Өкмөт апрель айында электр энергиясына жаӊы тарифтерди сунуштаганы жатат.
Бул боюнча өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Миргүл Айдарова депутаттардын суроолоруна жооп берди. Эске салсак, 2015-жылдын 1-августунан тарта 700 киловаттка чейин пайдаланууга 77 тыйын, 700 киловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөө тарифи коюлганы маалым. Өндүрүш ишканаларына 2 сом 24 тыйын деп бекитилген. Депутаттар мына ушул тарифтердин төмөндөбөй жатканына нааразылык билдиришти. Сырттан электр энергия импорттолбогондо да 700 киловаттан ашканда 2,16 сом төлөнүп жатат, эл өкүлдөрүнүн баамында, мындай учурда баа 1,28 сом болушу керек. Бирок Миргүл Айдарова эски карыздар бар болгондуктан тарифтер ылдыйлабасын түшүндүрдү. Депутат Кожобек Рыспаев: «Азыр импорт жок, бирок силер дагы эле элдин башын айлантып жатасыӊар»,- деди.
Аталган комитет агенттикке азыркыдан ылдыйкы тарифти иштеп чыгууну тапшырды. Буга катар эле Эсеп палатасына Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин тарифтик саясатын текшерип чыгууну сунуштады. 18-февралда өкмөттүн оперативдүү жыйынында премьер-министр Темир Сариев: «Электр энергиясына тариф орто мөөнөттүү тариф саясатына карата аныкталат. Ага ылайык, электр энергиясына тарифти көтөрүү каралган жок»,- деп билдирди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg