КУЛМАТОВ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ. БИШКЕКТИН КИЙИНКИ БАШЧЫСЫ КИМ БОЛОТ?

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

2014-жылдан бери Бишкекте шаар башчылык кызматын аркалап келген Кубанычбек Кулматов 9-февралда өз ыктыяры менен арыз жазып кызматынан кетти. Көпчүлүккө анын бул кадамы түшүнүксүз болуп калды. Кубанычбек мырза үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кызматын тапшырганын жана жакын арада Кыргызстандан убактылуу кетерин айтты.Негизинен Кулматовдун 2016-жылдын башында кызматтан кетери байма-бай айтылып келген болчу.
Серепчилердин айтымында, Кулматов башка кызматка барат. Мисалы, Кыргызстандын атынан Евразиялык экономикалык комиссияга кызматка барары божомолдонууда. Бирок журналисттер менен жолугушууда ал «эми кайсы жерге иштээримди билбейм» деп сыр каткан болду.
Ал эми Бишкекке шаар башчылыкка келе турган болжолдуу талапкерлердин саны күн санап көбөйүп барат. Ошол эле «Ата Мекендин» ана башчысы Өмүрбек Текебаев, «Республика-Ата Журттун» лидери Өмүрбек Бабанов, олигарх Аскар Салымбеков, КСДПчы депутат Марат Аманкулов, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев, «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев, «Манас» эл аралык аэропортунун мурунку башчысы Албек Ибраимов жана башка адамдардын аттары аталууда. Буга катар мэр болчулардын катарына өкмөт башчы Темир Сариевди кошкондор да жок эмес.
Бишкек шаарынын жаӊы башчысын шайлоо март айында болору күтүлүүдө.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
15.02.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы деле болсо чон акурдан чоп жегендер келетта.....
15.02.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан каласын. Коптон бери Жениш аянтында машиналар унаа токточу жайга айландырып алышкан эле. элдер отурган отургучтарды, гул аянтчаларын сузо качырып токтошчу. Эми машиналар Очпос оттун жанына токтоп баштайт го деп ойлогом. Бир жолу Кечки Бишкек газетасына коммент калтырган элем. Бугун карасам бир да машина жок. Тан каласын. Кулматовдун кызматтан кетерин кутушконбу? эмне учун мурун бул маселени корушкон эмес? Эмне учун ушунча коп убакыт машиналарын токтотушкан?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо