ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ВИЗАЛЫК РЕЖИМ КИРГИЗИШИ МҮМКҮНБҮ?

№696 4-март-10-март, 2016-ж

Орусиялык "Россия-24" жана "Россия" телеканалдары Кыргызстанды "Ислам мамлекети" уюмунун мүчөлөрүн даярдоочу жай" деп атап, эфирден кыргыздардын террордук уюмга азгырылып жатышы тууралуу сюжет көрсөтүштү. Анда кыргыз мамлекети Орусияга аталган уюмдун өкүлдөрүнүн киришине жол ачуучу негизги каналга айланганы айтылат. "Кыргызстандын жүздөгөн жарандары учурда Сирияда согушуп жатышат, кийин алар эмгек мигранты катары тоскоолдуксуз, визасыз Орусияга кириши мүмкүн. Жакында эле Санкт-Петербургда бир нече жардыруу уюштурууну пландап кармалгандар Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Бул факт жогорудагыдай коркунуч бар экенинин далили",- дейт "Россия" телеканалынын диктору. Сюжетте "Ислам мамлекети" тобуна адамдарды тартууга шектелип кармалган Улукбек Убайдуллаев аттуу жарандын маеги, азгыруучулардын тузагына илинген жарандар тууралуу маалымат берилди. Буга катар эле 2015-жылдын июль айындагы террорчу деп аталган адамдар менен атышуу тартылган УКМКнын оперативдүү тасмасы да көрсөтүлдү. Телеканалдын баяндамачысы кыргыздар жакырчылык жана диний сабатсыздыктан улам Сирияга азгырылып жатканын айтат. "Кыргызстандыктар Сириядагы жарандары эртеби-кечпи мекенине кайтып келишинен чочулашат. Бул алар мигрант катары кыйынчылыксыз коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга да кириши мүмкүн дегенди билдирет",- дейт баяндамачы.
Орусиялык "Россия-24" телеканалынын бул сюжетинен кийин өлкөбүздөгү социалдык тармактарда бир катар сындар айтылды. Аз өтпөй Кыргыз Республикасы тууралуу сюжеттин аталышы өзгөрдү. Башында "Кыргызстан ИГИЛ үчүн кадр даярдоочу жайга айланды" деген аталышта берилген иликтөө 1 күндөн кийин "ИГИЛдин террорчуларын кантип азгырышат: Атайын репортаж" деп өзгөртүлдү.
Орусиялык мамлекеттик телеканалдын “кыргыз мигранттар визасыз кирип коркунуч жаратышат” деген билдирүүсү кадимки катардагы жарыя эмес. Коопсуздук чараларын күчөтүү максатында деген шылтоо менен Орусия Кыргызстан үчүн визалык режим киргизип койбойбу деп чочулагандар көбөйүүдө.
 
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
07.03.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баары эле озбектер болуш керек Кыргызстандын паспортун алгандар,паспорт столдогуларды катуу козомолго албаса болбойт
11.03.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jumali900710,өзбектердин баары эле кыргыздарга зыян келтире койсом экен деп журбойт. Туулуп, өскөн жеримде эркин жашоого укугум бар. Баарын бир калыпта көрө берген болбойт
07.03.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен кобун кордум кыргызстандын паспорту менен жургон озбек улутундагыларды,негизи акча десе баарын сатканы даяр турган адамдардан пайдаланып атышат алар,паспорт столдогулар онуп калышты корунот томоженный союзга киргенден бери левый акчалардан.
09.03.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
unknown666,Кыргызстандагы өзбектер да алар, Кыргызстан жарандары эсептелет да, тилекке каршы.
11.03.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
unknown666,киндик каным тамған жердин паспортун көтөрсөм күнөөбү?
07.03.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Киргизе берсин. Россия өзүнүн кызыкчылыгын коргойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо