КОСМЕТОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

№696 4-март-10-март, 2016-ж

 Окурмандардан келген суроолорго Ден соолук борборунун дерматолог-косметологу АЙНУРА УЕЗБАЕВА жооп берет.

"БЕЗЕТКИНИН ОРДУНДА КАЛГАН ТЫРЫК, ТАКТЫ КЕТИРЕ АЛАМБЫ?"
– Менин да, курбумдун да бетинде жара, безеткилерди сыга бергенден калган тырык, чуңкурча, тактар көп. Алардан арылуунун кандай жолдору бар?

Асел, 28 жашта, Бишкек

-Косметология салондорунда атайын пилингдер менен кетиришет.
  • Химиялык пилинг. Беттин терисине, тырык, тактын канчалык көп же аз экендигине карап атайын каражат (кислота) тандалып, бетке сыйпалат. Натыйжада теринин күйгөн сырткы катмары 2-3 күндөн соң карттанып сыйрылып түшүп, ордуна жаңы тери пайда болот. Эгер бетте чуңкурлар, тырыктар терең болсо, 2 апта катары менен жасоо керек. 10 күндө бет жакшырып, тырыктар билинбей калат.
  • Лазердик пилинг. Лазер менен бет терини тереңирээк күйгүзгөн соң бет капкара болуп күйүп, анан 2-3 күндө сырткы катмары сыйрылып түшө баштайт. Жаңы тери пайда болот. Муну 1-2 ирет кайталоо жетиштүү. Натыйжасы абдан жакшы.

Үй шартында
"Бадяга форте" деген гель бар. Аны сатып алган соң ага аллергия болобу же жокпу алгач байкап көрүү керек. Ал үчүн билекке же кулактын артына бир аз сүйкөңүз. Аллергия жок болсо кечке маал бетке сыйпап, 20 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп саласыз. Бетти кургатып, шуудуратуу менен эски клеткалардан тазалап, жаңы теринин пайда болушун шарттайт. 2 апта бою күнүгө койсоңуз бетиңиз жакшырат.

"КӨЗҮМДҮН ШИШИГЕНИН КАНТИП КЕТИРЕМ?"
– Эртең менен турганда көп учурда көзүмдүн алды шишип калат. Андан батыраак арылуунун жолу барбы?

Элиза, 32 жашта, Бишкек

 

-Көздүн алдынын шишигени – бул суюктуктун ашыкча жыйналып калышы. Себептери ширени көп ичкенден, аллергиядан, көздүн сезгенүүсүнөн же бөйрөк ооругандан болот. Андыктан көз көп шишисе врачка көрүнүү кажет.

  • Маска-патч. Косметикалык каражаттарды сатуучу дүкөндөрдө көздүн шишигин кетирүүчү атайын гель маска-патчтар бар. Аны көздүн алдына жаап, 15 мүнөт өткөн соң алып салуу керек. Анан көздүн тегерегине арналган кремди сыйпоо кажет.
  • “Дары муз” менен сүртүү. Кечинде ромашка, көк чай же чай чөптү (зверобой) сууга кайнатып, аны муздаткычтын калыптарына салып тоңдуруп коюу кажет. Эртең менен аны көзүңүзгө сүртүңүз.

 

"BB, CC ДЕГЕН КРЕМДЕР ЭМНЕ МАКСАТТА КОЛДОНУЛАТ?"
Кийинки кезде шаардан BB, CC деген кремдерди көрүп калам. Бирок алар эмне болгон кремдер жана кандай максатта колдонуларын билбейм. Маалымат бере аласыздарбы?

Назгүл, 35 жашта, Бишкек

 
-Булар кийинки кезде чыгарылып баштаган тоналдык кремдер. Баарынын курамында күндөн коргоочу фактор (SPF) бар.
CC бул англисче "Colour Correction" – "өңдү коррекциялоо" деген сөздүн баш тамгалары. Мындай кремдер беттин өңүн жакшыртат, саргайып, бозоруп турганын билиндирбейт. Курамында антиоксиданттар да бар. Муну сыйпагандан соң пудра колдонбой койсо болот.
BB бул англисче "Blemish Balm" – "бьюти бальзам же маскировкалай турган бальзам" деген сөздүн баш тамгалары. Крем өңдү тегиздеп, андагы кемчиликтерди (так, кызаруу, тырык) жабат. Терини нымдаштырып, сергитип, шамал, чаң дегендей терс таасирлерден коргойт. Курамында безеткилерге каршы заттар да бар.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
07.03.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен пайдалуу
Админ: Адистерге кантип суроо узатсак болот?
07.03.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gulkar, саламатсызбы? Сурооңузду kenesh@super.kg дарегине жөнөтүңүз. Жооп алып бергенге аракет кылабыз.
07.03.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн пайдалуу кенештер экен сонун . Силерге рахмат дагы ушундай кенештерди чыгарып тура бергиле
07.03.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда айтып откон косметогияглык процедуралар,кызмат акы канча болоткен?админ ушул косметолог мн кантип байланышсак болот?
07.03.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айым менен кантип байланышса болот?"Бадяга фортени" 1 айдан ашуун колдондум эч кандай жыйынтык жок.
08.03.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менинда бетиме безетки коп чыгат жана тактары калган, москвадагы алдынкы косметологдон кенеш алып, 3500р маска алып жасадым эле, тамчы жардам берген жок, эми ушул лазердик пилингден жардам сурап коруш керек экен,
08.03.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорудагы кенештерди сепкилге каршы колдонсо да болобу?
10.03.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер, азыркы жасалып жаткан татуаждар, кайсы туру, зыяны, пайдасы жана у.с жонундо жазгылачы
10.03.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karalina, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат. Татуаж тууралуу бул жерден окусаңыз болот: http://www.super.kg/article/show/7007
11.03.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат!
07.04.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын еле пилинг бойунча кызмат акылары кандай кайдан билсек болот?админ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо