БИР БҮРКҮМ

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

  • Трансплантология боюнча операцияларды менчик клиникаларга жасоого уруксат бере турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин комитети кабыл алган жок.
  • 2015-жылы 12 миӊден ашуун чет жердикке Кыргызстанда иштөөгө уруксат берилген, анын жарымынан көбү өнөр жай жана курулуш тармагында эмгектенүүгө келишкен. Мындай маалыматты Миграция боюнча кызмат таратты.
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, жаш балдарга зомбулуктун 90 пайызын жакын туугандары көрсөтөт.
  • 9-февралда Боршайком Жогорку Кеӊештеги «Бир бол» фракциясынан талапкер Бакирдин Субанбековго мандат тапшырды. Милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбеков өткөн жумада өз арызы менен мандатынан баш тарткан Бакыт Есенбаеванын ордуна депутат болуп келди.
  • Өлкөдө 2014-жыл ичинде төрөлгөн ымыркайлардын 15 пайызы түрдүү патологиялар менен жарыкка келген. Анын эӊ көбү Бишкек шаарында катталган.
  • Өкмөт 30-январда Москва шаарында өрт кырсыгынан улам кайтыш болгон кыргыздардын сөөгүн алып келүү үчүн 700 миӊ сом бөлдү. 11-февраль күнү каза болгон маркумдардын алтоосунун сөөгү кыргыз жерине алынып келди.
  • Жазуучу жана акын Аалы Токомбаевдин уулу, Кыргызстандын Ардагерлер союзунун төрагасы Тарас Токомбаев 10-февралда
    86 жашында кайтыш болду.
  • Орусия 8-февралдан тартып 15 кыргыз компаниясына өз аймагына эт, сүт жана балыкты экспорттоого уруксат берди. Ишканалардын 12си сүттү кайра иштетүү менен алектенет.
  • Бишкектин Ак-Босого конушунун жашоочусу өз баласын 20 миӊ сомго сатканы аныкталды. Маалыматты ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришти.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон Урмат Ишенбековду мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин колдоду.
  • Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 10-февраль күнү тынчтык митинги өттү. Митингчилер бийликке социалдык фондго төлөмдөрдү азайтуу, электр энергиясына болгон тарифтерди арзандатуу талаптарын коюшту.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо