№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж
Дүйнөлүк дизайнерлер жана стилисттер кыска юбкалар жаздын эӊ саркеч кийимине айланарын айтышат. Мындан улам төмөнкү макаланы гардеробунда кыска юбкалар үстөмдүк кылган кыздарга арнадык. Өзүн стилдүүмүн деп эсептеген ар бир бийкеч аларды кандай кийим менен айкалыштырып кийүүнү билип алуусу ашыктык кылбайт.
Мода жаратуучулардын айтымында, жазында кыска юбканын 3 модели модада болот. Эгер гардеробуӊузду ушундай юбкалар менен толуктагыӊыз келсе, алардын кездемеси трикотаж же булгаарыдан болушу керектигин эске алыӊыз. Антпесеӊиз 2016-жылдын жазы сиздин саркечтигиӊизди байкабай өтүп кетет. Көӊүл бурчу дагы бир нерсе, быйыл бели узун шым жана юбка кийүү сунушталат.
Көпчүлүк «узун байпак (гольф) мага жарашпайт» деп кийишпейт. Мындай кепти анын ичке бутту нормалдуу, ийри бутту түз, кыска буттарды узун кылып көрсөтүп коюучу сапатын билбегендер айтышат. Болгону туура кездемеден тигилген, туура узундуктагы байпакты тандоо зарыл.
ТОЛУК КЫЗДАРГА ЖАРАШПАЙТ!
Ачыгын айтканда, мындай моделдеги юбкалар толук кыздар үчүн ылайыкталган эмес. Аларга узундугу тизеден ылдый болгон юбкалар жарашыктуу болот.
Бут кийим:
Кандай бут кийим кийсем деп көп ойлонбой эле коюӊуз. Себеби мындай юбкалар спорттук да, классикалык да бут кийимдер менен мыкты айкалышат.
АТАКТУУЛАР ДА СҮЙҮП КИЙИШЕТ
Кыргыз эстрадасында ырчы Чолпонайдын кыска юбкаларды көп киерин байкайбыз. Ал эми дүйнө жылдыздарынын ичинен Женнифер Лопес да кыска юбкаларды сүйүүчүлөрдүн катарында.
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Туура айтасыз,кыска юпка,деги эле денени корсоткон ачык кийимдер кыргыз кыздарына туура келбейт.
Кыска.....кыска..... Кыскартып отуруп ич кийимчен калгыла. Мода деп артынан кууп журуп, абийирин кайсыл жерде калганын билбей каласын го сулууларым.Эсинерден чыгарбагыла канча, чыпташкан,тор-аоа кийиминер менен эркекти гана куноого туртпостон, озунор себепкер болосунар (аялзаты)
Арыктардан аттай албай журушот
Отура калса бугулуп
Чалдар калат тунулуп
Жана балдар каткырышат суйунуп- деген пародия барго
хиджаб кыргыздын кийими емес дегендер биринчи озунур кыргызча кийинип алгылашы кыска шортик мн етеги жетпеген кыска юбка кийбей.