ШЕЙИТ КЕТКЕНДЕРДИ МАЗАКТАП, ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРГА КОЛДОНБОЙЛУ

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

Жогорку Кеӊештин 4-февралдагы жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев айрым куудулдардын сатираларын сындап өттү. Анын пикиринде, куудулдар сатиралары аркылуу элди бөлүп-жарып жатат. Ал эми куудулдар ойногон сатираларында түндүк-түштүккө бөлүү тууралуу сөз жок экенин айтышууда.

ТАЛКУУ ЖАРАТКАН АЛ КАНДАЙ САТИРА?
Парламентте мындай талкуунун келип чыгышына куудул Тынар Курбаналиев менен анын сахналаш өнөктөшү «Апрель Баатыры» наамын алып жүргөндөр тууралуу ойногон сатира себеп болду. Анда экинчи куудул Тынарга өзүн 2010-жылдын 7-Апрелиндеги революциянын катышуучусу экенин, ага кандайча ок тийгенин айтып, «мен – баатырмын. Мага бул билетти көчөдөгү маршруткада, автобустарда бекер жүрөсүӊ деп берген» дейт. Анын мындай жообун Тынар шылдыӊ менен кабыл алып, «Баатырлар бир аз көбөйүп кеткен жокпузбу?» деп сындайт. Мындан кийин Тынар «азыркы баатырлардын ким экенин аныктаган ыр коюп берейинби? Аны уккандан кийин баатыр болгуӊ келбей калат» дейт. Бул учурда сахнага Рахман Разыков чыгып, өзүнө таандык «Күйгөн кошок» аттуу 600 куплеттен турган дастанынан үзүндү окуйт.

«Күйгөн кошок» дастанынан үзүндү:
Баркталбастан «Баатыр» наамын алганы,
Базарчыдан баркы жеӊил салмагы.
Баатыр болбой Ошто жанын бергендер,
Ак үйдү алган баатырларыӊ жайнады.
Кайсы жоону жеӊгендерин билбеймин,
Бүтпөйт дале салтанаты, майрамы.

Баатырга эл маани бербей анчейин,
Эки адамдын бири баатыр, кантейин.
Баатырлардын урпактары мекенден,
Басып кетти колун шилтеп канча элиӊ.
Баатыр экен, бирге жүрүп билбеппиз,
Базардагы бозо саткан байкенин.

Уга элекмин, көрө элекмин жүрөгүн,
Чолпонбайдай окко тоскон бирөөнүн.
Сан миӊдеген баатырлардан ажалга,
Тике карап чыгарына күмөнмүн.
Лөлүлөрдөй өз чатырын өрттөшүп,
Баатыр болуп жүргөндөргө күлөмүн.

Баатырлар бар, үйдүн чаӊын сапырган,
Баатырдыгы аша түшпөс катындан.
Баатыр барбай эл башына иш түшсө,
«Баатырмын!» деп аялына бакырган.
Баатыр деген башты сайып эл үчүн,
Бала кезден милдет болот катылган.

Бирөө баатыр чыкпай жүрүп айылдан,
Бирөө баатыр капыстан ок жаӊылган.
Бирөө жүрөт «Баатырмын!» деп төш кагып,
Бетин жуубай, чимкиригин агызган.
Баатырлар деп балдарды айтам Оштогу,
Башын сайып оттон өткөн, жалындан...

ЭФИРДЕГИ КАЙЫМ АЙТЫШ
Эл өкүлү Мээрбек Мискенбаев менен куудул Абдылда Иманкулов бул маселеден улам «Марал» радиосунун «Бейтарап» программасына чыгышты. Депутат Мискенбаев «куудулдардын элди экиге бөлүп-жарган, Апрель окуясынын курмандыктарын лөлүгө, наркоманга теӊеген сатиралары үчүн каматууга бүт аракетимди жумшайм» деген позициясын айтып, Иманкуловду кесиптештери элдин арасын жиктеп жатышканына ынандыра албады. Эл алдына чыгып сүйлөп, кимге кандай жооп бериш керек экенин аркалаган кесибинен улам жакшы өздөштүргөн куудул Абдылда Иманкулов эл өкүлүнө дегеле сөз берген жок. Назарыӊыздарда дебаттагы кайым айтыштын орчундуу жерлеринен:
М.Мискенбаев: – Ал жерде эл күлө турган деле эч нерсе жок. Сатира эмей эле элди экиге бөлүп-жарган, түндүк-түштүк маселесин козгогон, «7-Апрелде курман болгондор баатыр эмес, Оштогу Июнь коогалаӊына катышкандар баатырдык наам алыш керек» деген тариздеги саптар окулат. Бул өтө олуттуу нерсе. Себеби 7-Апрелдеги революцияда балдарынан ажыраган энелер, жакындарын жоготкондор кайрылып, «биздин жараны тырмап, күйүтүбүздү күчөтүп жатышат» дешүүдө. Ошол себептен маданият кызматкерлерин бир тартипке сала турган же аларды жоопко тарта турган маселени камтыган мыйзам иштеп чыксак деп турам. Бул боюнча мен тиешелүү органдарга кайрылып, ишти сотко чейин жеткирүүгө бүт күчүмдү жумшап жатам.
А.Иманкулов: – Мээрбек ушул ойлорду ошол концертке барып алып айтса жакшы болмок. Мен ал концертти көргөн эмесмин. Ушул ызы-чуу башталгандан кийин
концерттен тартылган видеону көрүп чыктым. Рахман ал жерде «Оштогу» деп жатат. «Оштуктар» менен «Оштогу» деген кептин айырмасын билбей калгыдай мен билгенден Рахман анчалык ооруй элек. Окуя кайда болсо ошол жердеги окуя дейбиз да. Мисалы, Таласта болсо Таластагы окуя, Аксыда болсо Аксыда же болбосо Жогорку Кеӊештеги мандат талаш деп. Сатираны, сынды ар ким өзүнүн акылына, деӊгээлине жараша кабыл алат. Ал жерде эч кандай «оштуктар» делген жок, «Оштогу» деп жатат.
М.Мискенбаев:
– Эми, Абдылда мырза, мен бул маселени отуруп-отуруп анан кыларга ишим жок көтөрүп чыккан жокмун да. Бул маселе буга чейин топтолуп, бышып келген.
А.Иманкулов: – Жок, менин ушул жерде күмөнүм бар, силер ошо кыларга ишиӊер жок, башка маселе калбай калгансып, анан бизге асылып жатасыӊар го деп жатам.

Мээрбек Мискенбаев, Жогорку Кеӊештеги КСДП фракциясынан депутат: «ӨЛГӨН АДАМДАРДЫ МАЗАКТОО – АДАМДЫК ДЕҢГЭЭЛДИН ПАСТЫГЫ»
– Бир эле нерсени куудулдарга жеткирейин дегем. Мейли тамашалагыла, мени, ата-жотомду, саясатты, бирок өлгөн адамдарды эмес. Юмор чексиз болушу мүмкүн. Ким каалаганы жөнүндө тамаша айтса болоттур, бирок өлгөн адамдарды тамашалоо, мазактоо бул аша чапкандык, адамдык деӊгээлдин пастыгы. Балким, аларга сезилбейттир, бирок 7-Апрелде каза болгондорго, Ош окуясында жакынын жоготкондорго куудул дегендин тамашалары эски жарасын тырмагандай эле болот. Ким эле каза тапкан жакыны жөнүндө тамаша уккандан ырахат алат?! Абдылда байкенин өзүнө да айттым, «балаӊыз курман болсо, ошонун өлүмүн бирөө тамаша кылса кандай болот?» дедим. Бирок ал сөз жебейт экен. Тамаша тамашасы менен, бирок моралдык чек болуш керек. Маданият өкүлдөрү улуттар аралык бөлүнүүчүлүктү, аймактардын өзгөчөлүктөрүн тырмалай беришет. А эмнеге мунун ордуна ынтымакка чакырган позитивдүү сатираларды ойношпойт?!
Биздин мекендештерибиздин бир тобу бакиевдик режим менен күрөшүп каза табышты. Ош окуясында улуттар аралык жаӊжал чыгып, анын азабы унутула элек. Анан ушуларды көрүп-билип турушат да, куудулмун деп эле тамашага салышат. «Бул болбойт, алар тамашага салынчу адамдар эмес» десеӊ, өздөрүн Токтогулга салыштырганга өтүшөт.

Рахман Разыков: «МИСКЕНБАЕВ АЙТКАН СӨЗДӨР ТУУРА ДЕП ТАБЫЛСА, ТҮРМӨГӨ ӨЗҮМ БАРЫП ОТУРУУГА ДАЯРМЫН»– Ал ыр жөн эле ыр эмес, «Күйгөн кошок» деген 600 куплеттен турган дастан. Анда биздин мамлекеттин 24 жыл бою басып өткөн жолун мурдагы СССРге салыштырып, азыр биз жол таба албай жүргөнүбүздү, Бакиевдинби, Акаевдинби, Отунбаеванынбы, Атамбаевдинби, ошол бийлик тушундагы мамлекет басып жаткан жолду жазгам. Ошонун ичинен тамашада 6 куплет ыр окулган. Эгер 6 куплет ырга ушунча болуп жатышса, анда 600 куплет чыкканда эмне болушарын билбейм.
Биринчиден, ал сатирада түндүк менен түштүктү бөлүү тууралуу бир дагы сөз жок. Мискенбаев айткандай, шейит кеткен балдар «наркоман», «алкаш» деп айтылган эмес. Эгерде кандайдыр бир экспертиза ушул тамашада «элди экиге бөлгөн чакырыктар бар» деп далилдесе, анда Мискенбаевдин жаза турган мыйзамын күтпөй эле, өзүм барып түрмөгө отурууга даярмын. «Ош шейиттери» тууралуу токтолсом, «эмне үчүн мамлекет тарабынан эки жакка теӊ бирдей каралган эмес, чындык болбой жатат» деген сөздү мага чейин «Ош шейиттеринин» атынан келгендер парламенттин трибунасында айтышкан. Бул ырда жалгыз оштуктар тууралуу эмес, Оштогу баатырлар деп айтылып жатат. Анын ичинде Оштогу болгон каргашалуу күндө Кыргызстандын бардык жеринен эч кимге айттырбай эле барган балдар жөнүндө айтылууда. Эмне үчүн аларга «Баатыр» наамы берилген эмес?..

2010-жылы Бишкектеги 7-Апрель окуясында жалпысынан 87 адам каза таап, кийин дагы 5 жылда жаракат алгандардын 35и көз жумду.

2010-жылдагы 7-апрель революциясынан айырмаланып, Оштогу Июнь окуясында 426 адам каза таап, алардын көпчүлүгү өзбек улутунун өкүлдөрү, жаш балдар жана кыз-келиндер болгон. Азыркыга чейин күйүп кеткен 19 сөөктүн өздүгү аныктала элек.

Бул талкуу коомчулуктун көӊүл борборунан четтеп өткөн жок. Кээ бирлер «окуяны ырбатпай депутат менен куудулдарды элдештирип коёлу» дешсе, айрымдар депутатты, кээ бирлери куудулдарды сындап жатышат. Бирок талашып-тартышып жаткан эки тарап теӊ бир нерсени унутушкандай. Оштогу Июнь окуясы түштүктүн, Бишкектеги Апрель окуясы түндүктүн эле кайгысы эмес, экөө теӊ жалпы кыргыз элинин чоӊ трагедиясы. Бул күндөрү жүздөгөн үй-бүлөнүн жүрөгү тилинип, жетим-жесир калгандардын жүрөк жарасы айыга элек. Бул трагедияны саясий упай топтоо үчүн же сахнада күйөрман арттыруу үчүн колдонуудан алыс болсок.

Гүлжан Асанкожоева,
Султан Төрөбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(154)
16.02.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өз жерин жат душмандан коргогон баатырлар менен, оз үйүн өрттөп, өз үйүн карактап-тоноп, саясий оюндун курмандыгына айлангандарды салыштыруунун өзү акмакчылык!
Депутат мырза элдин назарына калды тынч турган элди козгоп....
16.02.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тундук-туштук деп ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-16 18:00:09
16.02.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Chika78,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-16 18:02:11
16.02.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул депутат кайсыл округдан депутат болду экен,ошол элге кайрыларым бул депутатынарды чакыртып алгылачы.Башы иштеген дупутат шайлагылачы айланайындар.
16.02.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде жон эле койсо болмок ч кимди мазактабай
16.02.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
болбойт мазоо
16.02.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элчи менен ырчыга олум жок деп айтылып келет эчен жылдардан бери ,куудулдар жонокой карапайым адамдардын таламын талашып жатышат буларды аалах озу сыйласын ,ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-17 13:14:05
17.02.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Drogba,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
17.02.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдылда азамат сонун жооп берип койду.
17.02.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХ Чын эле кылаарга иши жок адамдай. Башка маселе толуп жатса куудулдарга асылбай ошолорго конул бурбайбы ХХХ ХХХ. Рахман байкеге ийгилик. Аябай маанилуу таасирдуу жазыпсыз. ХХХ маанисине тушунбогон окшойт.Кайра кайра тамгалап окутуш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-17 13:15:26
17.02.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ROZA-87,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
3 күн БАНга!
17.02.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шайлоого жакын СДПК жаш депу/быз бар деп мактанды эле. Көрсө ушул жеп/тар тура. Бири депутат болуп 180 градуска бурулду. Экинчиси быштыны *ычты кылып аркасын жаба коём деп эл арасына хит болду. Дагы деле кыйратып аткансып акылду болмуш болуп аягына чейин чыгам дейт. Аксакал депутатыңарды көрүп жүрчү элек, жаштарыңарды да көрдүк. СДПК болду эми отдыхает этпейсиңерби. Жададык силерден!
Dooron түзөттү 2016-02-17 15:29:51
17.02.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен куудулдарга кошула. Себеби алар чындыкты чагылыштырып элге жеткиришет. А балким Мээрбектин сатып алгандыгы чындыр баатырлыкты, ошол учун чычаалап жаткан чыгаар.
17.02.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу депутаттар башкаларды коюп озунорду озунор сындап алгылачы..
17.02.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рахман байке туптуура айтыптыр....
Мен 100% кошулам
18.02.2016. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
урматту Рахман Разыков сизден дагы депутаттарды " суйлото" турган сатираларды кутуп калабыз. Сиздин мааниси терен элдин туйшугун которуп чыккан, депуттатардын ордунан козгоп койо тургандай сатиралар чыкпаса аларды тааныбайт да экенбиз. Сиздин чыгармачылыгынызды Кыргызстандын "элдери "баалайт...
18.02.2016. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп чычалабагыла куудулдар чындыкты чыркыратып айтышат. Рахман, Абдылда, Тынар ж.б куудулдар ишинерге ийгилик!!!!
18.02.2016. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Талант Анарбаев корунбой калдыго. Урматтуу адим сиздерден сураныч ал жонундо да жазгылачы. Рахмат.
18.02.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nur007mir009kg,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
18.02.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
булар баары эле биринен бири кыйын болушат го аман болушсун ушу куудулдар да депутаттар да
18.02.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tram-lam,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
18.02.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото маанилуу иш таап алгансып кайра -кайра оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып суйлойт да. Куудулдар да эл адамы, Токтогул да эл адамы. Мискенбаев сен кимсин??? анча мынча созго озу сен тушунбойсун окшойт. Кайра козгоп куноолулорду табыш сенин милдетин эле го. тескеринче унутканы аракет кылганына - баракелде!!! Эл адамдарына сен эмес, сенден он эсе кыйындар асылып коргон. иши онунан чыкпаган, кайра тескери болгон. сен дагы ошолордон беш бетер болосун
18.02.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка иш кылгылачы депутаттар
18.02.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Депутат красавчик!! делай брат!!аа бул куудулдарды колдогондорго Бакиевди мактаганга жакшы шылтоо болду!на самом деле апрель ош окуялардагыларга наам бербеш керек болчу тоист бербеш керек!

макул бул ыр болбойт экен бирок силер озунор болунуп жатпайсынарбы!откон комм.терде "тундуктуктор пр туш болуп намыстанып чыгышкан деп!ахаха бул соз менен силер азыркы абалынарды суроттоп койдунар )))а нам пофигу откуда бу пр главный ал АДАМ Болсун ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-19 11:47:30
19.02.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
s5kgbal,
Эскертүү! Коомдук эрежеге туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
18.02.2016. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мискенбаев мырзабыз качан кантип депутат боло калды??? Мурда кайда иштеген? Бизде ушундай депутаттардын бар экени окундурот. Элестеткиле Кыргызстаныбыздын келечегин оркундоп осконун,ээх!
19.02.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Msto005571,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
19.02.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул депутат ноль го озу суйлошкон диалогдорун коруп уялбайт экенби э, эми кетип калса деле болот окшойт.
20.02.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол нерсени эстеткилери келбесе ошол 7-апрелдин куноолуулорун, 10-июндагы каргашанын куноолуулорун издеп тааап жазалашбайбы?
20.02.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудулдар чындыкты айтып жатышат ... дале болсо 7- апрельде элди аткандар жазаланбады дагы эле оштогу урушту баштагандар табылбады... азыркы бийлик аларды эч качан таба алышпайт себеби алар оздору...
20.02.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жагы тен,элге пайдасы жок оз комочуно кул тарткан депутаттарын да, куудулдук ушу экен деп ХХХ ХХХ да аман эле болгула. Бирине да ич жылыбайт. ХХХ ХХХ ХХХ Ким акча берсе бара беребиз деп элдик кишинин созубу ушу ач калгансып.Кубик деген немеси 50 го чыктым деген концертин кордук.Не созундо,не ырында бир байланыш жок. ХХХ ХХХ. Куудулдарды ошондон кийин корбойбуз
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-22 09:51:41
22.02.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
behappy74,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
10 күн БАНга!
21.02.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул депутат магада жаккан жок! Бир создон башканы билбейт экен
22.02.2016. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаттап келген созу болсо керек да . Анда эмне куноо? Ал да бироонун тапшырмасын аткарып жаткандыр. Чыныгы чыгармачыл инсан ШЕФТИ угуп эмес озунун согуп жаткан журогун угуп иш тутат. Р.Разыков А.Иманкуловдор чыныгы чырмачыл инсандар да. Булардын бутун тушап, оозун байлап койсо да айласын табышат.
22.02.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7-апрель деген тема кыжырды гана келтирет. Ошол куну тел.радиого жолбойм.Бул окуя (жогорудагы) кимдин ким экенидигин казып чыкса, Айрымдардын абийири айрандай тогулот
22.02.2016. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мискенбаев элдин назарына калып кантип иштеп уктап басып журот экен уялбай кесиптештеринен)))) уят болот оооу киши уят,бийлик учун оз элин карактап тоногон азыркы сен ишенген окмоттун кол баласы болуш ото чон катачылык. Азырго керсейип депутаттык оорун берген жогорку жагына ишенип суйлоп жатасын,эртен башка адам келсе мамлеккетке зыян келтирген силердин баатыр наамынарды тубу менен жок кылып жоопко тартат,анан эмне кылаар экенсин дале керсейеер бекенсин. Ар бир кыймылы учун жооп берет адам заты унутпа?(((. Беш жылдык омурундо элине пайдалуу кызмат кыл сураныч зериккен бала хххх чукуйт болбой.
stimyl.kg түзөттү 2016-02-22 08:55:48
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо