«АМАН КАЛГАН» АҢЧЫНЫН ЧЫНЫГЫ ЖАШООСУНАН АЛЫНГАН

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

Майкл Панкенин жашоодогу окуядан алынып жазылган романынын негизинде тартылган «Аман калган» тасмасы 2015-жылдын декабрь айында көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Башкы ролду ойногон Леонардо Ди Каприо бул тасманын көркүн толугу менен ачып бере алган.

Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Вестерн, триллер
Урааны – «Кашык кан калгыча...»
Режиссёру – Алехандро Гонсалес Иньярриту
Сценарийин жазгандар – Майкл Панке, А.Г.Иньярриту, Марк Смит
Башкы ролдордо – Леонардо Ди Каприо, Том Харди
Узактыгы – 2 саат 36 мүнөт
Бюджети – 135 миллион АКШ доллары
Сатыктан түшкөн акча – Январга карата 225 миллионго чукул АКШ доллары
Чыккан жылы – 2015-жыл

  • Аӊчы Хью Гласстын 1823-жылы башынан өткөргөн окуясы баяндалат.
  • Ди Каприого «Стив Жобс» тасмасына тартылуу сунушу түшкөн, бирок актёр «Аман калган» тасмасына тартылууну тандаган.
  • Тартуу иштеринде бир дагы жаныбар өлтүрүлгөн эмес.
  • Гласстын суудан аккан эпизодунда Леону 5 каскадёр алмаштырган.
  • Тасма көрсөтүүгө чыккандан бир нече күндөн кийин пираттык чабуулга кабылып, интернетке тарап кеткен.
  • Жалпы 12 номинация боюнча «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлүүдө.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
ХIX кылымдын экинчи бөлүгү. АКШнын түндүк батыш жагы. Индейлердин жерлерин талашуу курчуп турган маал. Териси баалуу жаныбарларга аӊчылык кылуу Жапайы Батышта жөнгө салынган кез. Бир канча адамдардан турган топтогу аӊчыларга индейлер кол салып, аӊчылардын кээ бирлери качып кутулушат. Индейлерден жашынып токой, тоо аралап бараткан аӊчылардын бири Хью Гласска аюу кезигип, аны оор жарадар кылат. Глассты кароо үчүн анын уулу Хоук менен Жим Бриджер, Жон Фицджеральд аттуу аӊчылар калса, калганы сапарын улантышат. Оор абалдагы Гласстын тирүү калары күмөн жаратат. Аны карамакчы болгон Фицджеральд Хоукту өлтүрүп, жаны чыга элек Хью Глассты тирүүлөй көмүп салат. Ал эми Жим Бриджерди өзү менен кошо ээрчитип кетет.
Өжөрлөнгөн Гласс тагдырга баш ийбей, аман калат. Эми анын бир гана максаты бар – өч алуу...

РЕЖИССЁР МЕНЕН БОЛГОН ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕР
Чындыгында, бул тасманы тартуу режиссёр үчүн гана эмес, бардык тартуучу топ үчүн оӊойго турган эмес. Канада менен АКШнын каардуу аба ырайы ыӊгайсыздыкты жараткан. Алар күз айы деп болжолдогон жерде ызгаардуу суук болсо, кыш маалы керек учурда күн тийип, жылуу болуп калган. Мындай учурда керектүү техника, жабдыктарды бир жерден экинчи жерге тик учак менен көчүрүү керектелип, дээрлик күндүн жарымын көчүү үчүн гана жумшашкан.
Мындан улам тасманы тартуудагы иштегендердин ортосунда пикир келишпестиктер күчөп, жумушчулардын туруксуздугу орун алган. Жыйынтыгында тасманын продюсерлеринин бири жумуштан четтетилип, Том Харди менен Иньярритунун ортосунда да пикир келишпестиктер болуп турган.

ТАСМАГА ДАЯРДЫК|
«Аман калган» Голливуддагы көп азап көргөн долбоорлордун бири. Анткени Майкл Панкенин романынын негизинде тасма тартуу тууралуу идея 2001-жылы эле жаралып, бир канча себептерден улам долбоор он жылдан ашык кармалат. 2011-жылы гана режиссёрлукка Алехандро Иньярриту бекитилгенден тарта иш алдыга жыла баштайт. Башкы ролдорго Леонардо Ди Каприо менен Шон Пенн бекитилет. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам долбоор өз убагында ишке ашпай, дагы кармалат. Жыйынтыгында Шон Пенн ролдон баш тартып, анын ордуна Том Харди дайындалган. Тасма тартуу иштери 2014-жылы сентябрь айында башталган.

КӨРК БЕРГЕН ЭПИЗОДДОР
Тасманын түпкүрүндө ата менен баланын мамилеси, эки башка маданияттын айкалышы, табият менен адамзаттын ортосундагы мамиле жатат. Адам канчалык оор акыбалда болбосун, ал өжөрлүгү менен бардыгын жеӊе алары биринчи орунда.
Канаданын тоолуу аймактары менен Сквамиш өрөөнү, АКШнын Кутеней дарыясы менен Аргентинадагы Оттуу Жердин табияты тасмага көрк кошкон. Аска-зоодогу жымжырттык, шамал болгондогу токойдун үнү, дарыянын шоокуму... Муну менен тартуучу топ жаратылыштын кооздугун толугу менен ачып бере алышкан.
Тасмага атайын компьютердик эффекттер менен тартылган бир канча эпизоддор көрүүчүлөрдү көӊүл кош калтырбайт. Гласстын аюу менен болгон күрөшү, аттын ичинде укташы, метеориттердин түшүшү тасмада өтө чеберчилик менен берилген.

ЭМИ ДИ КАПРИО «ОСКАР» АЛАБЫ?
Драмалык экшнди камтыган сюжетте баш каармандын сүйлөшүүсүнө караганда анын кыйкырып-өкүрүүсү, ыйы жана көз жашы биринчи орунга коюлган. Баш каарман тасмада көп сүйлөбөйт, актёрдук чеберчилик эмес эле актёрдук эрдик көрсөтүлгөн десек болчудай. Себеби Леого 25 градус суукта суу болгон кийимчен жүрүп, балык менен бизондун бөйрөгүн чийки жегенге жана индей тилин үйрөнүүгө туура келген.
«Мен үчүн каармандын жараларын көрсөтүү үчүн колдонулган грим коюу башкы сыноо болду. Аны жасоо үчүн күнүнө 4-5 саат керектелчү. Ал эми жарым жыл өстүргөн сакалым катуу суукта бир топ тоскоолдуктарды жаратты. Башка тасмалардагы каармандарым көбүнчө көп сүйлөшөт эле, ал эми Хью Гласс андай эмес. Бул каармандын мүнөзүн көрсөтүп, эмоционалдык абалын толугу менен ачуу үчүн керек эле»,- деп билдирет Леонардо Ди Каприо.
Жылдын башында тасма жана аны тарткан команда сыйлыктарды чогултууну баштады. Алсак, аталган тасма мыкты режиссёр, тасма жана актёр номинациясында «Алтын глобуска» татыды. Эми кезек «Оскар» сыйлыгында.

Каармандардын гримине күнүнө 4-5 саат керектелген.

Тасма тартуу учурунда. Режиссёр Том Хардиге иштин чоо-жайын түшүндүрүү аракетинде.

Индейлер менен болгон тиреш көз жаздымда калбайт.

Каарман атты союп, ичине кирип сууктан коргонот.

Табият адамга каршы – Гласс менен аюунун кармашы.

Серепчилер «Ди Каприо көптөн күткөн «Оскар» сыйлыгын быйыл алат» деп болжошууда.

Айтты да койду
Сүйүн Откеев: Ди Каприо ушул ролу менен да «Оскар» албаса, анда бул сыйлыктын аталышын өзгөртүш керек...

Кейт Уинслет: Лео быйыл акыры «Оскарды» алат деп ишенем. Ал буга татыктуу. Мен ага дайыма жан тартып келем.
Атактуулар арасындагы күйөрмандар Леонардо Ди Каприого жан тартышууда.

Адилет Керимбек уулу
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(25)
01.02.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кинонун орусча аталышы кандай админ?
01.02.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Topcubai,выживший
01.02.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба бул кино театрда болуп аткан анан эле одноклассникте журот. Бирок сонун кино.
01.02.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оор кино
01.02.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а эмне Лео такыр оскар ала элекпи
01.02.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Титаникте алган эмеспи, эн коп оскар алган кино титаник беле
01.02.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelechek.kg, бир кино менен эле алмак беле?
01.02.2016. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кино!
01.02.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле Оскарга татыктуу деп ойлойм Лео, айттымда койдум.
01.02.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оскар сыйлыгына татыктуу
01.02.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чын журоктон баары бир!
02.02.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лео татыктуу
02.02.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коргуло,соонун кино экен.
02.02.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы сайттан скачатете алам???
Жооп пожалуйста!
02.02.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустардын Находка деген киносу да сонун го ушуга окшош жерлери бар
02.02.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы сайттан скачатете алам?
02.02.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино экен.. Мен түркчөгө которулганнын көрдүм... Лео татыктуу!!! Мен дагын айттым да койдум
03.02.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sharolli,
Башка сайттарга шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн БАНга!
03.02.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш Лео жыл сайын оскардан кур калат
03.02.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул тасмадагы ролу үчүн Алтын глобусту алды окшойт. Оскарга жетсин.
04.02.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оскар алат Леонардо брат мой
05.02.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Genar.benicio, брат твой)))
06.02.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир кино чыныгы турмуштан алынган."тоо корукчулары"деген кино абдан кызык.бир журналист аман калып кийин айтып берген экен.Коргонунуздорго арман кылбайстар.
07.02.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
elmurat.kg,орусча аталышы кандай
07.02.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кино экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо