БИР БҮРКҮМ

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж

  • Кыргызстандан чет өлкөгө узак убакытка жылына 50 миӊден ашуун адам кетет.
  • Токтогул ГЭСинде декабрь айында иштен чыккан 2 агрегаттын бири иштеп баштады. Экинчисинин оӊдоо иштерине 2 айдай убакыт кетери айтылган.
  • Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, өлкөдө 3 миӊ адам химиотерапияга муктаж жана ал дарылоонун бир курсу миӊ доллар турат.
  • Бишкек мэриясы сыйымдуулугу 100-105 жүргүнчүдөн турган 50дөй жаӊы троллейбус сатып алат. Учурда борбордо 149 троллейбус каттайт.
  • АКШнын сенаты Кыргызстанды коркунучтуу өлкөлөрдүн катарына киргизүү сунушун четке какты.
  • Жаӊы түзүлгөн улуттук энергетикалык холдингге Айбек Калиев жетекчи болуп дайындалды. Ал буга чейин экономика министринин энергетика боюнча орун басары болуп иштеп келген.
  • 2015-жылдын ичинде Бишкек шаарында катталган жол кырсыктарында 111 киши, анын ичинде 7 жаш бала көз жумган.
  • Аскар Бешимов Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Тышкы иштер министринин орун басарлык кызматында иштеп келген.
  • Жогорку Кеӊештин Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, KG сериясындагы бардык 121 унаа номерлери алынып, андан ары жок кылуу үчүн тиешелүү бөлүмгө өткөрүлүп берилди.
  • 2015-жылы жол эрежесин бузган айдоочулар 405 миллион сом айып пул төлөшкөн.
  • Кыргызстанда 18 жаштан улуу адамдардын 6 миӊ 593ү жана 447 жаш бала ашыкча семирип кетүүдөн жабыркап келишет.
  • Баткен облусундагы 19 айылда телефон байланышы жок.
  • Кыргызстан Интерполго 160 миӊ евро карыз. Аталган уюмга мүчөлүк акы үчүн 15 миӊ евродон жылына төлөнүшү шарт. Кыргызстандын карызы 2002-жылдан бери чогулган.
  • Ошто «9 жаштагы баланы зордуктаган» деп айыпталган медресенин мугалими психикалык жактан жабыркабагандыгы аныкталып, 15 жылга эркинен ажыратылды.
  • «Ислам мамлекети» террордук тобунун лидерлеринин арасында кыргызстандык жарандар жок. Бул тууралуу УКМК билдирет.
  • Кыргызстандын муфтияты жана башка компетенттүү органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан аттестациядан өткөн 2,5 миӊ имамдын 800ү гана өз кызматына туура келери белгилүү болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо