ТОЙ-АШТАРДЫН ЧЫГЫМЫН ЧЕКТӨӨНҮ СУНУШТАГАН МЫЙЗАМ СЫНГА АЛЫНУУДА

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

Жогорку Кеӊештин депутаттары мыйзам чегинде той-аштардагы ысырапчылыкты чектөөгө белсенип жатышат. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзамдын авторлорунун айтымында, документ мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасындагы той-аштардагы ысырапкорчулукту жоюуга багытталат. Долбоордо ар кандай той-аштардагы коноктордун саны, кандай белек берүүгө болору, андай мааракелерди кайсы күндөрү өткөрүүгө болору көрсөтүлөт. Маселен, сүннөт тойго 100дөн ашпаган адамды чакырууга болот жана анда белектерди тойдун күнөөкөрү болгон балага гана берүүгө уруксат. Үйлөнүү тойго 150дөн ашык киши чакырылбашы керек. Буга катар кийит кийгизүү, кудалардын бири-бирине белек бермей салттарына да чектөөлөр болот. Кыз узатуу тоюна эӊ көп болгондо 50 адам келе алат. Маркумду жерге берүү зыйнатында мал союуга тыюу салынат.
Мындай мыйзам долбоору коӊшу өлкөлөрдө буга чейин кабыл алынган. Ал эми Кыргызстандагы коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин башында депутат Аида Салянова турат. «Аида Салянова бул мыйзам долбоорун Тажикстандагы мыйзамдан көчүрүп алган» деген сындар айтылып, бул документтин өзү кабыл алынса да популисттик максатты гана көздөйт дегендер четтен чыгып жатат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(19)
15.02.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Динде ашыкча ысрапкерчилик туура эмес иш.Мамлекет эл менен,дин башкармалыгы, аксакалдар уюму,айыл окмоттору менен биргеликте кенешип сапаттуу мыйзам иштеп чыкса ийгиликке жетишет. Бирок бул мыйзамдын башында турган адам ишине эле эмес,ыйман-ынсабына бекем болсо жакшы болмок.
15.02.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгер аш той жоюлса кыргызстан малекети 2 жылда бай мамлекет болот.Бул маселени 20 жыл мурда которуш керек болчу бирок ал кездеги ХХХ ХХХ Чектоо эмес таптакыр жойуш керек!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-15 14:22:54
15.02.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ago,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
15.02.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайра эле өзүбүзгө пайда ысырапкерчилик жоюлса.
15.02.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тажикстандын мыйзамын кочуробу кочурбойбу чектоо коюлушу аябай керек бп калдыгоо озубузду озубуз кыйнап канча акчаны сапырып мен колдойм тойго мейли олумдо канча ысырапкерчилик бп жатат элге деле жагат эле...
15.02.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыркы жылы ашы кок кийгени ак кийдиси кереги жок эле салттар...
15.02.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Анан дагы дасторконду шыпырып кеткен салтыбызды да жойсок.Чонтокко баткан кашыкка чейин салып кетпей, Озгочо адам олгондо уят эле.
15.02.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул Мыйзамга эл суусап турат тез аранын ичинде киргизбесек болбой калдык кыргыздар бири-бирибиздин канбызды соруп атабыз
15.02.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура эле болмок,ушул кичине пвйдалуу иш депутаттардан
15.02.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде алына жараша иш кылуу деген жок,бирөө укмуш той берди мен да ошентишим керек деп кредит алып эле жинди боло беребиз.
16.02.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кридит алып оокат берип кызга,кридит алып аял алып баласына толой албаган киши кр..да четтен чыгат...
16.02.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой менин кошунамдын кудасынын инисинин баласынын кайниси укмуштай чон той бериптир деп, тээ алыстагы тааныбаган бироого деле атаандашып той бермей мода болуп кетпедиби. Ошондуктан мен да колдойм.
16.02.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул мамлекеттин иши эмес кыргыз эли байыртадан той ашка жакын эл болгон бирок чеги менен!! Анан суннот тойго 100 дон ашпасын деген идеялар туура эмес!!!ошол чон тойду ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-16 11:13:34
16.02.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adik01219,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө, кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынат!
30 күн БАНга!
16.02.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тезинен кучуно киргизсе экен ушул мыйзамды
17.02.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойго которуп келген себетти да жоюш керек. Минимум 2000 ге даярдайсын себетти ашыкча чыгым.тойго кел ич же кет.
18.02.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эн туура мыйзам. Баарыбыз Кыргыз эли колдошубуз керек. Чындыгында кыргыздын тапкан акчалары той аштан эле артпай келет, нанан кантип Эл байыйт. Азыр заман озгоду, эл да озгорду ошого жараша кээ бир салттарды да озгортуш керек. Конечно Улууларыбыз бул мыйзамга каршы болушат, бирок заман менен кошо алдыга жылышыбыз керкек да. Ансыз деле Кыргыздар канча артта калдык. Онугуш керек туугандар. Мен бул мйзамды колдойм.
18.02.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
myk туура айтат. Азыр барган жерине соссуз дасторкон алып барасын. Бир жерге дасторконун эле 2000 сомду чапчыйт. Анан да бизде УЯТ деген соз бвр, намыстанып акчаны жерден чукусан да таап дасторкго алып бармай. Дегеле койчу кайсы бирин айтасын
21.02.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туптуура жойуш керек ашыкча ысырапкорчулукту тезинен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо