УКМКда ЧЫККАН ӨРТ ТҮРДҮҮ СУРОО ЖАРАТТЫ

№697 11-март-17-март, 2016-ж

5-март күнү УКМКнын Бишкектеги имаратында өрт чыкты. Адегенде аталган имаратта жарылуу болгонун да кабарлап жибергендер болду. Бирок чекисттер дароо эле өрт электр зымдарынын чыңалуусунан чыкканын айтууга жетишишти. Маалыматка ылайык, 15 чарчы метр кызматтык жай жана коридордун 20 чарчы метри өрттөн жабыркаган. Буга катар 6 кызматкер түтүнгө ууланып ооруканага жаткырылды.
Коомчулукта чекисттердин башкы имаратындагы өрт жөн жерден чыкпагандыгын, ички кызматтык чагым болушу мүмкүн экендигин айткандар четтен чыгууда. Ошону менен катар "өрт маанилүү документтерди жок кылууга багытталган" дегендер да жок эмес. УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, эч кандай маанилүү документтер өрттөн жабыркаган эмес.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо