Союзбек Сейитказиев, «Беш тапан» тобунун куудулу: «КУУДУЛ БОЛУП МАТЕРИАЛДЫК БАЙЛЫК ТОПТОЙ АЛБАДЫМ»

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

«Беш тапан» тобунун куудулу Союзбек Сейитказиев топтогу жигиттерден көбүнчө монолог айтып өзгөчөлөнүп турат. Коомдогу терс көрүнүштү күлкүгө айлантып чымчып сүйлөгөн Союзбек мырза «Гүлжигит байкенин концертинен кийин «бизде ушундай куудул балдар барбы?» деп калышты» дейт.

Каарман тууралуу
Туулган жылы, күнү
– 1985-жыл, 16-март
Туулган жери – Токтогул району, Толук айылы
Билими – Орто
Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы

– Союзбек мырза, саламатсызбы? Гүлжигит Сатыбековдун концертинде «Беш тапанды» башка курамда көрдүк. Тобуӊуздардын курамы алмаштыбы?
– Саламатсыздарбы? Топ ошол эле курамда. Болгону Каныбек Разыков менен Ильяз Иманалиев Тынар Курбаналиев менен жүрөт. Баатырбек Абакиров, Болсунбек Стакеев, Талас Кашкариев болуп өзүбүзчө чыгып жатабыз. «Топ тарадыбы?» дегендерге футболдук тил менен «азыр алар «Реал Мадридде», биз «Барселонада» ойноп жатабыз» демекчимин. Чемпиондук болсо, өзүбүздүн туубуздун алдында кайра чогула калабыз. Гүлжигит байкенин күйөрмандары бизди көрө элек экен, концертинде «бизде ушундай куудул балдар барбы?» деп таӊ калышты.
– Бирок учурунда сиздер деле концерттерди көп берчү элеӊиздер да...
– Ооба, бизге атактуулук 2007-жылы келди. Анда баарыбыз 21 жаштагы балдар элек. Балдар үйү, аскерлер тууралуу күчтүү сатираларды койчубуз. Күйөрмандарыбыз кичинекей балдардан чоӊ кишилерге чейин болчу. Концертибизге эл агылып келип жатса, концерт койсок эле эл келе берет турбайбы деп кыска ойлонуп иштебей койгон экенбиз. Ошентип бир аз күйөрмандарыбызды жоготуп алдык.
– Сиздин куудулдук өнөрүӊүздү ачкан «Беш тапан» тобуна кантип кошулуп калгансыз?
– Абдылда Иманкулов менен таяке-жээн болуп калабыз. 2003-жылы Бишкекке келип анын үйүнө барсам, Рахман байке (ред. Разыков) келип калды. Ага сахнага чыгуу кыялым бар экенин айтсам, топко кабыл алды. Башында 2 жыл топто колонка ташып, кээде бала жетишпей калганда ордуна чыга калып жүрдүм. Кийин Кыялбек Алиев деген жигит топтон кетип, анын ролдорун ойноп көрүнө баштагам. Эӊ биринчи сахнага чыкканда калтырап-титиреп сүрдөгөм. Азыр дагы эл жакшы кабыл алганда өзүмдү жоготуп жиберип, сүрдөп барып ордума келем. Куудулдук өнөрүм болгону менен ырчы болууну кыялданчумун.
– Ырчы болом деген кыялыӊызды кантип куудулдукка алмаштырдыӊыз? Же кийин ырчы болуп кетем дедиӊизби?
– Талант дегенди ар ким ар кандай түшүнөт. Куудул ырдаса, бийлесе, актёр болсо да жарашат. Куудул деген статус өзү сонун нерсе экен. Сени көргөн адам «баягы бала белеӊ?» деп бир жылмайып алат. Айрым концерттерде кээде ырдап калам.
– Элге жакын монологдорду көп айтасыз. Ошондой монологдор, сатиралар кантип, кандайча жаралат?
– Жеке өзүм айткан монологдорду өзүм жазам. Интермедияларды топтогу балдар менен чогуу иштеп чыгабыз. Сатиранын көбү жашоодон алынат эмеспи, ошондуктан көпчүлүк эл «булар жаман эле, баарын сатирага айлантып жиберишет» деп куудулдардан корко беришет. Бир кезде жиниӊди келтирген окуя убакыт өткөндө күлкүгө айланат. Концертте телефонун чукулап отургандарды «Кандайсыз, эже? Интернетте эмне жаӊылык болуп жатат, маалыматты дароо жүктөп жатасызбы?» деп тамашалап өтөм. Бул телефонду өчүрүп койбойсузбу дегендин сылык варианты. «Мурда концертке келгендер эс алып кетишчү эле, азыр насыя төккөндөй эле көрүп койдум, болду дегенсип чыгышат» деп тамашалап калам.
– Куудулдук өнөр менен кандай материалдык байлык топтодуӊуз?
– Кыйратып байлык топтой элекмин. Батирде жашайм, унаам жок. Чынын айтсам, унаа айдаганды билбейм, кызыкпайм дагы. Эми, буюрса, акырындап байлыкка да жетишербиз.
– Жакында куудулдар менен депутаттын ортосундагы болгон кайым айтышуу тууралуу оюӊузду билгим келип турат...
– Алардын кайым айтышуусун, куудулдардын сатирасын да көргөн эмесмин. Эгер көрсөм, оюмду ортого салмакмын. Ошондуктан бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Болгону парламентте биз тууралуу сөз болуп жатса, эми маданият алдыга жылат деген ойдомун.
– Келиӊиз, үй-бүлөӊүз тууралуу сүйлөшөлү...
– «Беш тапан» атактуу болуп турганда 22 жашымда үйлөнгөм. Келинчегим Ат-Башыдан болот. Тааныштар «кыргыздын атактууларынын көбү нарындыктарга үйлөнүптүр, сен дагы атактуу болоюн деп ырымдап алган окшойсуӊ» деп калышат. Мен «ошентип эле алдым эле, эмнегедир атактуулук кечигип жатат» деп тамашалайм. Келинчегим түшүнүктүү, гастролдоп кеткенде кызганып ызы-чуу кылбайт. Кээде ушак сөздөр жетип калганда «ушактарды ээрчитпей тынч эле жашабайсыӊбы» деп күлүп калат.
– Маегиӊизге рахмат!

СОЮЗБЕК МЫРЗАНЫН ТАМАШАЛАРЫНАН:
– Кыргыздар «экономичный» жашайбыз. Заӊгыратып үй тургузуп, жанына времянка салабыз. Заӊгыраган үйү турса, жанындагы времянканын эмне кереги бар?» деп таӊ калышат. Ага таӊ калбаш керек, себеби чоӊ тамды жылытыш үчүн чоӊ каражат керек. Кышында ал жакта жашап, чоӊ үйгө күн жылыганда кирип жашайбыз. Көчмөн элбиз да, кан коё бербейт. Бир бөлмөнүн ичинде деле окат кечени ары-бери жылдырып көчүп-конуп жүрө беребиз.
– Мурда адамдар үйгө кирип келгенде «саламатсыздарбы?» деп учурашчу. Азыр босогодон эле «жалпак «зарядник» барбы?» дешет. Жалпак «зарядникти» ассалому алейкум дегендей эле колдонуп калдык. Кубаттагычты берсеӊ телефонун сайып алып ошол жактан чыкпай, телефонун тиктеп тамакка чакырсаӊ келбей отура беришет.

"Келинчегимдин аты Жазгүл. Тун уулум 1-класста окуса, кичүүсү 3 жашта".

"Беш тапанга" кошулганда 19 жашта болчумун".

Айтты да койду
Союзбек Сейитказиев: Депутаттар куудулдарды сөз кылып жатышса, демек, эми маданият алдыга жылат.














Динара Абдыкадырова
star@super.kg


Союзбек Сейитказиев:"Куудулдук өнөр мөмөсүн кеч берген жумуш экен”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
20.02.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Магада жагат
SUPER.KG видео
20.02.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчиден уй булоолук бакыт. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Жакшы маек болуптур.
Медиа-портал
20.02.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжигиттин концертинде боорду эздин го. Молодец . Ишине ийгилик
SUPER.KG видео
20.02.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун маек болуптур,ишинизге ийгилик,менда жактырат болчум бул байкени уй булосу бар турбайбы,бактылуу болунуздар.
Медиа-портал
20.02.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Союз сиз мыктысыз. мен сизди сыйлайм жана сиз катышкан сатираларды коп кором. мага жагат. Бактылуу болунуз. Токтобонуз Иштениз,сизди кутобуз. Омурунуз узун болсун!!!
Медиа-портал
20.02.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негедир Беш тапан жоголуп кетти го?!
SUPER.KG видео
20.02.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мага кулгон кулкусу аябай жагат ийгилик
SUPER.KG видео
20.02.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Союз ийгиликтер коштой берсин уй булоон м-н аман бол
Медиа-портал
20.02.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат таланттуу экенсин,чыгармачылык ийгилик!
Медиа-портал
21.02.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
не деп еле суйлоп койгон
SUPER.KG видео
21.02.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жагат кулгону суйлогону беш тапап тобунун бардык жигиттери талантту
Медиа-портал
21.02.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз.Талантыныз аябай жагат.Ошол жаны чыккан интермедияларынарды тажабай корчуубуз.Мимиларларыныз эле жагатда,аябай берилип аткарасыз ар бир номерди
Уй булонузго бакыт! Чыгармачылыгынызга ийгилик!
SUPER.KG видео
21.02.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыгында аябай маанилуу суйлойт экен .
SUPER.KG видео
21.02.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таланттуу бала,ийгилик!
22.02.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экообуз бир кундо туулган экенбизда))
Озу ырдагандай "мен азыр Соке-Соке" демекчи, сизда буйурса бир чыгасызго баары алдыда! Уй булоолук бакыт, ийгилик!
22.02.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Беш тапандын аскерлер тууралуу аткарган интермедиясы аябай жакчу, кайра-кайра кайталап коргондон тажабачум))).
22.02.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уй булоолук бакыт.ишине ийгилик каалайбыз
22.02.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун маек болуптур, жонокойлугу байкалып турат.
Медиа-портал
24.02.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорун оркундой берсин! ийгилик!молодец! жакшы маек бериптирсин!
24.02.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакчуда сатираларын кайра кайра корчумун,азыр деле жагат. Аялы азамат экен тушунукту болсо.
SUPER.KG видео
25.02.2016. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сооун маек болуптур эн негизгиси жонокой акылдуу ыймандуу инсан экен,коруп олтуруп баа бердим жашоодо болгон акыйкатты суйлоптур адамдарга ыйман берсин Кыргыздар бирин-бири чукулап буттан тартат ошол учун Кыргызстан онолбойт качан гана ынтымактуу болсок Кыргызстан олот.Адамгерчигине баа бердим ийгилик каалайм уй-булолук бакыт!
25.02.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жагат да ушулардын тамашалагандары. Соонун, Союзду жакшы кором тамашаны олтурот да :))) Аялын эми кордум татынашка экен, бактылуу болгула.
25.02.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да аскер балдар жонундо сатирасы жагат.айрыкча кызыл жашыл деп айткан жери. ишинизге ийгилик.талантыныз оркундой берсин.уй булоолук бакыт каалайм
26.02.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылга көп келишчү эле гастролдоп чынында арасынан ушул баланы жактырчу элем, а биз мектепте аскерлер жөнүндө интермедиясын 23-февралда катыра аткарчу элек.
26.02.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Рахман аканин сатиралары кучтуу да.Шакирттерине да ошондой жетишкендиктерди каалайм.Азамат!
27.02.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы сулуу экен. Уйбулолук бакыт каалайм.
28.02.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун суйлойтго жанагы калчылдап суйлогондо образ кирип .
28.02.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыз деп ушуларды айтса болот. Аябай жонокой бала экен оркундой бер
24.03.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш тапандын бир тапаны Союзбек Сейитказиев, талантыңыз менен элдин көңүлүн көтөрүп жүрө бериңиз ар дайым. Ийгиликтер коштоп жүрсүн.
SUPER.KG видео
21.04.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер майек болуптур ийгилик сизге .
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо