ТОЛМОЧ АЙЫМДАРГА КИЙИМ ТАНДАЙБЫЗ

№695 26-февраль-3-март, 2016-ж

Кезектеги кеӊешибизди толмоч кыз-келиндерге арнайбыз. Дене түзүлүшүнө ылайык аларга кандай кийим кийсе жарашарын айтып, денедеги кемчиликтерди жаап-жашыруунун жолдорун үйрөтөбүз.

АЛГАЧ ДЕНЕ ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ТИПТЕРИН КАРАП АЛАЛЫ.

ДЕНЕ ТҮЗҮЛҮШҮ АЛМАГА ОКШОШТОР
Болот: Дененин ылдыйкы бөлүгүнө басым жасап, тизеден ылдый келген юбка, көйнөктөрдү кийүү сунушталат. Ошондой эле ашыкча элементтери жок кофта, кардигандар менен кемчиликтерин жашырууга болот.

Болбойт: Мындай дене түзүлүшкө ээ айымдар төшүнө басым жасабоолору керек. Аларга төш тарабы шуру, гүлдөр менен кооздолгон көйнөк, кофталарды кийүү сунушталбайт. Лосины, бели кыска шым да сиздер үчүн эмес, булар бутуӊузду ого бетер ичке, үстүнкү бөлүктү ого бетер чоӊ кылып көрсөтөт.

ДЕНЕ ТҮЗҮЛҮШҮ АЛМУРУТКА ОКШОШТОР
Болот: Карандаш юбка (бели узун, жабышкан, этеги тар), бели узун шым кийиӊиз. Мындай фасондогу юбка, шымдар жамбашыӊыздын кемчилигин жабат.

Болбойт: Денеге өтө жабышкан күӊүрт түстөгү кофтанын өзүн кийүү сунушталбайт. Себеби денеӊиздин үстүнкү бөлүгү ичке болуп, жамбашыӊызды ого бетер чоӊ көрсөтөт. Анын үстүнөн пиджак же чыптама кийип алыӊыз. Ошондой эле сизге бели кыска шым, юбка да жарашпайт.

ДЕНЕ ТҮЗҮЛҮШҮ КУМ СААТЫНА ОКШОШТОР
Мындай формадагы дене түзүлүштүн ээлери көӊүлүнө жаккан кийимдерди кие беришсе болот. Бирок кийимдин кездемесине, тигилишине жана түсүнө көӊүл буруулары керек.

Жалпы кеӊеш:

  • Эгер кийимиӊизде түрдүү сүрөттөр же жазуулар болсо, алар чоӊ болбошу керек.
  • Туурасынан кеткен сызыгы бар көйнөк, шым, кофталардан качыӊыз, алар сиздин дене түзүлүшүӊүздү ого бетер чоӊойтуп көрсөтөт.
  • Ачык түстөгү кенен, узундугу тизеден өйдө көйнөктөр алма тибиндеги дене түзүлүшкө ээ айымдарга сунушталбайт.
  • Ар бир толук айым гардеробун бир түстөгү рубашка, классикалык кара көйнөк, классикалык бели узун шым, карандаш юбка жана узун чыптама менен толукташы зарыл.

Түстөр
Толук айымдардын кийинүүдөгү көпчүлүк аракети ашыкча салмакты жашырууга багытталат. Бул маселеде кийимдин түсү дагы чоӊ ролду ойноорун унутпаӊыз. Стилисттер сиздерге бир түстөгү кездемеден тигилген кийимдерди сунушташат. Алар күӊүрт түстө болсо андан жакшы. Баарыбызга белгилүү болгондой, кара же карага жакын болгон өӊ арык көрсөтөт. Бирок образыӊызды ачык түстөгү шарф, сумка, сөйкө, туфли менен толуктоого эч ким тыюу салган эмес.

Кездемелер
Кийген кийимиӊиздин кездемеси тыгыз болушу зарыл. Себеби мындай кездемелер дененин кемчиликтерин жаап турат. Пахтадан согулабы, булгаарыбы, жынсыбы, трикотаж кездемеби, айтор, тыгыздыгына көӊүл буруӊуз.

Бут кийим
Түсү ачык күрөӊ (телесный) балетка кийиӊиз. Мындай бут кийим бутту узун көрсөтөт. Милдеттүү түрдө бийик такалуу бут кийим кийишиӊиз керек. Бут кийимдин такасынын бийиктиги жок дегенде 5-6 сантиметр болсо жакшы. Кончу узун өтүктөр, ботфорт толук айымдардын алмаштыргыс бут кийими.

Толук айымдар үчүн универсалдуу кийим
Толук кыз-келиндер үчүн эӊ мыкты чечим – бул баска (кофта, көйнөктөрдүн белиндеги элемент). Басканын чоӊ жамбашты кичирейтип, жоон белди ичкертип көрсөтчү универсалдуу сапаты бар.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
29.02.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм.... жакшы кенеш
29.02.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
арыктарга да ушундай кенеш берип коюнуздарчы
01.03.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cholponka91,мен да сага кошулам арыктарга да кенеш берип коюнуздарчы
01.03.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
торооттон кийин курсагым кичине чыгып калды (( мурунку калыбыма кантип келсем болот? кенеш бериниздерчи...
05.03.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арык адамдарга да кенеш берип коюнуздарчы сураныыыыыч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо