ПРОКАТТАГЫ РЕКОРД ЖАНА КӨРҮҮЧҮ ЧОГУЛТА АЛБАГАН ТАСМАЛАР

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

Кыргыз киносу өнүгүп жатат дейбиз. Бирок канчалык? Жылына 40 тасма жарыкка чыкканына кубанышыбыз керекпи же ал көрсөткүч бизди, тескерисинче, ойлонтуш керекпи? Акыркы кезде тасмалар биринен-бири өтүп көп тартылууда. Андан да башкысы, фильмдердин сапаты талапка жооп береби, өзүн актап жатабы?


КИНО ТАРТУУ МОДАГА АЙЛАНГАНДА...
Кыргызстан эгемендик алгандан бери далай тасмалар жарыкка чыкты. Алардын арасында дагы деле теледен көрсөтүлүп, элдин сүймөнчүгүнө ээ болгондору бар. «Беш кемпир», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын» тасмалары алгачкылардан болуп эгемендүү мамлекет тарабынан каржыланып, тартылган. Бирок алар пираттык дисктерге тарап кеткендиктен, чыгашаны актаган эмес. 2006-жылы тартылган «Министрдин кызынын махабаты» тасмасы биринчи бөлүгүнөн эле 1 миллион сом киреше алып келгени маалым. Андан кийин байма-бай кассалык тасмалар тартылып баштады.
Азыр чынында режиссёрдук билими бары деле, жогу деле тасма тартууну кесип кылып алышты. Айрымдары өздөштүрүшсө, өздөштүрө албай жүргөндөр да жок эмес. Бирок сапат жагынан чет өлкөлүктөрдөн кем калбаган тасмаларыбыз чыгып, жадакалса айрымдары беделдүү сынактарга катышып жаткандары бизди кубандырбай койбойт.
Биз акыркы 5 жылда тартылган тасмалардын рейтингин түздүк. Ал үчүн Бишкек, Ош шаарларынын кинотеатрларына кайрылып, көп убакыт бою сатыкта кармалган жана «өмүрү кыска» тасмаларды тизмектедик. Жыйынтыгын өзүӊүз көрүп, өзүӊүз чечим чыгарыӊыз, окурман.

«Манас» кинотеатрынын маркетологу Нурбек Мамакеевдин берген маалыматына ылайык, «Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?» тасмасы 9 айдан ашык сатыкта турган. Андан кийин эле «Салам, Нью-Йорк!», «Бир тууганчик», «Курманжан датка», «Түндүктүк келин», «Көк салкын» тасмалары 8-9 ай коюлган ийгиликтүү тасмалардын катарына кирген.
Ал эми 5 жыл аралыгында 1 жума, 1 айга да жетпей сатыктан алынып салынган тасмалар да бар. Алардын арасында эӊ эле аз көрүүчү келген, 3 күнгө гана кармалган «Жек Пот» тасмасы болгон.

«Кыргыз киносу» кинотеатрынын директору Толкун Дайырбекова аларда эки гана зал болгондуктан, кээде тасмаларды аргасыз сатыктан алып, ордуна жаӊы чыккан тасманы коюуга туура келгенин айтат. Ошентсе да кайра кайталанып коюлган тасмаларды кошуп алганда акыркы 5 жыл ичинде «Салам, Бишкек», «Салам, Нью-Йорк!», «Курманжан датка», «Бир тууганчик», «Сүйөм дечи», «Напарниктер», «Түндүктүк келин», «До+Фа» тасмалары эӊ көп көрсөтүлүп келген.

«Бишкек-Ош жолунда», «Кыздардын өчү», «Орхидея», «Күйөө балам – водовоз», «Жапайы селки», «20дагы чал-кемпир», «1+1=3», «Баарын кайрадан баштайлы», «Туугандар», «Оштуктун 11 досу», «Айылдан айга», «Ээнсиреген үй», «Аялдык бакыт», «Ботан жана Купидон», «Гонщик таксист», «Асел», «Шайлоо-жайлоо», «Баары бир звезда болом», «Мурас сыры, «Талисман», «Сүйүү жазы»... санай берсек өтө эле көп. Буга чейин чыгып жүргөн афишалардын архивине ылайык, аталган тасмалар Бишкектеги кинотеатрлардан 2-3 айга чейин көрсөтүлүп, сатыктан алынган.

Ал эми Оштогу «Ак-Буура», «Семетей» кинотеатрларынын администратору Ренат Нарматовдун берген маалыматына таянсак, Бишкектегидей эле көрсөткүчтөр ал жакта да бар.
Ош боюнча көрүүчү чогултуу жагынан рекорд койгон «Курманжан датка» тасмасы болгон. Ага элдин агымы көп болуп, 4 ай бою көрсөтүлгөн. Кийинки кезекте 3 ай «Бир тууганчик», «Напарниктер» тасмасы берилген. Ошондой эле «Рэкетир», «До+Фа», «Салам, Бишкек», «Миллиондук мелдеш», «Атымды башка коёмун», «Султан Сулайман» тасмалары 2-2,5 ай көрсөтүлгөн.
Ал эми киши келбей, көрүүчүлөрдү чогулта албаган тасмаларга «Сынган тагдыр», «Бейиш куштары», «Супер айым», «Бархатный сезон», «Жек Пот» сыяктуу бир катар тасмалар кирип, 10 күнгө араӊ көрүүчү чогулта алышкан.
Акыркы 10 жылдыкта киноиндустриябыз кайра жанданып, бир кезде иштебей, чатырынан суу тамчылап турган кинотеатрларыбыз ишке кирип, эл киного кайра барып баштаганы кубандырат. Бирок элдин маанайын көтөрөбүз деп жеӊил-желпи тасмаларды тартып, кыргыз кинолорунун баркын, сапатын кетирип албасак эле. Биз тизмектеген тасмалардын сатыкта канча кармалганы кинолордун сапатын көрсөтүп турат эмеспи. Андыктан сандан сапатка өтчү маал деле келди окшойт...

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(54)
22.02.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Джек Пот мага жаккан
22.02.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн мыкты кинолор: Боз салкын, Сундук предков, Айыл окмоту,
22.02.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Айгерим Расул кызы кино тартып жургондон кийин башка "профессионалдарды" соз кылбай эле койсо болот))ар ким колунан келген ишти кылса дейсин...
23.02.2016. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Серенада деген кино бар эле дисктерге да ин-тке да чыгарбады
23.02.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Доктор Айболот деген кинону тарткандан коро акчасын пайдалуу нерсеге жумшашса болмок. как будто сценарий находу жазгандай. Озум жакынкы 5 жылдыкта кыргыз киносун корбойм деп чечтим аман болгула!!!
23.02.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ээнсиреген уй деле жакшы кино! эч киминер жазбапсынарго.
28.02.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurik2103, чындык ачуу болорун баарыбыз Жакшы бидебиз. Бул тасма чыкканда жалпы журт Кыргызга ттуура келбейт деп чыктык эле. Бул тасма дуйнонун проблемасын чагылдырган тасма деп эсептейм
23.02.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
гоншик таксист оло жагат
23.02.2016. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Браво,Пентхаус сонун го,мага жаккан.
23.02.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
гулнур асанова русул кызы тартылган кинону коргун келбейт бесит просто
23.02.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
" Сундук предков" да жакшы кинолордун катарында.
23.02.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айыл окмоту,Боз салкын,президент ж бомж,султан Сулайман,салам нью Йорк ,сундук предков.курманжан датка норм кинолор
23.02.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак орго сити тарткан кинолор жагат мага
23.02.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Минусту басам деп плюсту басып алып жатам да,кинолордун копчулугу сапатсыз.
23.02.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр сахнага келгенине 1жыл болбой жатып. Киносуна актер,ырчы,тамада болуп,коп тармактуу адис болуп чыга келишет.
gulkar түзөттү 2016-02-23 22:14:52
24.02.2016. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Курманжан Датка кинотеатрда коюлуп атканда 4 жолу кирдим. Кайра кайра коргум келип. Воскресенье сайын киного баргандан тажабайм.
24.02.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироосун да акырына чейин коргон эмесмин. Союз маалында тартылган кинолор жагат.
24.02.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйного чыга турган кино тартпайсынарбы
24.02.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Союз тарагандан бери бир да жакшы кино тартыла элек мааниси жагынан да коркомдугу жагынан да актерлерду тандоо жагынан да.Эрте турганы эле кино тарта берип кинонун да баркын кетирип бутушту.Бул менин жеке оюм
25.02.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жыйырмадагы чал кемпирди коруп крышам кетти. Ошондой да кино тартса боло берет экенда деп калдым.же мен маанисине тушунбодумбу?
25.02.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асман алдында деген кино чыккан эле Ким коргон кандай кино. Коргум келет деген кино бар ошол мага жаккан. Соолуган гулдор деле жакшыго.
25.02.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курманжан датка жагат
25.02.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирназаров тарткан "Белгисиз маршрут" жаккан мага. Калганын коргон деле эмесмин.
25.02.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чындыгында эле курманжан датка өтө кызыктуу,манилуу,тарыхый окуяны толугу менен камтыган кино. кинону кыргыздар тартып эки созунун бирин эле орусча суйлоп аткаргандарды корсом жиним келет. озубуз кыргыз тилин ушинтип тебелеп жатсак,башка улуттагылар балээсине кыргызчаны уйронмок беле
27.02.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mikana,Кечиресиз Курманжан Датка оз доорунда дуйнону дунгуроткон ДАТКА айым болгон. Ал эми тасманы ала турган болсок устуртон эле илип илип кеткен. Андан коро док.фильм абдан маныздуу болгон...
25.02.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул деген кино жаатында онугуу деп коет
25.02.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылда 50 кино тартылса 10 жылдан киййн 500 кино тартылат

25.02.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан барып онолуп кетет
27.02.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
vrach, сага кошулам, ушинтип тартып отурушуп,атаандаштыктан сапат келип чыгат, анан онолот киноиндустрия, "Москва деле бир кундо курулган эмес"!
26.02.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Семетейден Доктор Айболот кино комедия десе барып алыпмын акчамын кеткенине кайгырбадым бош кеткен убактыма кайгырдым.Мед факты шылдындаганыбы билбедим иши кылып тартканга кеткен кайран каражат,актерлордун кеткен алтындай убактысы,комедия десе ишенип барган биздин кайран убактыбыз деп чыктым.
26.02.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы көргөн Сююрприз жакты. Салам New York да жагат.

Эрнест Абдыжапаров менен Руслан Акун тарткан тасмалар сапаттуу.
26.02.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айрыкча Назира Бердигулованын кинолору мааниси жок.(безпонтовый дешёвка)
27.02.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын сынчылар коп, бир кино тартып коргулочу, анан суйлогонунорду коробуз... Аракеттери бар жаш балдар кыздарга ийгилик каалап коелу!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо