмаюу менен эстейм.
– Бала кезден эле чыгармачылыкка жакын белеӊиз?
– Жооштугумданбы, улуу балдардан көп таяк жеп, апама да көп арыздандым. 6 жашымдан баштап футбол, күрөш, бокс, таэквондо, кыскасы, спорттун көп түрү менен машыгып, өзүм үчүн жооп бере турган болгондо даттана бермейим калды. 9-класска чейин аскер кызматкери болом деп жүрдүм. Бирок «аскер болуш кыйын» деп ата-энем каршы болуп коюшту. Чынында, бирөөнү күлдүргөн бул жакта турсун, сахнага чыгып бир нерсе айткандан тартынчумун. Канчалык элдин көӊүл борборунда болгум келсе да, тартынчаактыгым жеӊип кетчү. Эжем бул жаатта активдүү болуп, университет лигасында КВНде ойночу. 9-классымда эжем биздин мектепте КВН командасын түзүп, ошондо гана өзүм үчүн чоӊ ачылыш жасадым.
– Демек, алгачкы кадамдарыӊыз КВНден башталган экен да?
– Ооба, университетти аяктагандан кийин Алматыга иштегени кеттим. Алматыда РУДН КВН командасындагы балдар Сангаджи Тарбаев, Эдуард Илоян менен таанышып калдык. Ал кезде Элдияр Кененсаров, Жанат Керимбаев үчөөбүз бир команда болуп, Алматыдагы шоу-стендап долбоорго катышчубуз. Балдар үчөөбүздү Москвага чакырышты, чогуу «Улуттар түсү» (кийинчерээк «Улуттар лигасы») берүүсүн чыгарып, бирок ал долбоор ийгиликсиз болуп, 2-сезондон кийин жаап салдык. Андан кийин Виталий Шляппо, Алексей Троцюк деген белгилүү продюсер, сценаристтер менен биригип, СТС каналында «Даёшь, молодёжь» скетч-шоусун иштеп чыктык.
Бара-бара Москвада юмор чөйрөсүндө көп тааныштарды арттырдык. Өзбек КВНинде ойноп жүргөн тааныш балдар «ресторан тууралуу бир нерсе тартпайлыбы?» деп жүрүшкөн. Ойлонуп көрсөк, чын эле ресторан темасында кинолор аз экен. Анын үстүнө баарыбыз ресторанда иштеп, бул жаатта түшүнүгүбүз бар эле. Ошентип сценарий жазып, жыйынтыгында «Кухня» сериалы жаралды.
Былтыр күздө СТС каналынан чыгып баштаган «Как я стал русским» долбоорунун сценарийин мен, эжем Татьяна Эрдемир, Александр Сломнюк (ал да биздин мекендеш) иштеп чыкканбыз. Кесиптештерибиз «юмордун кыргыз гастарбайтерлери» деп бизди тамашалап айтышкандай, чын эле Орусиянын рыногунда кандайдыр бир орун ээлеп калдык.
– Кыргызстандык жигиттин орусиялык телеканалдардан ордун табуусу кыйын болдубу?
– Башка жактан барып, Орусиянын телевидениесинен орун табуу оӊой эмес. Мени досторум чакыргандыктан, алардын канаты астында болдум. Андыктан мага оорчулугу билинген жок. Биз аракет кылдык, көрүүчүлөр баалашты. Бул ар бир жаратуучу, сценарист, жазуучунун кыялы болуш керек.
– Катар-катар долбоорлорду чыгарып жатасыздар. Бош болуп калган учурда эмне менен алектенесиз?
– Бош отуруп калган убактым дээрлик болбойт. Бир аз эле жылчык табылса кино көрүп, китеп окуганга аракет кылам. Болбосо жаӊы идеяларды ойлоп, кыскасын айтканда, мээм бош болбойт.
– Мекениӊизге бат-баттан эле келип турасызбы?
– Кыргызстанга бат-баттан барып тургум келет. Шартка байланыштуу көп бара албай жатам. Акыркы жолу 5 жыл мурун досумдун үйлөнүү тоюна барган элем. Досторумду, мекенимди сагындым, эмки жылы буюрса, барсамбы деп жүрөм.
– Акыркы кезде мекендештерибиз юмор жаатында көп ийгиликтерди багындырып келатышат. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Мен КВНге кызыгып, ойногум келип жүргөн учурда Кыргызстанда КВНдин деӊгээли начар болчу. Казакстанда «кайдагы балдар айылдан келип, өнөрүн көрсөтүшөт» дегенсип бизди 2-лигадай кабыл алышчу. Бирок бизде таланттуу балдар чогулуп, жакшы баштадык. Дароо эле алматылык лиганы, андан кийин Челябинскке барып Урал Лигасын жеӊип, гала-концертке катыштык. Биз толугу менен кыргыз КВНин өзгөрттүк дебесем да, анын өнүгүшүнө кандайдыр бир таасир бере алдык. Командабыз 33 жыл аралыгында алгачкылардан болуп Сочи фестивалында ойноду.
Кыргыз күлкү жаратуучуларынын ийгиликтерин мен жакшы толкун деп атамакмын. Канчалык ийгилик жаратышпасын, жаштар мындан ары да изденип, өсүшү керек.
– Маегиӊизге рахмат. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Мекендештерибиздин сценарийине жазылган «Кухня» тасмасы 2014-жылы мыкты ситком аталып, «Тэфи» сыйлыгын алган.

Василий жубайы Юлия менен жер кезип көп жүрүшөт.

«Кухня» сериалында роль жараткан дагы бир мекендешибиз, актриса Жаӊыл Асанбекова менен.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(23)
25.01.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсынар.Онорунор оркундой берсин ылайым.Чындыгында Кыргыз эли сыймыктана турган иш кылып жатасынар,молодецтер.
25.01.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
оо кандай жакшы кабар демек кыргызыстандык экен да окуп сүйүнүп калдым эми орустарга мактанбасамбы биздин мекендеш деп иштериңизге ийгилик
25.01.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Лига нации деген телеберуудон жакшы таанып калыптырмын. Ошондо да биринчини алышкан Кыргызстандыктар аябай суйунгом. Азамат демекчимин
25.01.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы сериал, 5 сезонду тен коргом,эми алтынчысын кутуп жатам!
Бишкек, Кыргызстан жонундо коп эскерилет, а Айнуранын (Жаныл Асанбекованын) плов басканы эле сонун)))
25.01.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azura,бул кино мага да жагат,эми качан башталаарын биле аласы3бы?
30.01.2016. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kushtarbek345,СТСте саат 18де берип атат.
Кайталап коруудон эч тажабайсын да соонун сериал
25.01.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кухня аябай сонун сериал Азаматсыңар
25.01.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай соонун сериалда ушул кухня кундо коруудон тажабаймын, удачи брат.
25.01.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орус сахнасын орус телевидениесин багындырып ал жерден оорун алуу ото чон эмгекти талап кылат. Акыркы кезде оз талантары менен мекендештерибиз онор корсотуп орус сахнасынан телесинен чынып,кыргыз мамлекетин дуйного таанылышына чон салым кошуп жатышкандары абдан кубандырат. Биз башка коншу улутарга караганда акыл эстуу талантуу калкпыз ошого сыймыктаналы.
25.01.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен биринчи сезонун бүткөндөн кийин күндөп түндөп көргөн элем. Сонун чыккан.
25.01.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рахмат СуперИнфо!Гулжамал Борукуловага озгочо чоон рахмат.Кыргызстандан чыккан орус улутундагы мекендештердин жетишкендиктерин сыймык менен кабыл алганынарга.Суйунгонумдон козумо жаш алдым.Караанындан кагылайын Кыргыз жерим,Кыргыз элим,Кыргызстандан чыккан орус улутундагы мекендештердин атынан терен ыраазычылык билдирем.
26.01.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат ушундай мекендештер менен сыймыктанам
27.01.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун сонун.ийгилик каалайм мекендешибизне
28.01.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyng Vasily!
28.01.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам ишинерге ийгилик Кыргызстан жонундо да фильм тартсаныздар Жакшы болмок
29.01.2016. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эйоо кептин баары бул жердего ыя...Молодцы иштеринерге ийгилик..Биз жака да келип жакшы бир кино тартып кетсенер соонун болмок..
29.01.2016. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мекендеш азаматсын!!!
29.01.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мекендешибиз экен да корсо сценарист. Айнурочка да сонун роль жараткан.
29.01.2016. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун сериял
30.01.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра кайра көрүүдөн эч тажабайм.Соонун сериал.Кыргызстандык экени өтө кубандырды.
31.01.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинону коруш керек экен.
04.02.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыгып коруудон тажабайсын эн сонун сериялда
13.02.2016. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы Александр Васильевич кайда болду экен?! аябай жакшы киши, балдарына мыкты тарбия берген. Сыймыктанабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо