-
ҮЛПӨТ ТОЙДО унаадан белине чейин чыгып алгандарга жана мыйзамсыз автожарышты уюштургандарга 3-5 миң сомдук айып салынат. Ошондой эле «автошылуундук" беренеси боюнча иш козголот. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
-
«Жыл сайын өлкөдө 165 миңдин тегерегинде ЫМЫРКАЙ төрөлөт, анын ичинен 30 миңи никесиз жарыкка келгендер. 12 миңге чукул жаш балдарды жалгыз бой энелер төрөшөт»,- дейт Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Гүлжамал Алиева.
-
Бишкекте БАК-ДАРАКТАРДЫН 70 пайызы авариялык коркунучту жаратат. 2014-жылы дарактардын тең жарымы гана сугарылып турган. Бул тууралуу «Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын башчысы Анвар Атантаев айтты.
-
Түркиянын Стамбул шаарында башкы консул болуп иштеп келген РЕНАТ ТУЛЕБЕРДИЕВ президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
-
Коргоо иштери боюнча мамкомитет Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан тышкары бардык ЖОЖдордогу АСКЕРДИК КАФЕДРАЛАРДЫ жоюуну сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынды. 2011-жылы бир катар аскердик кафедралар кыскартылган, бирок кафедраларда кызмат өтөгөн жигиттердин саны азайган эмес.
-
МАЙРАМДАРГА КАРАТА 7-март жана 6-май эс алуу болуп, ал эми 5-март жана 2-май иш күндөрү болот. Бул график 5 күндүк тартипте иштегендерге тиешелүү.
-
«Кыргызстан Казакстандан 169 доллар турган жогору экспорттук салыктан улам күйүүчү май сатып ала албайт»,- деди Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов.
-
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин айтымында, быйыл жай мезгили кургакчыл болот.
-
Өлкөдөгү мектептерге 870тен ашуун мугалим жетишпейт. Башталгыч класстардын эже-агайлары, орус тили, физика, математика жана информатика сабактарын берүүчү мугалимдер тартыш. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева айтты.
-
Куралдуу күчтөр башкы штабынын маалыматы боюнча, азыркы тапта ата-энеси түрдүү мамлекеттик кызматта иштеген 100дөй ЖООКЕР аскер кызматын өтөп жатат. Алардын арасында президент Алмазбек Атамбаевдин, экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жана экс-депутат Камчыбек Ташиевдин уулу бар.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg