БИР БҮРКҮМ

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж

  •   Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат. Бул тууралуу депутат Аида Салянова билдирди.
  •  «Карышкыр, чөө аткандарга 6000 сом жана карышкырдын териси кошо тартууланганы жатат»,- дейт Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаев. 
  •  10-февралдан тартып 10-мартка чейин Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн уюштурулган экспедициянын алкагында ал жакта жашаган 5 үй-бүлөнү көчүрүп келүү пландалууда. Алар үчүн Чоӊ Алай районунан 20 гектар жер алынган.
  •   Ысык-Көл облусуна өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү болуп Эмилбек Каптагаевдин ордуна Асхат Акибаев дайындалды. Ал буга чейин «Аврора» санаториясынын директору болуп иштеп келген. 
  •   Өлкөдө органдарды трансплантациялоо операциясын башынан өткөргөндөрдүн саны 166 кишиге жетти. Анын 15и гана Кыргызстанда жасалып, калганы чет жерде ишке ашкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.
  •   2015-жылы ысымын, фамилиясын же атасынын атын өзгөрткөндөр эӊ көп Ош облусунда катталган. Андан кийин Ысык-Көл жана Баткен облустары турат. Баары биригип аты-жөнүн өзгөрткөндөр 29 миӊ кишиге жакын.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
08.02.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Бабанов м.н Ташиев тандеми деген кабар кайда жокко.
08.02.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karakchyyy,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз
http://www.super.kg/kabar/news/137489/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо