КАЛАА БАШЧЫЛЫККА АЛБЕК ИБРАИМОВ КЕЛЕБИ?

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

Бош турган Бишкек шаарынын мэрлик кызматына шаардык кеӊештин КСДП фракциясы Албек Ибраимовду көрсөттү.
Кубанычбек Кулматов 9-февраль күнү өз арызы менен мэрлик кызматтан кеткен. Мындай кадамын ал үй-бүлөлүк шарттарга байланыштырып, убактылуу Кыргызстандан кетерин жарыялаган.
Калаанын башчылыгына келет деп түрдүү адамдардын аты айтылып жаткан болчу. Бишкек шаардык кеӊешиндеги КСДП фракциясынын лидери Лев Васильев Албек Ибраимовдун талапкерлиги тууралуу «ал өзүн жакшы жетекчи катары көрсөтө алды» деп сыпаттап, фракциядагы 17 депутат бирдей колдоп бергенин маалымат булактарына айтты. Ал эми шаардык кеӊештеги «Ата Мекен» фракциясы мэрликке талапкерди көрсөтүүдөн баш тартты. Фракция башчысы Рысбай Аматов «мунун өзүнүн белгилүү себептери бар» деп билдирген.
Эске салсак, борбор калаага мэрди шайлоо 27-февралга белгиленген. Мэрди шаардык кеӊештин депутаттары шайлайт. Ал эми мэрликке талапкерлерди фракциялар, коалициялык көпчүлүк жана өкмөт башчы сунуштай алат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
22.02.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстан, коррупция деген сөздөрдү тыңыраак жаза албаган адам борборубузга мэр болгону жатат. Өкүнүчтүү...
24.02.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубанычбек Кулматовду чондор иштетпесе. Озу деле айтыго кайсы жерге барба бут эле крышалары чондор анан чёрныйлар деп аны неге жазбайсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо