
26-январда Жогорку Кеӊештин депутаттары
Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Таалайкүл Исакунова жана облус башчысы
Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын эли менен жолугушуу өткөрүштү. Анда депутаттар Жогорку Кеӊеште аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришип, өкмөт сунуштап жаткан бийик тоолуу аймакта жашагандардан жеӊилдиктерди алып салуу демилгеси токтотулганын айтышты. Ушул эле жолугушууда Нарын шаарында пландалып жаткан митинг болбой турганы маалымдалган болчу. Бирок 27-январь күнү Нарын шаарындагы Теӊир-Тоо аянтына 400гө жакын адам чогулуп, тоолуу аймакта жашаган калктын жеӊилдиктерин жокко чыгаруу демилгесине, электр энергиясынын кымбатташына, малдын арзандыгына, ГЭСтин курулушу токтоп калганына нааразылыгын билдиришти. Митингге чыккандар өкмөт башчы
Темир Сариевдин нарындыктар менен жолугушууга келбей койгонуна нааразылыгын да айтып өтүштү. Нарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү
Аманбай Кайыпов элдин алдына чыгып тоолуу аймактардагы жеӊилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам артка кайтарылганын айтты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg