ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ БИШКЕКТЕ КАНЧА ТУРАТ?

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

Пластикалык операциядан кийин Шарипа эже Шакира эже болуп калды. Чынында эле азыр абал ушундай. Денесинин кайсы бир бөлүгүнө пластикалык операция жасатуу үчүн кезек күтүп жаткан кардарларды клиникалардан көп жолуктурдук. Кыргызстанда пластикалык операциянын кандай түрлөрү жасалат жана чөнтөгүбүз канча сомго жукарат, байкап көрөлү.

  1. Чекени тарттыруу.
    Хирургиялык жол менен жана атайын жип аркылуу тартылып жасалат. Хирургиялык жол менен 35 000-43 000 сом болсо, жип менен тарттыруу 28 000 сомдун тегерегинде. Жип менен жасалган операцияларда тырык калбайт жана тез айыгат.
  2. Бетти тарттыруу.
    2 түрү бар. 1) Атайын жиптер менен тарттыруу.
    Бул ыкма өтө шалбыраган беттерге болбойт, кызмат акысы – 35 000-43 000 сом.
    2) Хирургиялык жол. Беттеги шалбыраган ашыкча тери кесилип алынат. Кызмат акысы – 73 000-76 000 сом.
  3. Отопластика. Кулагы делдейген, көнчөгү (сөйкө салынчу жери) чоӊ болгондор жасатышат. Кызмат акысы –
    14 000-16 000 сомдун тегерегинде.
  4. Моюн. Ээктин алдындагы булчуӊ тартылат. 20 000-25 000
    сомдун
    тегерегинде.
  5. Маммопластика. Эмчекке имплант салынат же өзүнөн сордурулган май куюлат. Кээде имплант организм кабыл албай койсо же башка себеп менен таш болуп катып калышы мүмкүн. Анда кайра алмаштырууга туура келет. Чыгымды операция жасаган клиника моюнуна алат. Имплант коюу – 175 000 сом, май куюу – 100 000 сом. Кичирейткенде ашыкча тери кесилип алынат, кызмат акы – 100 000 сомдун тегереги.
  6. Колдогу майларды сордуруу. Колдогу ашыкча майларды көбүнчө кыздар сордуртуп салышат. Булчуӊ нервдери жок жеринен май сордурулуп алынат. Көк ала тактар 2-3 аптада тарайт. Кызмат акысы – 25 000 сомдун тегерегинде.
  7. Курсактагы майдан арылуу. Майдын баарын сордуруп салса адам өлүп калат, ошондуктан май клеткаларын бир аз калтырып, анан сордуруп салынат. Толуп кетсе кайра эле ич салаӊдап калат. Кызмат акысы
    70 000100 000 сомдун тегерегинде.
  8. Глютеопластика. Жамбашты чоӊойткондо имплант салынат же өзүнүн майы куюлат, кызмат акы –
    175 000 сом, кичирейткенде липосакция кылынат, кызматы – 36 000-43 000 сомдун тегерегинде.
  9. Жыныс кынын кичирейтүү. Операция 1-2 саатка созулат. Кызмат акысы –
    35 000-50 000 сомдун тегерегинде.
  10. Бутту түздөө. Денеден сордурулган майды буттун ийри жерлерине куйса бут түзөлөт. Кызмат акысы – 36 000 сомдун тегерегинде.

  1. Блефаропластика.
    Көздүн үстүндөгү ашыкча тери кесилип, көзгө сурма жасалат. Операция 40 мүнөттөн 2 саатка чейин созулушу мүмкүн. Көздүн айланасы шишип 3-4 аптага чейин көз айнек тагынууга туура келет. Кызмат акысы – 14 000-16 000 сомдун тегерегинде. Көздүн алдындагы ашыкча терини тарттыргандар да бар. Баасы жогорудагыдай эле.
  2. Эриндер.
    Дененин кайсы бөлүгүндө май көп болсо, ошол жерден атайын шприц менен керектүү өлчөмдө сордуруп алып (липосакция) эринге куюлат. Сордурулган май гель сыяктуу болуп калат. Убакыттын өтүшү менен эриндер жукарат, бирок майдын 20-30 пайызы өмүр бою калат. Кызмат акысы – 14 000 сомдун тегерегинде. Эгер бир эринге эле жасатам десе жарым баасы.
  3. Ринопластика.
    Пластикалык операциялардын ичинен эӊ оору. Хирург кичине эле ката кетирсе, оорчулук жаратат. Мурундун сөөгүн түздөө 35 000-75 000 сом болсо, тешиктерин кичирейтүү 15 000 сомдун тегерегинде.
  4. Димплэктомия.
    Жаӊы жасалганда беттеги уяча 1 ай даана көрүнөт, андан кийин күлгөндө эле чыгат. Жаактын керектүү жерин белгилеп, ошол жердин майы кесилип алынат. Кызмат акысы – 12 000 сомдун тегерегинде.
  5. Экинчи ээк.
    Липосакция – 7000 -11 000 сом, жип менен тарттыруу жана хирургиялык жол менен жасалчу операциялар 20 000-25 000
    сомдун
    тегерегинде. Пластикалык операцияларга түбөлүк деген кепилдик берилбейт. Адам семирип кетсе, экинчи ээк кайра эле пайда болот.

ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЖАНА КЕМЧИЛИГИ
Адамдарды дене мүчөсүндөгү кемчиликтерден арылтат. Бул хирургия айрымдарга нормалдуу жашоо образын түзүп, өздөрүн жакшы сезүүгө алып келсе, айрымдарга өмүрүн өз нугунда улантууга жардам берет. Мисалы, айрымдар өз каалоосу менен эмес, автокырсыктан, өрттөн, ар түрдүү кырсыктардан жабыркап, анан операция столуна жатууга мажбур болушат. Дагы бир артыкчылыгы – сулуулуктун жана жаштыктын узакка кармалышы.

Операциядан кийинки калыпка келүү, пайда болгон өӊ-келбетке көнүү оор процесс. Операция жасатардан мурун жакшылап ойлонуу керек, анткени адам өзүнүн ден соолугун тобокелге салып жатат. Бардыгы ойдогудай болот деген кепилдик эч качан берилбейт. Оор операцияларда (эмчек, жамбаш, ичтеги май) 1 апта клиникада жатууга туура келет. Көптөр пластикалык операцияны башынан өткөргөндөн кийин депрессияга кабылышат. Анткени өзү элестеткен сулуулук дароо эле келип калбайт. Оорутуу, денедеги көк ала тактар, шишик көптө тарайт. Андыктан операцияга чейин кардарды дарыгер психологиялык жактан даярдашы керек. Жасагандан кийин да дайыма пациентти психологиялык жактан колдоого алуу шарт.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?
Кант диабети, тери, көз, жүрөк-кан тамыр оорулары жана психикалык жактан жабыркагандарга жасатканга болбойт.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(44)
15.02.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пластикалык операция жасаган клиникаларга барып корунуз, кезек куткондор толтура экен. Коокуй акча жок кайдагы дейин десен олло коп экен жасаткандар. Менин синдим евровеки жасатары менен куйоого тийди, ха-ха-ха.
15.02.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
bantik,кийин баласы торолгондо евровеки жок болуп калып куйоосу сотко берип журбосун хахаха
15.02.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Операция жасаткандар 10-15 жылдан кийин ужас болуп чыга келишет, табийгый беттеги сулуулук омур бою калат, ойлонгула отмушун эмес бугунку кун келечек кун менен жашашыны
15.02.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Цены просто бешеные!
15.02.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кудайым алты санымды аман кылып,сулуу болбосомда,козум корот кулагым угат ушунусуна мин мертебе шугур кылып жашайм.
15.02.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мён озумду сулуу сезим кеттим))) кудайыма.ата энеме ыраазымын
15.02.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым берген-сулуулука шугур кылалы!
15.02.2016. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайга шугур коп сулуу болбосом да, эки кулагым угат, козум корот, эки колум, эки бутум, баарына мин мертебе шугур. Жасатпай эле койгон он. Кээ бир себептерден улам жасаткандарга жакшы эле коз караштамын мс: жузу куйуп калып, мурду сынып калып.
15.02.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул куноолордун баасы ото кымбат го).
16.02.2016. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
карап корсом менде баары зор экен кулсом жанакы тегерекчем бар))) , кудайыма шугур!!!
16.02.2016. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми бул айласыздын иши,
16.02.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтын бергениден калбайлы бул акча коптуктун бир белгиси денени озгортуу да куноо иштерден болуп эсептелет
16.02.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен мисалы козумдун асты мешок болуп шишип турчу, пластика жазатып, азыр жакшы болуп калды, а так элдин баары коргондо эле, эмне болгон шишик, ооруйсунбу деген суроо болчу, эч оорубай эле ал коздун астындагы грыжа экен
16.02.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кун сайын эрте менен туруп макияжга эки саат убакыт кетиргенден коро, акча болсо бети-башынды,дене-боюнду ондотуп алсан жакшы эмеспи.Каш-козго,оозго,бут денеге татуаж кылдырып,чачтарын ар турдууго боеп эле журушот го.Эркектер сулууларды жакшы корушот да,ошого кыз-келиндер жан талашып бардык жерин кестирип,тиктирип,чонойтуп-кичирейтип,кыскартып-узартып эле жатышпайбы,айласын таппай.Эркектер оздорунун абалын билбей сулууларды тандашат тим эле.Ошондуктан алардын чонтогун кагыш керек операцияга....
16.02.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10, ха ха ха сен кагып сал чонтогун.
16.02.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул суроттогу кыз ким эле? Эстей албай жатам.
17.02.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан ден солугума шугурчулук келттиремин сулуулук ден солукттун алдында бир тыйын болсо керек кыздар сулуу болом деп артык кылам деп тыртык кылып албагыла
17.02.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адрестери кандай
17.02.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте жугур кылып керек! Бирок эгер ошол нерседен Адам озун жакшы сезип, журогу ошол нерседен тынчтык, кубаныч алса, ал эмнеге болбосон.бир келген жашоодо татыктуу, кубанычтуу жашаш керек! Биз азыр 21 кылымда жашап жатпайлыбы демек медицина онукон!
17.02.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кичинекейинен коз астында осуп бойго жеткен кызга уйлонгуло ушул нерсени коруп туруп тогорогу топ келген айымдарга ишенич жок и тааныбаган кызга да уйлонууго ишенич жок
17.02.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым берген келбетим бар. Ага ыраазымын. Жаш курак озунукун баарыбмр алат. Андыктан жан дуйнрнун жаштыгын сактаганга аракеттенели.
17.02.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен буларсыз эле сулуу окшойм.
17.02.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир адам эрте менен турганда кузгуго карап мен кундон кунго сулуу болуп баратам деп жакшы ниет кылса кудай сулуу кыла берет анан да эрте менен туруп спорт менен машыккан адам ден соолугу чын болот
18.02.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым берген он клетке шугур дейличи,эн негизгиси дениндин сактыгында да
18.02.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургуууур!
19.02.2016. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми терилердин бычмачылары пайда болот го
19.02.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо силерден сураныч,варикозду кантип даарыласа болот,бизде операция жасачу клиникалар барбы?Мисалы лазер менен куйгузуп койот экен,ошол жонундо жазып кетсенер.
19.02.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekish-kg,
Саламатсызбы! Бул тууралуу жазылган. Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүңүз.
http://www.super.kg/article/show/177
19.02.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча сулуу болсо да жашоодо кудайдын жазганындай болот. Ошондуктан кудайдан калбагыла айланайындар. Адамдын сырты эмес ичи таза, тунук болсо ошол баарынан сулуу болот.
20.02.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым берген он келбетти ондоо, же тузоо бул чон куноо болсо керек
21.02.2016. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сырткы сулуулугунарды онгондон коро ички сулуулугунарды ондосонор баары жакшы болот.
15.03.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда да жасалабы чын эле..........
30.03.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СИ жасаган жердин номерин берип коюнуздарчы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо