«КҮЛБОТО, ЧИЙКИ ЭТ ЖЕГИМ КЕЛЕТ. ЗЫЯН ЭМЕСПИ?»

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

Редакциябызга «Дайыма күлбото жейм. Боюмда болгону ансыз жашай албай калдым. Зыян эмеспи?», «Беш жаштагы балам чийки камырды жегенди жакшы көрөт. Мунун себеби эмнеде?», «Кызыбыз «чийки эт жегим келе берет» дейт. Кээде 1-2 тиштеп жеп да алат. Бул бир ооруну билгизбейби?» деген сыяктуу каттар көп келет. Андыктан жебей турган нерселерди жеш эмнеден деген суроонун жандырмагын Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбеков айтып берет.

АЛЛОТРИОФАГИЯ – ОРГАНИЗМДЕ КЕРЕКТҮҮ БИР ЗАТТЫН ЖЕТИШСИЗДИГИ
Самын, кагаз, көмүр, бор, чийки эт, чийки камыр, ширеӊкенин башы, топурак (күлбото) сыяктууларды жемей адат илимде аллотриофагия деп аталат. Аллотриофагия – байыркы грек сөзү, бизче «чоочун, жат нерселерди жеш» дегенди билдирет.
Негизи кичине балдар (1,5 жашка чейин) эмнени жеш, эмнени жебеш керек экенин ажырата элек кезинде колуна тийгенди оозуна салары белгилүү. Бирок акыл-эс кирип, чоӊоюп, ал тургай үй-бүлө күтүп калганда деле жебей турган нерселерди жемей адатын калтырбагандар бар. Кээ бирөөлөрдө, тескерисинче, аллотриофагия кийин пайда болуп, канча бир ай же жылдан соӊ жоголот же адатка айланып кетет. Илимде аллотриофагия көбүнчө акыл-эси кем болгондорго, шизофрения менен ооругандарга тиешелүү делинет. Ал эми дени сак адамдарда эмнеден келип чыгарын илим организмде кандайдыр бир керектүү заттын (витамин, аминокычкыл, микроэлемент жана башка) жетишпестигинен деп түшүндүрөт. Ошол жетишпеген нерсенин ордун толтурганда жаман адат жоголот. Көбүрөөк кездешкен аллотриофагияларга токтолуп көрөлү.

ШИРЕӉКЕНИН БАШЫН ЖЕМЕЙ
Себеби эмнеде? Организмде күкүрт жетишпейт. Ширеӊкенин чийинин башына күкүрт (сера) сыйпалат. Күкүрт жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө жана иммунитеттин бекем болушуна жардам берет. Анын жетишсиздиги дайыма ич катууга, кандын начар уюшуна, теринин бошоп шалбырашына жеткирет. Чач, тырмак сынма болуп, өӊү өчөт. Акырындап артрит, подагра оорулары чыгуусу мүмкүн.
Организмге зыяны. Ширеӊкенин башында (головка) күкүрттөн башка заттар да бар. Андыктан көп жегенде уулануу коркунучу чыгат. Күкүрт канга сиӊип, көӊүл айланууну, кусууну, шалдыроону жаратат. 
Эмне кылуу керек? Врачка барып текшерилүү кажет. Күкүрт үндүк, балык, коён эти, жумуртка, пияз, сарымсак, түрп, шалгам, шпинат, сыр, жүзүм, алма, капуста, гречка, нокотто көбүрөөк болгондуктан, буларды көп жеш сунушталат.

ЧИЙКИ КАМЫР, МАКАРОН ЖЕМЕЙ
Себеби эмнеде? Анемиядан келип чыгуусу мүмкүн. Бирок окумуштуулар муну оорудан мурун зыяндуу адат катары баалашат. Бир жолу жеп, акырындап ошону адат кылып алгандар кездешет.
Организмге зыяны. Чийки болгондуктан ашказан, ичегинин сиӊирүүсү кыйын, боор, өткө да күч келет. Андыктан өт, боор, ашказан, ичеги оорулары жаралышы ыктымал.
Мисалы, гастрит, ашказан жарасы, панкреатит. Чийки азыкта микробдор, мите курттар бар болсо, оорулар жаралат.
Эмне кылуу керек? Анемия жок болсо, жаман адаттан арылуу кажет.

ТОПУРАК, БОР, КҮЛБОТО, ЧИЙКИ ЭТ ЖЕМЕЙ
Себеби эмнеде? Булар организмде темирдин, кальцийдин жетишпестиги же организмде темир, кальцийдин сиӊишинин бузулушу. Топурак, күлбото, бор жемей айрыкча анемиядан жабыр тарткандарда кездешет. Анемиясы жок болсо деле айрым кош бойлуу аялдар күлботого же борго талгак болуп, самап жешет. Бул зыяндуу адат.
Организмге зыяны. Топурак, күлбото, бордо жугуштуу ооруларды козгоочу микробдор болушу мүмкүн. Анан аталгандарды жейм деп аларды жугузуп алууга болот. Андан тышкары ич катуу, ич катуудан геморройдун чыгуусу ыктымал. Күндө көптөн жегендердин ичегиси бүтөлүп, операция болууга чейин жетиши мүмкүн. Ичеги мите курттарынын жумурткалары топуракта кездешкендиктен, топурак аркылуу алардын жугуу коркунучу бар. Андай мите курттарга лямблия, аскарида, тасма курт жана башкалар кирет. Борду, топуракты, күлботону көп жегенден өттө, бөйрөктө таштар жарала тургандыгы аныкталган.
Чийки эттен бруцеллёз, сибирь жарасын, ошондой эле боор курту болуп саналган эхинококкту, альвеококкозду жугузуп алуу мүмкүн. Анын үстүнө чийки эттен ашказан, ичеги оорулары, кийин рак жаралат.
Эмне кылуу керек? Врачка көрүнүп, анализдерди тапшыруу кажет. Кокус темир жетишсиздиги анемиясы бар экени аныкталса, ошого жараша дарылануу жана курамында темири көп азыктарды көп жеш керек. Темир балыкта, малдын жана үй канаттууларынын боорунда, чечевица, укроп, петрушка, деӊиз капустасында көбүрөөк. Кальцийдин жетишсиздиги аныкталса, врачтын көрсөтмөсү боюнча керектүү дары-дармектерди кабыл алуу менен курамында кальцийи көп азыктарды рационго кошуу кажет. Аларга сүт азыктары (сүт, сыр, быштак, айран), балык, брокколи, жүгөрү, буурчак жана башкалар кирет.

КҮЛБОТО – БУЛ ЧОПО ТОПУРАК
Бишкектин «Ош базарына» барып күлботону дүӊүнөн саткандарга жолугуп, «аны кайдан аласыӊар?» деген суроо узаттык. Алар бизге: «Күлбото менен бизнес жасагандар бар. Алар Бишкектин базарларына Токмоктон, Токтогулдан жана Сүлүктүдөн жүк ташуучу машиналар менен алып келип, дүӊүнөн өткөрүшөт. Сатуучулардын айрымдары 0,5 тонна же 1-2 тонна алып, анан аны мүшөктөп, килограммдап сатышат. Көчөдө майда-чүйдө саткандар килограммдап алып, аны кичине целлофан баштыкчаларга салып сата беришет. Бизден башка аймактарга, ал тургай Казакстанга, Орусияга алып кетчүлөр бар. Дүӊүнөн өткөргөн адамдар күлбото чыккан жерлерди экскаваторлор менен каздырып, анан жүктөтүп алып келишерин айтышат.
Андыктан аларды таза жерден, таза кылып казарын айта албайбыз. Өтүп жатат, демек, сата беребиз. Ден соолукка зыянбы же башкасын билбейбиз. Аны жегендер өздөрү тактап алышпаса...» деп жооп узатышты.

КАГАЗ ЖЕМЕЙ
Себеби эмнеде? Кагаз жегенге эмне түрткү болору илимде так аныкталган эмес. Көптөр «стресстен улам келип чыккан зыяндуу адат» дешсе, айрымдары «анемия же организмде өсүмдүк клетчаткасынын жетишсиздиги себеп» дешет.
Организмге зыяны. Ичеги, ашказан оорулары жаралат. Газета менен китептерде типографиянын коргошуну менен боёгу болгондуктан организмди уулантат. Бөйрөккө, боорго күч келет.
Эмне кылуу керек? Врачка текшерилүү кажет. Анемия болсо дарылануу, өсүмдүк клетчаткасы жетишпесе жашылча-жемиштерди көп жеш сунушталат.

САМЫН ЖЕМЕЙ
Себеби. Организмде цинктин жетишсиздиги.
Организмге зыяны. Самындагы жегич (щёлочь) зыяндуу заттар ооздо жана тамакта жараны пайда кылат. Ашказан жана ичегини жабыркатып, ооруларды жаратат.
Эмне кылуу керек? Врачка көрүнүп текшерилүү, мүмкүн кайсы бир оорудан улам келип чыгып жатса, аны тактатуу кажет. Эгер оору жок, болгону организмде цинк жетишпей жатканы аныкталса, анда курамында цинк бар азыктарды жеш зарыл. Аларга эт, жумуртка, соя, сыр, ашкабак данеги, жаӊгактар, козу карын кирет. Врач цинктин ордун толтуруучу дары-дармек (мисалы, цинкит, цинктерал) жазып берүүсү да мүмкүн.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
01.02.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
анееей мен гулботону коп жейм дааа зыянын билсем деле,эми кантип ташташты билбей жеген кундон баштап мен убара
01.02.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулботону жебейин деп,кальций глюконат жейм,бул дарыга дагы уйронуп алып таштай албай журом.
01.02.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулбото жегим келип кеттиго коруп
01.02.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чийки эт жегим келет деп кошунасынын кызын жеп койгон таксикоз келин жонундо маалыматы барлар жазып койгулачы, мен 3 адамдан угуп ишенбей жатам
02.02.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
agarai,мен да уккам калп го кантип эле
03.02.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
agarai,kantip jegen eken aityp koigulachy
01.02.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен аябай кир самынды жыттап-жыттап алам жегим келип кетет.Акиташ,красканын жытын да аябай жакшы кором
01.02.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кагазды ойда жедим. 1класстан 9класска чейин жеп журдум.
01.02.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен топурак, бор, кулбото жечу элем, корсо анемия болуптурмун (ЖДА-железодефитцитный анемия) деп коюшат экен, дары жазып беришти, торогондо 55 гемо мн торогом, азыр бекер дары берип турушат больницадан, Кудайга шугур 130 болуп калды гемо, топурак борду коргондо журогум айланат
02.02.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самын жегендер да болобу,тан калычтуу,ойдодогулордун бироосун да жеген эмесмин анемия болсом дагы. Чийки этти кантип жешет
02.02.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы гулбото жейм...
02.02.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер - Инфо, сунушумду четке какпаганыңар үчүн чоң рахмат:)
02.02.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен гулбото, жеймин кесек дагы.Эч эле арыла албай койдум.
02.02.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин кызым тырнагын жейт бул эмне себептен екенин билбейсиздер болсо жазып коюнуздарчы суранам..озум ойлоп калам кееде 16жашымда бобмда болуп жургон маалымда эч нерсе жебейт элем же ошол таасир болуп бир нерсе жетишпейби билбейм..
03.02.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruusha13,тырнак ичте осуп кетет го
03.02.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marmiladka9,ошону не себептен жейт экенин билбей жатам мен карап турган маалда жебейт жанында жок болсон жей калат
04.02.2016. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruusha13,Ичинде оспойт болгону ашказандын ичи жумшак былжырлуу болгондуктан ойколуп жара пайда кылуусу мумкун
04.02.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кыргызстандан 2-3 килограмм кулбото алдырып жейм,1-1,5 айга жетет.Нан жегендей жейм.Исим катат огентседа жейм.Негедир жок болсо нашам тугонгондой энсеп,тывырчылайм
05.02.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чопону суйомго суйом эхххх жегим келип кеттии
11.05.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жебеш керек зыян таштаганга аракет кылыш керек
Андан коро Алма,кефирлерди коп кооптоп ичип жеп туруңуздар...
13.05.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулбото жегим келип кеттигоо жебеймин деп соз бердим эле озумо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо