НАРЫМБАЕВ МЕНЕН КОРКМАЗОВДУН ИШИНДЕ ЖАҢЫ ЖАГДАЙЛАР АЧЫЛУУДА

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаевдин жана Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун айланасындагы коррупция боюнча сот иштеринде тергөө бурмаланганы айтыла баштады.
Эске салсак, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миӊ доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган экс-депутат тергөө учурунда бул ишке Президенттик аппараттын башчысы болуп турган Нарымбаевдин катыштыгы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, камакка алынган. Сотто мурун Нариман Түлеевдин жардамчысы, кийин Жогорку Кеӊештин аппаратынын кызматкери болгон Ольга Плотникова аттуу айым 50 миӊ долларды Назгүл Түлеевадан алып, Ак үйгө алып кирип, акчаны Хажимурат Коркмазовго бергенин айткан. Коркмазов бул акчаны Данияр Нарымбаевге тапшырганын билдирген. Мамлекеттик айыптоочулар Плотникова Ак үйдөн чыгып-кирген убакытты 16:50-16:54 деп белгилешкен. Бирок Нарымбаевдин жактоочусу Михаил Зауман жаӊы шайланган Жогорку Кеӊештен ушул маалыматты тактап берүүнү өтүнгөн. Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар тобу 4-январь күнү көз карандысыз IT-адис чакыртып, кирген-чыккандар боюнча маалыматтар сакталган компьютерден буга чейин өчүп калды деген маалыматты таап чыгышыптыр. Ага ылайык, көрсөтүлүп жаткан убакытта Плотникова Ак үйдөн кирип-чыкпаганы маалым болгон.  Эл өкүлү Өмүрбек Текебаев тергөө иштеринде бурмалоо болгонун айтууда. Бул маалымат учурда Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан чуулгандуу ишти башка нукка бура алабы-жокпу, азырынча белгисиз.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
01.02.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарымбаевге жардам беребиз деп чечсе керек да ХХХ Чынгыз Ханда ушундай метод менен бийликке келген, душмандарына жардам берип, анан озуно пйдаланчу
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-01 10:26:10
01.02.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asad345,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
01.02.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Убакыт 16:50-16:54 болсо, анда 4 эле минутта кирип-чыгып кетеби? Же мен тушунбой жатамбы?
01.02.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алса алдым деп, берсе бердим деп эле айтышпайбы, беттери бетондон болгонсубай, орто жолдон актамыш этип акча тапкандар да бар да бул жерде...
02.02.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акташ керек да азыр тиги экоо онбогондой акча сунуштап жатат актагычтарга
05.02.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх....
07.02.2016. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо