БИР БҮРКҮМ

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

  •   2015-жыл ичинде ташталган 99 ымыркай табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдайт.
  •   Кыргыз армиясы аскердик кубаттуулугу боюнча дүйнөдө 126 өлкөнүн ичинен 78-орунда. Изилдөөнү «Global Firepower» эл аралык уюму жүргүзгөнү маалымдалды. Ал эми Тажикстан 81-орунду, Өзбекстан 54-орунду, Казакстан 66-орунду, Түркмөнстан 90-орунду ээлейт. Алдыӊкы үчтүктө АКШ, Орусия, Кытай мамлекеттери.
  •   Президент Алмазбек Атамбаев Инстаграм социалдык түйүнүндө almazbek_atambaev_official аттуу өздүк баракчасын ачты. Өлкө башчынын баракчасы ачылгандан 6 саат аралыгында 500дөн ашуун интернет колдонуучу жазылды. Баракчаны өлкө башчынын маалымат кызматы көзөмөлдөп, расмий кабарларды жарыялап турушмакчы.
  •   Жогорку Кеӊештин 17-февралдагы жыйынында «Кыргызстан» фракциясынын жаӊы депутаты Айтмамат Назаров ант берди. Ал БШКнын чечими менен мандатынан ажыраган Урмат Ишенбековдун ордуна келди.
  •   2016-жылдын 22-мартынан тартып өлкөдө биринчи жолу пневмония жана менингитке каршы 1 жашка чейинки наристелерге эмдөө киргизилет. 
  •   Парламенттин тиешелүү комитети Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызмат ордуна көрсөтүлгөн Болот Отунбаевдин талапкерлигин жактырды. Ал 2012-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Германия, Швеция, Сан-Марино, Дания жана Норвегия Республикасындагы элчиси кызматын аркалаган.
  •   2015-жылы Орусияда иштеген мигранттардын кыргыз жергесине акча которуулары 28 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Миграция кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Асанбаев билдирди.
  •   Ушул жылдын 28-февралынан тарта коммерциялык банктарга жарандарга ипотекалык жана керектөөчүлүк насыяларды доллар менен берүүгө тыюу салынат. Маалымат Улуттук Банктын сайтында кабарланды.
  •   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын 700-800 медициналык кызматкерде гепатиттин В жана С түрлөрү менен ооругандар аныкталат. 
  •   Нарын шаарында адегенде аялына, кийин өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген 26 жаштагы Райымбек Жумакунов 14-февралда кайтыш болду. Келин 8-февралда каза тапкан. 
  •   Ош шаардык кеӊешине депутаттык шайлоого 13 партия катышат. Алар: «Аалам», «Ата Журт», «Ата Мекен», «Бир бол», «Демократ», КСДП, «Кыргызстан», «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы», «Күч биримдикте», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата Журт», «Эмгек».

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо