ИПОТЕКАНЫ ДОЛЛАР МЕНЕН АЛГАНДАРДЫН ЖҮГҮ ЖЕӉИЛДЕЙТ

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж

3-январдан тарта өкмөт коммерциялык банктардан доллар менен ипотекалык насыя алып, бирок доллардын сомго карата кымбаттап кетишинен улам төлөөдө кыйналып жаткан жарандарга көмөк көрсөтүүнү баштады. Башкача айтканда, 2015-жылдын 1-июлуна чейин 40 миӊ долларга чейинки көлөмдөгү насыяга турак-жай алган жарандар карызын ошол кездегидей, 1 долларды 62 сом 14 тыйын менен төлөй башташат. Доллардык карызды сомго которууда 574 миллион сом ажырым пайда болот. Коммерциялык банктарга бул чыгым мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилет. Айта кетүүчү жагдай, бардык эле жарандардын доллар менен алган насыясы сомго которула бербейт. Ал үчүн насыя коммерциялык банк тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан турак жайды сатып алууга берилсе, берилген насыя боюнча соттук териштирүүлөр жок болсо гана ишке ашат жана ар бир жеке тараптын бирден гана насыясы сомго которулууга тийиш. Өкмөттүн 2016-жылдын 2-февралындагы маалымдамасына ылайык, ушул күндөн тарта коммерциялык банктар насыя алган адамдарга долларлык насыяны 20 күн ичинде сомго которуу боюнча мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертип коюуну сунуштайт. Эскертүү иштерин жүргүзүүгө банктарга 10 күн берилди. Адегенде мындай мүмкүнчүлүктөн жалаӊ мамлекеттик кызматкерлер пайдалана турганы айтылган. Бирок Улуттук Банк мамлекеттик эмес кызматта иштегендер да пайдалана алышарын тастыктады. Жалпысынан 2864 адам бул мүмкүнчүлүктү пайдалана алат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
08.02.2016. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо 40 мин доллардан кем болсо которулбайбы?
09.02.2016. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fittoniya,жогоруда "...40 миӊ долларга чейинки көлөмдөгү насыяга турак-жай алган жарандар..." деп жазылып турат. Демек, ипотекалык кредит 40 миң долларга чейин болушу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо