КЫРГЫЗСТАН ЕВРОБИРИМДИККЕ 7 МИӉДЕЙ ТОВАРДЫ БАЖЫ ТӨЛӨМҮСҮЗ ЭКСПОРТТОЙ АЛАТ

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж


Президент Алмазбек Атамбаев 10-февраль күнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн тышкы саясаттагы быйылкы негизги артыкчылыктары талкууланды.
Эрлан Абдылдаев Кыргызстан-Европа биримдиги кызматташтыгы боюнча кеӊештин 14-отурумуна катышууга даярдыктар жөнүндө айтып берди. Министр ошондой эле Кыргызстандын Европа биримдиги менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги, Кыргызстан БПС+ (Бүткүл преференциялар схемасы) колдонуучу статусун алгандыгына байланыштуу Европа өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо тууралуу да баяндады.
Эске салсак, Евробиримдик Кыргызстанга БПС+ статусун берген. Башкача айтканда, бүткүл преференция схемасы менен Кыргызстан Европа мамлекеттерине өзү өндүргөн 7 миӊге чукул товарды бажы төлөмүсүз сатыкка жибере алат. Кыргызстан ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичинен аталган статуска ээ болгон жалгыз мамлекет.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын Европа биримдиги менен кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүнүн, ар кайсы чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү экендигин айтты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
15.02.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7 миндей ошол кайсы товар болду экен э?
18.02.2016. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо жамааты, 7миндей товардын баарын болбосо да айыл жериндеги кайсы продукциялар экспорттолушу жонундо маалымат берип койунуздарчы суранам. Алдын ала ыраазычылык. Чыдамсыздык менен кутомун.....
18.02.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chika-chika88,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо